www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда атадан артык, атага тең жана атадан кем уул болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз куудул Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза Анарбаева атадан артык дегенге татыктуу үч уулунун урмат-сыйына бөлөнүп турган кези. Жанар, Манас, Гүлжигит аттуу уулдары апасына жакында эле акыркы үлгүдөгү унаа тартуу кылышты.

- Дөөтүңүз кут болсун!

- Рахмат! Былтыр балдарым элүү жылдык мааракемди өткөрүп беришти. Быйыл болсо четин чыгарып “сизге белек камдап жатабыз” дешкен. Ичимден унаа алып беришет го деп болжодум. Себеби буга чейин Манастын унаасын айдап жүрчүмүн. Айткандай эле бир күнү “унаа базарга барып келели” деп калышты. Өздөрү алып барып 2012-жылы чыккан Honda CR-V унаасын алып беришти. Көрсөтүшкөндө “арзаныраагын эле алалы” деп кыйылдым. Үчөө үч жактан чыгып болбой алып берип коюшту. Мен да башка энелер сыяктуу качан болбосун “мени коюп өзүңдүн керегиңе жумша, мага кереги деле жок” деп турам. Татыктуусуз деп болушпайт.

- Унаа айдоо боюнча тажрыйбаңыз көп элеби?

- Мындан он беш жыл мурда айдоочулук курстарга барып окугам. Ошондо шаарда жумуштарым чыгып калып эшиктин алдында токтоп турган жолдошумдун унаасын айдап чыктым. Орто жолдон бир орустун унаасын сүзүп жеңил кырсыкка кабылдым. Жаныбектен тил угуп, тиги кишинин унаасын оңдоп берип, ошондон кийин көпкө чейин коркуп рулга отурбай жүрдүм. Кийин аз-аздан кайра айдап калгам.

- Балдарыңыздын сизге күйүмдүү болуп жетилгени кимдин эмгеги деп ойлойсуз?

- Көп нерсе баланын тарбиясынан болот экен. Биздин балдарды көбүнчө Жаныбек тарбиялады. Бир да жолу колу аларга тийген жок. Мен чаап, урушуп калсам “баланы антип тарбиялабайт” деп ачууланчу эле. Өзү жини келгенде “силерди аскерге берем, тарбиянын калганын ошол жактан көрүп келесиңер” дечү. Жаныбек балдарына кеңешчи, дос болчу. Манас сахнага чыгам дегенде аны менен кадимкидей иштеди. Ар бир сөзүн “туура айтып жатасың” деп кубаттап же “элдин алдына чыгып алып ушинтип да сүйлөйсүңбү?” деп кесе сындап, өзү таптап эл алдына чыгарды. Гүлжигиттин болсо футболдон жетишкен кенедей ийгилигин тоодой кылып мактап көтөрмөлөп турчу.

Мелдештерден медаль тагынып келсе, аны ошол замат элге чалып сүйүнчүлөп, кошуналарга көрсөтүп мактанчу. “Бирөөнүн баласы бирөөгө кызыкпы, көп эле мактай бербечи” десем моюн сунчу эмес. Баланын жакшы чыгышы үйдүн улуусунан да көз каранды экен. Жанар эки инисин өзүнө түздөп тарбиялап алды.

- Гүлжигиттин футболго болгон кызыгуусун ким ойготкон?

- Уулум Жанар футбол ойночу эле. Ага кошулуп ойноп кызыгуусу жаралды. Бирок 2-классынан баштап бийге, жеңил атлетикага барып жүрдү. Ал жактан жакшы ийгиликтерди жаратып жатты. Бир жолу өзү гезиттен айрылган кичинекей жарнама таап келиптир. Балдарды футболго кабыл алып жаткан экен. Аябай баргысы келип жатты. Көңүлүн карап атасы экөөбүз кеңешип жаздырып койгонбуз. Азыр ойлосом баланын ою менен эсептешпей “бийлейсиң дедим, бийлейсиң” деп өзүмдүн оюмду таңуулап койгондо тагдыры башкача болуп калмак экен деп калам. Андыктан бала жашоодо өз багытын тапмайын түрдүү ийримдерге алып бара бергиле деп жаш энелерге кеңеш берем. Анан өзүнүн тандоосу аныкталганда баланын ички каалоосун уга билип колдоо керек.

- Уулуңуз Казакстандын “Кайрат” клубу менен келишим түздү. Бул чечими сизди кубандырдыбы?

- Ооба, мен баламдын өсүшүн каалайм. Азыр Алматы шаарында жашап атат. Күндө болбосо да бат-баттан сүйлөшүп турабыз. Анын машыгууларына тоскоол болбоюн деп чала бербейм. Өзү бошогондо байланышка чыгат. Жаныбек каза болордун алдында Анталиядагы спорт академиясына окутабыз деп сүйлөшкөнбүз. Атасы ага чейин эле каза болуп калды. Гүлжигит үчүн эң оор убакыт ошол болду. Мага көрсөтпөй ыйлайт. Атасынын жоктугун аз да болсо сездирбегенге аракет кылып академияда жүргөндө бир жыл жанында өзүм коштоп жүрдүм. Бала үчүн ата-эненин колдоосу маанилүү. Кыргызстан Мьянма менен ойноп уулум гол киргизгенин элден угуп сүйүндүм. Андан кийин уулум “ийгиликтеримдин баарын атамдын жаркын элесине арнайм” дегенде ыйладым. Жаныбек өзгөчө сыймыктанчу да. Ушул күндөрдү көрбөй кеткенине күйөм.

- Үч уулдан кийин кыздуу болсом болмок деп өкүнөсүзбү?

- Көп кишиден кыз жакшы деп угам. Бирок бир да жолу кызым жок экенине өкүнгөн эмесмин. Балдарым жакшы чыккандан болсо керек. Кичине кезинде деле балдарымды аял кишинин жумушуна салган жокмун. Ал кезде кир жууган машина жок эле. (Күлүп) Темир таштекке үчөөнүн кийимин чылап, тебелеп жууган күндөрүмдү эстесем күлкүм келет. Эркек бала да өзгөчө тентек, кийимди бат кирдетип жыртат эмеспи.

- Балдарыңыздын капа кылып, санаага салган учурлары болду беле?

- Эс тарткан кезде андай учур болгон жок. Бирок Жанар 7, Манас 5 жашында эсимден кеткис окуя болду. Күз айы болчу, ал кезде биз “Ош базарга” жакын жерде жашачубуз. Ошол күнү үйгө Жаныбектин достору – Рахман менен Жамбыл келип калды. Аларга тамак берип алаксып калдым. Жанар менен Манас сыртта ойноп жүргөн. Карайын деп чыксам Жанар жүрөт, Манас жок. Сурасам билбейт. Үйлөрдү айланып кыйкырып издеп жүрөм, аңгыча менин үнүмдөн үйдөгүлөр сыртка чыкты. Мени үйгө калтырып тегерек-четти үчөөлөп издеп кетишти. Бир топтон кийин таппай койдук деп келишти. Кой дегенге болбой ыйлап жатам. Жүрөгүм жарылып кетейин деди окшойт. Аңгыча караңгы кирди. Милицияга кабарладык. Түнү бою кирпик какпай Кудайдан балам табылып калышын тилеп жаттым. Эртеси түштө “балаңар табылды” деп милициядан чалышты. Көрсө, Манас “Ош базарды” көздөй басып кетиптир. Күн кечтеп бараткан маал эле, астынан бир жигит чыгып кайда жашаарын сураптыр. Беш жаштагы бала эмнени түшүндүрө алмак эле? Акырында үйүнө алып барып курсагын тойгузуп, уктатып койгон экен. Эртеси ойгонору менен милицияга алып келиптир. Ал балага жолугуп рахматыбызды айтып бүтө албай жаттык. Азыр Манасты көргөн сайын “ушул баланы мен таап алгам” деп өзү деле айтса керек. Ушундан улам кичинекей балдардын жоголгонун уксам жүрөгүм сайгылаша түшөт. Ошол кезде адамдардын пейли жакшы экен. Ал жигит болбогондо балам эмне болмок, билбейм. Бул окуя мага көпкө чейин таасир этти. Балдардын жанынан карыш чыкпай калдым. Негизи эле Манас азап менен чоңойгон. Бат-баттан ооруй берет эле. Бир жакка конокко барсаң эртеси ооруп калып барганыңдын артыгы чыгып кетчү. Кийин эс тартканда эң жароокерим Манас болду.

- Келиндериңизди сындан өткөрүп өзүңүз тандадыңызбы?

- Атасы Жанарга үйлөн деп айтып жүрдү. Жылмайып тим болчу. Ага жетпей эле каза болуп калды. Атасынын ашынан кийин “үйлөнөйүн деп жатам” деди. Макул болуп кыз менен тааныштым. Жылдыздуу экен, бир көргөндө жакты. Кудалар менен таанышып той өткөрдүк. Манастын келинчегин болсо мурда эле таанычумун. Бизге жакын жерде жашачу. Беш неберелүү болдук. Гүлжигит көп сырын айта бербейт. Сүйлөшкөн кызы бар-жогун да билбейм. Бирок эне катары “азыр карьераң жаңы башталып жатат, турмуш курууга шашпай тур” деген кеңешимди бердим. Жаныбек келиндерин, неберелерин, уулдарынын ийгилигин көрбөй кеткени арман болуп кала берди.

- Быйыл агай 60 жашка чыкмак турбайбы?..

- Ооба, көзү тирүү болгондо 3-мартта 60 жашка чыгат болчу. Балдар менен кеңешип ушул күнү Улуттук Филармонияда эскерүү кечесин өткөргөнү турабыз. Буюрса, шакирттери, куудул достору, сахналаштары келебиз дешти.

Анара Дүйшөналиева

Булак: "Леди.kg"

Последние новости