www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: 1600 жыл өмүр сүргөн Кыргыз империясы

Аскар Салымбеков, Эдил Байсалов сыяктуу азык, саяктар Тагайдын бакма балдары эмеспи, бирок тарыхтары байыркы, ал эми Каныбек Иманалиев, Кубанычбек Бөкөнтаев сыяктуу бугу, сарыбагыштар 1550 жылдан кийин жаралган жаңы уурулардан тараган. Кыргыз этномими биздин заманга чейинки он кылым мурун Кытайдын жазма тарыхында ташка тамга басылгандай жазылып калган. Андан кийин мындан 2300 жыл мурун да, ошол кезде кыргыз элчилери Бээжинге барышкан экен. Демек, чоң мамлекет болсо керек. Экинчи ирет Улуу Кыргыз державасы Алтай, Шиберде күчтүү мамлекет болгон. 1600 жылдай өмүр сүрүптүр. Биздин кылымга чейин 3 кылымдан 1293-жылга чейин. Бул мамлекет азыр Орхон-Энесай деп руникалык жазмага ээ болгон. Кыргыздардын өзүнүн байыркы жазуусу болгонунун далили бул бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. 480 жылдары Кыргыз мамлекетинин аскери 80 миңге жетип турган. 500 -1200 жылдары бул мамлекет гүлдөп турган, өзгөчө 600-800 жылдары аябай өнүккөн. 638-711 Кыргыз каганы Барсбек жашап, ал Кытайга элчи жөнөтүп турган. 820-990 жылдары Кыргыз каганаты Улуу кыргыз империясы деп аталган. 1207-жылы Кыргыздар менен биригинүү көздөп Чыңгызхан уулу Жоочуну жөнөткөн. Кыргыздар менен жакшы мамиле менен биригишкен,  андан соң Жоочу Европага чабуул жасап кетет, орус жана башка улуттарды каакым ордуна көрбөйт. Кулихан деген монгол каалаган күнү орустун айыл-кыштактарын «тигинен» тургузчу экен. Ошондуктан «Кулихан» келатат деп жашырынып калчу тура. Кийин «Кулихан» «Хулиган» болуп өзгөрүлүп кетиптир. Жоочу жетпей калган жерге уулу Батыйхан жетет. 1241-жылы Батыйхандын аскерлери Силезияда Лигница шаарынын алдында немец, поляк жана башка европалыктар түзгөн зор армиянын таш-талканын чыгарып, Европага кирип келген. 1259-жылы Чыңгызхандын империясынын  борбору Каракорумдан Бээжинге которулган. Хубилай хандын кытайлык жардамчыларынын үгүтү менен, ал империяны акырындык менен Кытай соруп кетет.

  Үчүнчү ирет Ормонхандын убагында кыргыз мамлекеттүүлүгү аз да болсо калыбына келип, Кытайдын, Кокон ханынын, Казак Кененсарынын жапырыктарынан өзүн сактап кала алган. Төртүнчү ирет, СССР түзүлгөн мезгилде автономиялуу облус, АССР болуп отуруп, 1936-жылы республика макамын алат. Ал эми 1991-жылы 31-августта эгемендүү мамлекет болот. Кеп калктын санында эмес, уйгур, күрд деген 50 миллионду чапчып жаткан калктар көз карандылыкты ала албай жүрүшөт. Ал эми Кыргызстан эгемендүү мамлекет, буга сүйүнүшүбүз керек. Аймак жагынан да, калктын саны жагынан да биз жоон орто мамлекетпиз, бизден аймагы кыпкымындай, калкы өтө аз мамлекеттер толуп жатат.

«Русь» деген этномим биздин замандын алтынчы кылымынан бери карай гана белгилүү. Бул уруу ошол кезде Днепр дарыясынын Рось деген куймасынын боюнда жашап, тутуму Чыгыш славяндарга кире турган. Казактардын башаты 1465-жылдан Чыңгызхандын тукуму Жаныбек, Керей хандардан башталат. Чокан Валиханов жазган Барактын уулу  Жаныбек Жоочу хандын (Жучи) тукумунан чыккан казактын биринчи ханы болгон. Жаныбектин башкаруусу казак-кыргыз үчүн алтын доор эсептелген. Ошол мезгилде Асан кайгы, Жээренче чечендер ушул кезге чейин жомок болуп айтылат. Казак менен кыргыздын түпкү тарыхы бир, казактар байыркы кыргыздардын калдыктары, Кытайдан туткундарды алып келип чөлгө кармашкан. Ал жерге туткунга түшкөн кытайлыктар да, кыргызча сүйлөшүп, бир гана кытайдын дифтонгдорун сактап калышкан. Болбосо кара сөөк казактардын түбү байыркы кыргыздар жана туткунга түшкөн кытайлыктар. Азыр казактар шумерден, сактан тараганбыз дешип, ар кандай тарыхий версияларды издеп жатышат. Чыңгызхандын заманында ак сөөк монголдор казакташып Ак Ордону курушкан. Алар кара казактарды текеберге алышчу эмес. Кийин Жаныбек хан 1470 - жылдары Абдулхаирдан казактарды бөлүп, Чыңгызхандын урпактары, моңолдор ак сөөк аталышып, казактар кара сөөк аталып калышкан. 

«Өзбек» этномими тарыхта 1338-жылдан белгилүү, Дешти-Кыпчактагы  түрк уруусу Өзбек хандын кол алдында азыркы Өзбекстандын аймагындагы сарт, перс, грек, хинди жана башка уруулардын курамында түзүлгөн жерди басып алат. Октябрь революциясынан соң түрк тилинде сүйлөгөндөргө Сталин ат таппай «өзбек» деп бириктирип коюп койгон. Кыргыздар «токсон боолуу өзбек» деп аташкан, ушул эле аралашма калктын фарси тилинде сүйлөгөнүн «тажик» дешет.

Кытайдын Улуу сепили миң жылдап бизге окшогон көчмөндөрдөн сактаныш үчүн курулган. Бул космостон көзгө чалдыккан жалгыз жер курулуш. Азыркы мезгилде цивилизация Чыгыштан башталган деген кеп бекемделип жатат, биздин заманга чейин миңдеген жыл мурун түптөлгөн Кытай империясы бир учурларда Каспий деңизине чейин жеткен экен. Германиянын эксканцлери Ангела Меркель Бээжинге иш сапар менен барганда, Кытайдын Каспийге чейинки картасын аларга тартуулап барган. Экинчиден, Токмокто археологдор тарабынан табылган будда бюсту байыркы Кытай бизге жеткенин айгинелейт. Үчүнчүдөн, ошол Токмок шаарында туулган дүйнөгө белгилүү акын Ли Бо буга күбө болот. Төртүнчүдөн, СССР заманында Кытай менен жаман мамиледе элек, ошондо айтып калышчу Кытай Каспийге чейин аймак биздики деп окутуп, ушул аймакты талашып жатат деп. Тарыхта кайсы мамлекет кайсы жерге жетпеди. Тарыхта жашаган жерин БУУнун аймактык Конвенциясы боюнча талашууга укугу жок. Андай талаша турган болсо Кыргыз Улуу Дөөлөтү Азиянын теңин курчап жаткан.

Рим империясы көп кылымдар дүйнөнү титиретип турду. Ошол мезгилде цивилизациянын керемети болуп, Европа менен Азияда эбегейсиз зор империяны атагы таш жарган мамлекеттик ишмерлер башкарып турган. Ошолордун бири Калигула 39-жылы 3 - мартта өзүнүн императордук  полномочиесин бир күнгө Ремус 1 аталган маймылга өткөзүп берет. Ал маймыл өлгөн соң императорлордун пантеонуна императорлук азем менен коюлган. Калигула да кыйын император болуптур, мындан эки миң жыл мурун эле маймылга эл башкартып, парламентке атын отургузуп коюптур. Каардуу Калигула өзүнүн буйругу менен минип жүргөн атын да парламентке мүчө кылып жарыялайт. Анын аты Сенаттын отурумуна толук ыйгарымдуу депутат катары катышып турган. Рим империясы 395-жылы Батыш  жана Чыгыш Рим империясына бөлүнүп кетет. 432-455 жылдары кыргыздар Европага басып кирген. Адыл (Атилла) бабабыз эки Римдин  тарпын чыгарган. Батыш Рим баш көтөрө албай жок болгон. Борбору Константинполь болгон алтынга чулганган Чыгыш Рим империясына  белек-бечкек берип Адыл бабабыз жайламак. Бирок сулуу кызды койнуна салып берип, Чыгыш Рим империясы дагы миң жылга  аман калат. Адыл бабабыздын өлүмү менен гун (күн) аталган ата-тегибиз чачырап кетет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости