www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Он миңден ашуун кыргызстандык Азиз Мурадиллаевге донор болууга даяр, бирок Түркиянын мыйзамдары буга жол бербейт. Бул тууралуу теле алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды. Буга чейин маалымат жыйынында ал апасы менен таежесинин канынын тобу туура келбегендиктен, актерго донор издеп жатканын билдирген.

«Азиз Мурадиллаевдин үй-бүлөсү боорукердик жана тилектештик үчүн баарына ыраазычылык билдирет.Эки күн бою алар гана эмес, таланттуу актерду сактап калуу үчүн донор болууну каалаган он миңден ашуун кыргызстандыктар мага жеке кат жазышты.

Бирок операция Түркияда жасала тургандыктан, ал жактын мыйзамы боюнча бейтаптын тууганы гана донор болушу керек. Буга байланыштуу эртең эртең менен актердун төрт тууганы текшерүүдөн өтөт», - деди Молодокматова.

Анын айтымында, буга чейин суюктукту чыгаруу жол-жобосу жүргүзүлгөн. "Азиз акырындык менен ботко жеп жатат, баарыңарга рахмат. Анын абалы туруктуу оор. Кыргыз Республикасынын дарыгерлерине көрсөткөн аракети жана бардык керектүү чаралары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Окуялардан кабардар кылып турам", - деп кошумчалады телеалпаруучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости