www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Токтайым эже, сиз Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев жана Майрам Акаевага уулу Айдардын сөөгүн жерге бергенден кийин жанына барып, аза кайгысын бөлүшүп келиптирсиз. Өлүмдүн негизги себеби кайсыл болгонуна кызыктыңызбы?

— Мен бул кабарды 6-февраль күнү маалымат каражаттарынан уктум. Ошол күнү кайгылуу окуя болуп калып, Таласка бараткандыктан жолдо болчум. Журналисттер чалып, сурап калышты. Өзүм эч ким менен байланыша алган жокмун. Бул кабарды Санатгүл эже тастыктаптыр. Бир күн мурун Чилтен Акаев агайдын баласы Кубандын каза болгонун уккан элек. Айдар Чилтен агайдын колунда өскөн. Аскар Акаевич менен Майрам Дүйшөновна аспирантурада окуп жүрүшкөндө Бермет, Айдар, Саадат аксакалдын колунда болчу. Чилтен агайдын да эки баласы бар эле. Бирөөсү революциядан кийин жаш эле бул дүйнөдөн кете берген. Саясий куугунтуктар роль ойносо керек. Экинчи уулу Кубан дагы 53 жашында өтүп кетти. Айдар Кубандын көз жумганын угуп аябай капа болуп, инисин жөнөтүп, үйүнө келип уктаган боюнча ойгонбоптур. Врачтарды чакырышканда, алар уктагандан кийин турбагандар жүрөктөн кетет дешиптир. Бирок, документтерде Айдардын жүрөгү ооручу деген жок экен. Мен дагы 8-февралда эле учуп кетейин десем билет жок. ОШ аркылуу гана учканга билет бар болуп чыкты. Ошондон улам 9-февраль күнү кечки каттамга билетти зорго таптым. Кыргызстандан жүздөн ашык адам барыптыр. Мен жетилигине жетип бардым. Барганымда мусулман дүйнөсүнүн бир топ аалымдары келип, куран окушуп жатыптыр. Диаспоранын жоон топ жигиттери келишти. Аларга Аскар Акаевич аябай ыраазычылыгын билдирип жатты. Кыргыз жигиттер 12 кабат боз үй тигип, кыргыздын каада-салтынын баарын жасашыптыр. Тун уулун жоготкон эненин акыбалын элестетиш кыйын да. Майрам эже бирде эстесе, бирде эстей албай күйүткө батып олтурган кези. Аскар Акаевич да мага сенселип басып калгандай туюлду. Ал кишинин аза кайгысын бөлүшкөнү Апаз Жумагулов, Болот Жанузаков баштаган аксакалдар, Кубанычбек Жумалиев баш болгон депутаттар барышты. Бара албай калган Медеткан Шеримкуловго окшогон аксакалдарыбыз өздөрүнүн каттарын жөнөтүп, көңүл айтуу сөздөрүн айтышыптыр. Ошол жердеги адамдар ушунча кыргыз келет деп ойлогон эмеспиз деп айтышты. Айдардын сөөгү Троекуров деген бейитке коюлуптур. Бейиттин жарымы мусулмандардыкы, жарымы христиндардыкы экен. Академик Нигматулиндердин жанына коюлуптур. Жаман жери биздин элчиликтен эч ким басып барбаптыр. Бул аябай жаман көрүнүш деп айтат элем. Кыргыздын жараны ушундай абалга туш келгенде, элчилик сөзсүз барып катышып, өз маалыматын мекенге бериши керек.

— Курманбек Бакиевдин Акаевдердин үй-бүлөсүнө көңүл айтканы баарына эле маалым болду. Бирок, ал киши Аскар Акаев менен телефондо сүйлөштү деген маалыматты биле бербейбиз да. Сиз бул тууралуу уктуңузбу?

— Нурсултан Назарбаевдин жасаган мамилесине баа бериш керек. Балдар жашабай калса дагы, кудалык кааданы унутпай, бир эмес эки жолу Аскар Акаевичтин өзүнө телефон чалып, абалын сурап, кандай жардам керек дептир. Казакстандын ТИМи кат жөнөтсө, элчилигинен адамдар барышыптыр. Белоруссиянын, Украинанын мурунку президенттери, дүйнөгө белгилүү эл аралык уюмдар көңүл айтышыптыр. Дүйнө эли назар салып турганда, биздин элчиликтен барбай койгону туура эмес көрүнүш. Курманбек Салиевич өзү телефон чалып сүйлөштү деген маалымат айтылды. Муну телефонду алып жаткан адамдар айтышты. Аны Аскар Акаевичтен тастыктап сурай алган жокмун. Бул Аскар Акаевичтин аброю. Айдар дагы бул жактан барган карапайым балдарга жардамын аябаптыр. 15 жылдын ичинде Аскар Акаевичтин же Айдардын үстүнөн бир да кылмыш иш козготушуп, анын аягына чыга алышкан жок. Айдардын үстүнөн күнөөлүү деген соттун чечими чыкпаган. Ошол үчүн элчилик күнөөлүү деп табылбаган адам болуп жаткан соң барыш керек эле. Аскар Акаевич Кыргызстанга келсе эч кандай тоскоолдук жок. Себеби, 2005-жылы Өмүрбек Текебаев кол койгон келишим бар. Ошондо “Мен бул келишимге кол коюп берип, өз эрким менен элдин коопсуздугу үчүн президенттиктен кетем. Бир шарт менен. Мен президенттикти таштап кеткенден кийин экс-президент деген макам сакталыш керек. Эгер, экс-президент деген макам сакталбаса, бул келишим күчүн жоготот” деп жазылат. Акаевдин экс-президент деген макамы сакталбаган соң, келишим күчүн жоготуп, юридикалык норма боюнча Акаев президент бойдон кала берет.

— Айдардын сөөгүн Кыргызстанга койсо болмок деген сөздөр көп айтылып жатпайбы. Акаевдердин үй-бүлөсү бул боюнча кандай пикирде болуптур?

— Айдар каза болгон учурда Аскар Акаевичтер Москвада эмес, Дубайда экен. Атасына кабарды угузбай, шашылыш чакыртып, кечинде келгенде угузушуптур. Ага чейин чечим кабыл алышты деп маалымат тарап кетти. Мен президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиевге телефон аркылуу чыгып, “Бир кезде чогуу жүрдүң элең. Жамандыктын иши жамандык. Сунуш айтсаң, сөөктү бул жакка алып келсин, өз жерине коюлсун. Эгер, бүгүн Айдардын сөөгү Москвада коюлса, жаман айтпай жакшы жок дейт, кокус Аскар Акаевичке дагы бир нерсе болсо, ал баласынын жанынан орун алып коёт. Бүгүнкү чечим эртеңки күндүн тагдырын чече турган болуп жатат. Айдар ошол жакта жерге берилсе, Аскар Акаев Москвада, Курманбек Бакиев тууган-уругу менен Минскиде жерге берилип, кайра Кыргызстанга келе албайт. Атамбаев түрмөдө олтурат. Анын тагдыры кандай болот?” — деген маселени көтөрдүм. Жообу – үй-бүлөсү чечиптир деген маалыматты берди. Ал кезде бул жактан учкан кудасы дагы жете элек болчу. Келин эч нерсени чече албайт. Бермет Швейцариядан келе элек. Кечке чейин маалыматты тактап, Аскар Акаевич менен байланыш, керек болсо байланыштарын берейин дегем. Аскар Акаевич уулунун сөөгүн мекенине алып келип койгонго эки көзү төрт болуп турган. 7-февраль күнү кечинде Троекуров бейити чечилди.

— Бул тууралуу Аскар Акаев менен сүйлөштүңүзбү?

— Менин берген интервьюларымды окушуптур, аябай ыраазы болгонун айтышты. “Элчи Жекшенкулов басып келген жок. Жекшенкуловду өзүбүз чоңойттук эле” дешти.

— Кимдин айткан сөзү болуп жатат?

— Агайдын да, эженин да оозунан чыкты. Алар ичинде күйүп турган күйүттү айтышты да. Элчиликтен же бул жактагы бийликтен жылуу мамиле болгондо эле бул маселе чечилип калмак. Аскар Акаевич “Эми кантип барам? Эртең элдин баары Аскар Акаевич баласынын өлүмүнө жамынып келип атат деп айтат” деди эле, диаспоранын жигиттери “Аскар Акаевич, эми тагдырды биз чечебиз. Ушул кезге чейин бийлик деп олтурдук. Эми биз барабыз. Айдардын кыркылыгы Кеминде өтсүн” деп чыгышты.

— Бүгүн эле “Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди” деген маалымат чыгып кетпедиби?

— Кыргыздын салты бар. Баласына аза күтүп аткан кайсыл эне баарын таштап учуп кетсин? Бул фейк маалымат.

— Айдардын канча баласы бар?

— Эки эркек, бир кызы бар. Улуу баласы Берметтин колунда, Швейцарияда студент экен. Экөөсү Москвада окушат. Кызы Берметке куюп койгондой окшош экен.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости