www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндөгү ички маалыматтарга таянсак, Тажикстандын куралдуу күчтөрү, чек арачылары, аскердик оор техникалары чек арадан анча алыс деле кетпей, ошол жакта чыңалуу абалында турат. Демек, биздин максат: аларга каршы баардык тоскоолдукту түзүп, коргонуу операцияларын жогорку деңгээлде өткөзүшүбүз керек деген ойду пайда кылат. Экинчиден, ушул болгон окуя жеке эле Кыргызстанда эмес дүйнө жүзүнө белгилүү болуп, көптөгөн аналитик, эксперттер, саясый серепчилер бул боюнча алынган маалыматтын негизинде Кыргызстан тарапты жабырлануучу же болбосо жапа чеккен мамлекет катары, а Тажикстанды агрессиялык кадам таштаган деген пикирлерди айтып аткандары белгилүү.

 Бул жагынан маалымат талаасында Кыргызстандын утушу бар. Бирок, бул убактылуу эле болсо керек деп ойлойм. Эгерде үчүнчү ирет тажиктер Баткенге бастырып киришсе, туруштук бере алабызбы? Тажикстан, анын президенти тоталитардык, авторитардык режимди орнотуп алып, ошонун негизинде элди алаксытыш үчүнбү, же кандайдыр бир куралдуу күчтөрүн биз аркылуу текшериш үчүнбү, алган куралдарды пайдаланып, мүмкүнчүлүгүн көрүш үчүнбү, эмнегедир акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанга катуу чабуул жасап жатат. Эгерде тажик бийлигинин буйругу менен чек арачылар, аларга кошулуп мурун кармалып соттолгон, түрмөдөн чыккан бузулган адамдар, Афганистандан качып келген тажик улутундагы экстремисттик, террористтик уюмдун мүчөлөрү бизди көздөй чабуул жасай турган болсо, биз чек ара багытында тажиктерге каршы туруштук бергенге баардык шарттарды түзө баштадык. Бирок, оор техниканын, авиациянын, жогорку ракеталык системдердин аздыгынан пайдаланып, алар бизге карата өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышы мүмкүн. Ошондой окуя болуп кетсе, жаңжал чек ара жаңжалы эмес, кадимки согушту пайда кылышы мүмкүн.

 Кыргыздар деле тажиктер үчүн арзан жоо эмес. Албетте, арзан жоо эмес экенибизди эске алсак, ар бир метр жер үчүн, ар бир үй үчүн, ар бир айыл-кыштак үчүн биздин жоокерлер, атайын кызматтын “Альфа” тобу, ИИМдин атайын кызматынын бөлүмдөрү, ардагерлер буларга каршы согушканга баардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышат. Бизде куралдуу күчтөрдүн жогорку деңгээлдеги техникалары, «байрактар», акыркы үлгүдөгү учкучу жок аппараттардын чыгып атканы жана алынып келип атканы дагы бизге чоң потенциалдуу үстөмдүк бере алат.

Эң негизгиси, бизде бүгүнкү күндө билинбеген менен улуттук идеология пайда болду, ал – кыргыздын патриоттук сезими! Ошонун негизинде биздин жарандар, жаштар, аскерлер, ардагерлер кокус тажиктер кол салып кирип келе турган болсо, кандай болгон күндө да туруштук бере алат. Анткен менен мындай нерсенин арты эки жактан тең абдан көп жоготуулар менен коштолот. Ошон үчүн мындай жагдайдын жаралбашына аракет кылып, тынчтык жолу менен, келишимдердин негизинде чек аранын аныктоо, тактоо ишчараларын тезинен бүтүрүүгө шарт түзүү керек. Дипломатиялык жолдордун, каналдардын баардыгын иштетиш керек. Кандай болбосун, чек арага жакын жайгашкан аймактарда өзүбүздүн куралдуу күчтөрдү, аны менен кошо оперативдүү чалгындоо, контрчалгындоо иштерин күчөтүп, оор техникаларды атайын жерлерде жакын кармап, аларга коркунуч туудура турган, мизин майтарып, тийешелүү жообун берип, жерибизге киргизбей тургандай шарттарды түзүү зарыл.

 Жакын арада биздин куралдуу күчтөрүбүздө, армияда реформалардын болгону оң. Ошону менен бирге чек ара кызматындагы коррупциялык иштердин баардыгын жокко чыгарып, тамак-аш, кийим-кече, жашай турган казармаларын, үйлөрүн, социалдык льготаларын, каржы жагын бүтүндөй кайра иштеп, баардыгын жогорку деңгээлге жеткирүүнү ойлонуштуруу керек. Контракттык кызматты кеңейтип, курал-жарактардын жаңы модификациялары менен камсыздап, чек арачылар, ИИМдин, УКМКнын атайын кызматкерлери, спецназдар бир калыптагы, бир байланыштагы ыкма менен коргонгонго ылайыктоо зарыл. Антпесек биздин жагдай өтө оор болуп калат.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө бири-бирине болгон үстөмдүк, бир мамлекет экинчи мамлекетке агрессия кылып жерин басып алганга, же чек арада жаңжал чыгарып, ошонун негизинде согушка алып келген учурлар көбөйө баштады. Акыркы кезде “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара, жер, суу маселелери жогорку деңгээлге көтөрүлүп, согуш чыгып кетсе” деген кандайдыр бир чет жактагы, анын ичинде Батыштагы үчүнчү топтун кызыкдар болгону баарыбызга белгилүү...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости