www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Ак үйдөн күлүмсүрөп чыга келсең...

Доор улам-улам өзгөрүлүп турат экен. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында демократияга жык толгон жаштардын доору өлкөгө кирип келди.Бул доордун кыймылдаткыч күчтөрү Аскар Акаев, Мисир Ашыркулов, Дастан Сарыгулов сыяктуу Ленинград шаарынан билим алышкан ошол кездин жаштары эле. Булар деле эл сыяктуу чогулушуп, кужуңдашып турушчу, бирок Аскар Акаевдин күтүлбөгөн жерден Кыргызстанга президент болуп калышы булардын кулк-мүнөзүн кескин өзгөрттү. Президент болгон соң да Акаев киоскиден гезит-журнал алып жүрдү дечи, мамлекеттин жетекчиси болгон соң анын чөйрөсү эл оозундагы адамдар болуп калат. Ушундай чөйрөдөгү адамдардын бири Бермет Келдибекова 75 жашка толмок. Адатынча 75 жылдык маараке тоюн белгилеп коюу үчүн чогулмакпыз. Эми болсо ал жок, ал дайыма туулган күнүн белгилечү «Ысык-Көл» мейманканасы жок. Анын көзү өткөндө да ушул жерден жоктогонбуз. Эми «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна президенттин жаңы администрациясы орун алат.

Анын жубайы «доссекретарь» Мисир Ашыркулов УКМКга министр болгуча жети жылы ректор болуп турду. Бермет Келдибекова кочкорлук ал кездеги жаштар Бекболот Талгарбеков, Аликбек Жекшенкулов, Акылбек Жапаров менен жердеш катары жакшы мамиледе болгон, деги эле кочкорлук эмес бардыгы менен эле. Акаев президент болгон соң Бермет эжеке президенттин каттар бөлүмүндө иштеп калды. Үйүнө барган учурда мобул катты окуп чык деп толгон катты берип койчу. Ар бир катты кунт коюп окуп чыгып, негизсиз соттолгондордун артынан түшүп, адилеттүүлүк болушун каалоочу.

Президент болорун билгенде Мисирдин үйүнө дайыма эле келип вино ичип жүргөндө таанышып алсам болмок экен деп Орозбековдогу кошуна карыя айтып жүрдү. 1992-жылы экономика боюнча Жогорку окуу жайын Бишкекте  окуп калдым. Бермет эжекемдер бир жакка кеткенде үйүн карап тур деп табыштап кетчү. Ал кезде Мисир жезде ректор. Билим министри Чынара Жакыпова, администрация жетекчиси Эднан Карабаев, Саламаттыкты сактоо министри Накен Касиев сыяктуу «шишкалар» телефон чалышып Мисир жездени сурап турушчу. Жездемдин Жунус деген жакшы досу бар, жаш кезинде дайыма каттап турчу. Жунустун агасы Бектемир Мурзубраимов илимдин доктору, академик, ОшМУнун ректору болду. Бир ирет Матраимовду ээрчитип Мисир жезденин Токтогулдагы үйүнө келди де папам айтканы эсимде, билбейм алардын кандай жакындыгы бар экенин.

Бермет эжеке жайыл дастаркон, үйүнөн береке кетпеген адам эле. Дайыма үйүндө шатыра-шатман эл толуп турчу. Бермет эжеке ким келсе да ачык кабагы менен тосуп алып, дасторкондун үстүн жайнатып жиберер эле. Улуубу, кичүүбү эркек адам болсо отургузуп коюп өзү чуркап жүрөр эле. Аскар Акаевдин акыркы ирет Орджоникидзе көчөсүндөгү үйүндө 1991 жылы 12 сентябрда жалпы эл тарабынан экинчи ирет альтернативи жок президент болгондо конок болгонун көрдүм. Андан кийин алар резиденцияда гана чогуу болуп калышты окшойт. Акылбек байке бир күнү үйүнө келсе бут басарга киши жок дейт. Дагы бир биз келер убак келер деп кете бериптир.

Атам менен апамды жаны калбай сыйлай турган.Ушул кылымдардын башында Воронцовка айылына көчүп бардык. Атам менен апам самоорго чай кайнатып, казанга тамак жасатат. Көрсө мунун сыры даамдуу болот экен. Бермет эжекем дайыма келип ата-энесинин ден соолуктарын сурап эле кайра кетчү. Ал келгенде атамдар үзүлө түшүп калчу. «Бекин» келип калды самоор койгула, тамак жасаганга камынгыла» дешчү. Самоор кайнатып, казанга тамак жасап бапырап жатып калчубуз. Ал мезгилде түшүнбөгөндөрдү эми түшүнүп атам. Эмне үчүн эч жумушу жок ден соолугун сурап коюп кетет, телефондон эле сурап койбойбу деген ой кетет да. Көрсө 30 километр жерден  келип ата-энесинин ден соолугун сурап коюу чоң көңүл турбайбы?

Бермет эжеке туулганда атам Үкөк (азыркы Исакеев) мектебине директор болуп иштеп турган. Кийин Көк-Жар, Жаңы-Жол мектебине директор болот. Алгач Жумаке таякенин үйүндө туруп, кийин үй салышып, аны Төлөккө директор болуп кеткенде Шарипа таежемдерге таштап кетишет. Бермет эжеке Кочкордо 40 лет деген орус мектепте окуусун баштаган. Төлөккө көчүшкөндө Бермет эжеке Шарипа таеженин колунда калат. Бермет эжекеТөлөккө мезгил-мезгили менен барып, атам Сары-Булактан ат менен барып тосуп алып турат. Атам менен бирге Төлөккө Мусакан, Апас агайлар барат. Кичине чоңоюп калганда Рыскул таекем Бишкекке алып кетет, ал киши Мамакеевдер менен бирге окуган, медицина илимдеринин кандидаты болуп жүрүп, турмуштан жаш кетти. Бермет эжеке Бишкектеги №13 мектепте окуп бүтүрөт. Жогорку окуу жайын бүтүп ЭВМде иштейт.

Эсимде калганы Венка, Мирдин болуп ойноп жатып бир кооз вазасын сындырып алганбыз Орозбековадан. Диванында оюк бар болчу Керим байкенин баласы Мурат тамеки чегип атып күйгүзүп алган. Касымкул атанын баласы Кулубек флотто үч жыл кызмат кылып «Здраствуй Вера эже» -деп орусча сүйлөп келген. Айдарбек байке көп жакшы нерселерди айтчу, демек жакын туугандары үйүнөн чыкчу эмес. Искендер жезденин колу алтын болчу бирдеме бузулса «жездем келгенде оңдойт» деп, ал киши келгенде чукулап оңдоп койчу. Бир муздаткычтын сөлөкөтү турчу Кара-Сууда биз көчкүчө ошону да көп оңдоду. Проспектиде иштеген жери бар эле, 1975-жылы биз шаарда элек Суусамырга алып барам деп жүрчү ошол бойдон көргөнүм жок.

Гүлнур, Венера үчөөбүздүн жогорку окуу жайларында окуганыбызга Мисир жезденин эмгеги чоң. Мен Армиядан келгиче Венка ПИРЯЛды жалаң «5»ке  жогорулатылган стипендия менен окуп жатыптыр. Мен да ушул окуу жайына кирип жогорулатылган стипендия менен окудум. Ал кезде конкурс күчтүү болгон жалаң «4» алгандар кулап калган. Мен ПИРЯЛга жалаң «3»кө тапшырдым, айылга кеткени турсам Бермет эжеке айылга барабыз деп калды. Мен көк «Москвичти» айдоочумун. Көрсө, Армиядан келгендер конкурсу жок кабыл алынмак экен. Бир топ кишини айылдан коноктошту,төртөөнү Бишкекке жеткизип койдум. Жолдон «Берметтин иниси тура, тиги агайың ПИРЯЛда завкафедра кийин таанып аларсың» -деди, ошол бойдон ким экенин да билгеним жок. Мисир жезде өзү машина алгыча көп ташыдым. Биз Панфилов 222де жездемдер Орозбекова 173тө турчу 2-3 остановка болсо керек, жөө эле каттоочубуз. Азыркыдай сотка жок, бир жакка барарда айтып коюшчу. Чүйдүн айланасындагы айылдарда, Сокулук, Кант, Бишкекте көп жерде болдук. Бир жолу бир айылдан тойдон келатабыз, Бишкекке кирип калганбыз, катуу айдап келатсам ГАИшник тосту, «праваны» алып алды. Мисир жездеме ишенип келатсам ал киши жок. Эртеси горГАИдеги бир кабинетке бар деди. Кирсем Олжо байке экен, Момуштун үйүндө окуган.  Атамды сурап, өзүң эле келбейсиңби?-дейт.

Ошол кезде Ажардын кичинекей кези, мен дайым Ажар, Гүлзар, Эмилдерди паркка ойнотуп келчүмүн. Кочкордон келип калып Бека, Каку, Медер, Жокилер  да ойноп калды. Көрсө Бермет эжеке ээн-эркин кыздар менен сүйлөшүп алайын десе керек. Бермет эжекеникине баратканда Ажар алыстан көрсө «Аска таяке» деп чуркап чыкчу, аны менен кошо ойноп жаткан орус бала Игорь кошо «Аска таяке» деп чуркай турган.

Бермет эжеке тууралуу көп жакшы сөздөр жазылып, китептер чыгууда. Мен бир-аз кошумчалап койойун. Бермет эжеке ысырап кылганды жактырчу эмес. Тамагы артып калса дайыма муздаткычына сактап койчу. Тамакты келиштире даамдуу жасай турган. Бермет эжекем биздин балдарга ыраазы болчу, таштанды, мусор көп чыгарбайсыңар, бир нерсе жарабай калса, кайра башка нерсеге жаратып кетесиңер деп. Бермет эжеке бир туугандарына, бир тууганынын балдарына аябай күйүмдүү эле. Шербет эжекенин «Кербен» деген китебин өзү эле чыгарып койгон. Эгерде «Эсенбай эсепчи» жөнүндө китеп жазып жатам десем: «Чыгарганын мен чыгарып берем» демек.

Бермет эжекем чоң атасы Эсенбайды унутпай дайыма куран окутуп турчу. Эсенбайдын секиси деп ошол жакка чейин барып куран окутканы бар. Бир ирет: «Эсенбай ата кайсы жерде жатканын көрсөтүп коюңузчу, балдарыңыз билип калсын» деп Каройдогу мүрзөгө чейин бардык. Атам, Бермет эжекем, Сиезбек байкем, азыр көзү тирүүсү мен эле калдым. Байтеректин күмбөзүнө жакын Эсенбайдын жаткан жери экен, ал эми Сүйүн чоң апа берирээк Чүкү уулу Акмат менен катарлаш экен. Буларга белги коюп койсокпу дегендей кылышты эле, атам ушул жерде жаткандар бары бир туугандар, тим койгула эми алар менен бирге топуракка айланат деп койгон.

2001 - жылы Бермет Кара-Сууга жаңы мектеп салдыруу үчүн чоң эмгек өтөгөн. Үйдө куттуу коломтонун кутун өчүрбөгөн алмончоктой жарынын жубайы  ташка да дан өстүргөн баба дыйкандай машакат –мээнети күч мугалимдик кесипти аркалап. Өзүнө окшогон  айылы терең , маңдайы жарык келечектин ээлерин тарбиялай баштаган Келдибек 1949-жылдан Көк-Жар мектебинде директор. Ал кезде ашып кетсе 26 жаштагы Эсенбай уулу Келдибек Эсенбайдын иниси Чоюттун Кадыркул деген уулу  каза болгондо арка-бел болуп союшун өзү көтөргөн. 1947-жылдары атам биринчи курортко барганын айтып калчу. Согуштан кийин ал-ахыбал дале болсо керек, Кой-Сарыга  курортко барыптыр. Жанымда бир кара киши жатчу дейт. Эртең менен туруп ары-бери басып, тамак-ашын ичип коюп курорт ушул экен го деп жүрөм дечү. Тиги киши баамдап жүрсө керек: «Балам сен курортко келдиңби? Эмне кылып жатасың?» -деп сураптыр. Курортко дарыланганы келет, тигил жакка бар, бул жакка барып дарылан деп барын айтып берип, мени көзөмөлдөп алды дейт. Көрсө ал кара киши кийинки мезгилдеги  атагы таш жарган Иса Коноевич Ахунбаев экен. 1975-жылы атам жарадар болуп, ооруканада жатканда Ахунбаев авариядан каза болду. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары Бишкекте Бермет эжекемдикинде чоңчарык, Кудаярдын бары  караан тутуп башпаанек кылышчу. Касымкулдан Кулубек байке, флотто 3 жыл «служить» этип Кулубек байке кыргызча унутуп келет. Бермет Эсенбаеванын үйүнө «Здраствуй Вера эже» -деп келип кыргызча эч сөз түшүнбөй койгон экен.

Бермет 1960-жылдардын аягынан ЭВМде иштеп, Кыргызстанда компьютердин башатын баштаган. Аны менен бирге иштешкендер жубайы Мисир Ашыркулов, Аскар Акаев жана башкалар кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери болушкан. Бермет президенттик аппаратта эл менен тыгыз байланышта иштешип, жалаа менен камалган көп адамдарга мунапыс алып берип, элдин батасын алган. Эсенбай жашаган жерлерге, Каройдогу мүрзөсүнө барып куран окутуп турчу.

Бермет

Белдүү кызы Бермети,

Билет кыргыз жер бети.

Көркүн ачып Ак үйдүн,

Көрүнүп калчу келбети.

Акаев менен коштошкон,

Путин менен достошкон.

«Доссекретарь» Мисир. А,

Президенттер менен достошкон.

Япондорду ыйлаткан,

Оксфордду сыйлаткан.

Сыйынган анда мазар бар,

Кыргыздын атын чыгарган,

Мухиттен ары Ажар бар.

Күндүзү түндөй жарк эткен,

Күнөстүү жер дейт Манхэттен.

АКШда жүргөн Аскаттан,

Алысты көздөй барк кеткен.

Нью-Йоркто карааны,

Америка жараны.

Дүйнө тааныр «индиго».

Али аттуу баланы.

Алыс учар канат бар,

Англисче сүйлөгөн,

Айга жетчү Жанат бар.

Бермет эжекенин күйүмдүүлүгү тууралуу көп кептер калды. Улукбек төрөлгөн күн майдын 4ү болчу, катуу үшүк жүрүп, өрүктөрдү алып кеткен. Дабышыбызды атамдар угуп уйкулары бузулбасын деп, машинаны дарбазадан сыртка чейин түртүп баргам. Теңтуштар менен жолугуп,анан үйгө айтып койойун деп келсем, апам кыздарга айтып койоун сүйүнүп калсын деди. Ага деле түшүнчү эмесмин кыздыр эмнеге сүйүнөт эле деп. Көрсө эми ойлосом бир тууганы балалуу болуп жатса жетине албай сүйүнүшөт экен. Анда Акаев жаңы президент болуп жүргөн убагы, Бермет эжекем Улукбекти көрүп койойун деп 9-майда келип кеткен.

Темирлан да майды ортолоп төрөлгөн. Бир классты бүтүргөн отуздай бала бар эле. Ынтымак жок эле, Мен казнада иштөөчүмүн Турганбек айтып калчу балдарды чогултсаң боло деп. Темирландын бешик тоюна карата балдарды чогулткам. Ошондон кийин ынтымактуу болуп калдык. Ызы-чуу да көп болгон, Сиезбек байке башкарма эле «Түнү боюу эле ызы-чуу болуп чыктыңар го?» дегени бар. Ошол жайында Акылбек байке 50гө толуп Бермет эжекем Караколго баратып Темирланды көргөнгө Кочкорго кайрылып кеткен. Бермет эжекемдер менен мен да кошо баргам. Азыркыдай телефон жок, Чолпон –Атага чукулдаганда шаарлыктар келатат деп күткөнбүз. Бермет эжеке шампан ачып Ельциндин президент болушу менен көтөргөнбүз. Ельциндин президент болгону Акаевдин президент болгону тура.

Асел да майдын тогузунда төрөлдү. Дал ошол мезгилде Акаевдин энеси Асел апа каза болуп калган. Сөөктү койгон соң Бермет эжекем Кеминден кайрылып Кочкорго келген. Эжекемдин айтымында сөөктү жездем тейлептир. Гүлай жаңы эле төрөтканадан чыгып кыздын атын АзизБЕК жана ГүлАЙЫМдан улам Бегайым койолу деп жаткан.Бермет эжекем келип: «Асел апаны коюп келатабыз. Кызыңардын аты Асел болсун. Жакшы жашап, жакшы кетти, уулу президент болуп турат! -деп, атын Асел коюп кеткен.

Шер 2011-жылдын 3-чү мартында төрөлдү. Бермет эжекемдикине Асел барган. Шерди бешикке салганда бир туугандарды чакырдык. Ошол Бермет эжекем менен акыркы жолугушуу экен. 2014-жылы Байтикке Карганбек Самаков чакырып калды. Мен Шерди ээрчитип алгам. Түгөлбай Казаков Байтиктин мүрзөсүнө чейин ала келип, мен мүрзөлөргө барып куран окуй кетели деп Шерди ээрчитип баргам. Бермет, Шербет эжеке, Алым жезделер катарлаш, Бермет, Шербет эжекелерди тааныбайт экен, Алым жездени көрүп «Токочбай ата ушул жакта тура» дейт. 2013-2014 - жылдары апам бутун кокустатып алып, биз Шер менен ошол жакта болгонбуз. Шербет эжеке 2013 -ноябрда каза болуп, жездем келип кетип турчу, Шер менен ойноп, Шерди да ошол жерден ырымдаганбыз. Акылбек байке келип Шерди эркелетип «Боорсокбай» деп чакырчу, кийин Шер «Боорсокбай атам каякта» деп жүрүп, Боорсокбай атка кондурган, Алым жезде Акылбек байке «Боорсокбай ата болсо, мен Токочбай атамын» деп койчу. 2014-июлда көзү өттү, Шер «Токочбай атам качан келет» деп сурап калчу.

Бермет эжекеме

Быйыл августта алыскы Америкадан Ажарка келип Бермет эжекеме куран окутуп кеткен. Сиңдиси Венеранын эжесине арнаган «Жалганда бүтпөс санатым» деген ыры:

   Жароокер, жаркын, желегим,          

 Жараткан берген белегим.                      

Жан дүйнөм сыздайт, зыркырап,    

 Жарыксыз жерде сен эми.

 

   Көрөгөч, көсөм, кемерим.          

 Кудайым берген белегим.           

  Көзүңдү таппай калсам да.                        

Көөдөндө жашайт элесиң.

 

   Чогуна түштүк санаанын.  

Чогулсак таппай карааның.      

 Чыдабаска айла жок.

Чарасыз соту ажалдын.                       

 

  Жөн эле сүйлөп, сүрөттөп,

Жазайын десем сөз жетпейт.

Жараткан Аллах сиздейди,

Жүздөгөн жылда бир берет.

 

 Эмгегиң өтүп жалпыга,

Элиңде атың өчпөдү,

Эми Ажар, Аскат, Жанатты (балдарды)

Эгем бир кылсын өмүрлүү.

 

  Узатып кайткыс сапарга,

Убайым тартып келебиз,

Уучуңуз кур эмес, сиз-

Уулумдун Умай Энеси...

 

   Карааның көрбөй кайсалап,

Кайгырып күйүп келебиз,

Кызматыңыз баа жеткис,

Кызымдын УмайЭнеси.

 

  Жүрөгүм сыздап, зыркырайт,

Жай алган жериң жарашпай,

Жарыксыз, нурсуз, абасыз,

Жан боорум кантип, ким чыдайт? 

       

   Жаткан бир жериң жай болуп,

Жараткан берсин жаннатын,

Жароокер, жайсаң, жанар тоом,

Жашоомдо сынбас канатым, 

Жалганда бүтпөс санатым...

Венера Эсенбаева

15.08.2021.

 

Мисир Ашыркулов

Учурунда «доссекретарь» наамына конгон Мисир Ашыркулов  Аскар Акаев менен Ленинградда чогуу окуган. Жездемин Орозбекова көчөсүндөгү кошуналары айтып калчу: «Акаев Мисирдин үйүнө келип эле тойлоп кетип турчу, анын президент болорун билгенде, ошол кезде жакшылап таанышып алсак болмок экен» -деп. Жездем досу Акаев президент болгон соң жети жыл «серый кардинал» катары ректор болуп турду. Акаев жаңы президент болгондо Орджоникидзедеги үйүнө келип конок болуп кеткенде мен да болгом. Акаевди шайлаганда жездем республикалык штабдарды жетектөөчү. 1997-жылы 9-майда кыздуу болдук, ошол убакта Акаевдин апасы Асел апа каза болуп Ашыркулов кара ашын тейледи. Кеминде аны менен жүргөн Бермет эжекем кызды көргөнү келип: «Асел апанын кара ашынан келатабыз, Асел апа жакшы киши эле, кызыңдын аты Асел болсун» деп Аселдин атын коюп кеткен. «Доссекретарь» оппозиция менен да кылдаат мамиле кылчу, 2004 –жылы жездем Атамбаев, Текебаев, Мадумаровдор менен биригип оппозицияга өттү. Воронцовкадагы үйгө келгенде атам «Аскар Акаев менен жакшы элең эмне болуп кетти?»-дегенде, «Убакыт өткөндө бардыгы билинет» -деген. 2005-жылы оппозициядагы Бакиевди колдоду, Акаев качып кетти, кокус Ашыркуловдун тилин алганда тынч өз кишисине өткөрүп бермек беле?

 

Ажар Ашыркулова тууралуу учкай кыпчый кетели. Ажар Ашыркулова Япониянын, АКШтын вуздарынын оозун ачырып,мыкты окуганы үчүн таң калтырган. Ал Бишкектеги №61 мектепти бүтүргөн. Ал мектептин завучу Ефим Якир тууралуу маекти сактап жүр деген Бермет эжекемдин өз оозунан чыккан акыркы тапшырмасы эле. Учурунда атагы алыска кеткен № 61 математикалык мектеп бар эле. Ушул мектептин долбоорун легендарлуу завучу Якир Ефим Борисович түзгөн.

 

Ажар Ашыркулова  абдан таланттуу кыз

№61 мектептин завучу Ефим Якир тууралуу маекти Бермет эжекемдин өз оозунан чыккан акыркы тапшырмасы эле. Учурунда атагы алыска кеткен № 61 математикалык мектеп бар эле. Ушул мектептин долбоорун легендарлуу завучу Якир Ефим Борисович түзгөн. Ал мектеп директорлугунан, ар кайсы тарапка жыйындарга баруудан качып, 1966-жылы математыкалык класс ачып, завуч катары бул мектептин атын бүт СССРде чыгарып турган. Бул мектепти бүтүргөндөр илимдин ар кайсы түрлөрү боюнча дүйнөлүк бийиктик деңгээлине жетишкен.Чындыгында Кыргызстанда билим деңгээли Америкадан өйдө турат экен.Кыргызстандыктар Нобель сыйлыгын алууга үмтөтүп тургандыгы кыргыздар үчүн сыймык!

- № 61 мектеп бүткүл союздун «брэнди» катары математикалык мектеп болсо да, эмне үчүн саясат жыттанып жыттанып, Усубалиев, Масалиев, Акаевдердин аты чыгып турат? 

-Биздин мектеп алгачкылардан болуп Союзда математикага адистешип, бул мектептин даңкы бүт СССРге тараган. Усубалиевдин бийлиги тушунда бул мектепте завуч болуп турдум. Апсамат Масалиевдин учурунда кайра куруу доорунда бул мектеп рефомалардын негизинде атагы алыска кеткен. Ал мезгилде Акаев БКда бөлүм башчы болчу. Ага чейин Политехте иштеген, бул институту менен биздин мектеп терең байланышта эле. Биздин мектепти бүтүргөндөр Москва, Ленинград жана башка вуздарга барып калышса: «Оо! 61дин мектептен келиптир» -деп сүйүнүп калышчу. Анын үстүнө Борбордук техникалык вуздарынын мугалимдеринин көпчүлүгү биздин мектепте болуп, кыргыз элинин меймандостугун көрүп кетишкен. Анткени, бизде эң жогорку мамлекеттик кызматкерлердин балдары окуп, ата-энелери өздөрү меймандарды чакырып келип Ысык-Көл, Альплагер, Жалал-Абад сыяктуу кыргыздын эң кооз жерлерине алып барышчу. 1988-жылы биздин мектепте  СССРде биринчи жолу компьютердик класс уюштурулган. Бул абдан чоң окуя болгон, себеби комьпютердик класс ал эмес Москвада жок эле.

-Кыргыздын алгачкы президенти Аскар Акаевдин № 61 мектеп менен кандай байланышы бар?

-Бизге Акаев башында турган кафедра болуп көрбөгөндөй жардам берип, семинар уюштуруп турчу. Биздин мектепте: Укуев, Рапопорт, Десяткова сыяктуу көптөгөн мыкты адамдар «почасовик» болуп иштей турган. Аскар Акаев өзү голографиядан биздин мектепте лекция окуй турган. Акаевдин бир кызы бизден окуп, абдан мыкты билим алган. Биздин мектепти бүтүргөндөр дүйнөдөгү эң мыкты окуучулар болгон.Биздин бүтүрүүчүлөр Пентагондо «беспилотный» самолетторду жасашат, Израилде дагы бир бүтүрүүчүбүз бүт америкалык истребителдерде колдонула турган шлемофондун үстүндө иштеп жатат. Нишанов Гор да биздин мектепти бүтүргөн, азыр Microsoft компаниясын ойлоп тапкандардын бири. Ал бизде окуганда информатика боюнча бүткүл союздук олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Ажар Ашыркулова учурда АКШдагы эң престиждүү банкта иштеп жатат. Санай берсек көп булар тууралуу өзүнчө токтоло кетсек...

-Математикалык класстын ар бир бүтүрүүчүсү дүйнөгө эң көрүнүктүү адамды тартуулаган окшойт.

-Ооба, 100 процент! Ар бир класста шаардык, республикалык жана союздук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон.Бүткүл союздук олимпиадалардын катышуучулары, негизгиси биздин мектептин окуучулары болгон. Мен башка мектептерден биздикиндей көп катышуучулар бүткүл союздук олимпиадаларга катышканын уккан эмесмин.

-Чоң ийгиликтерге жетишкен окуучулар абдан жакшы баалар менен окушчу беле?

-Бул анча деле маанилүү эмес. Көбүнчө ойлоп табуучулар стандарттык эмес ой жүгүртүшөт. Алар алтын медалга деле кызыкпайт, ал эмес «двоечник» болушу мүмкүн. Эйнштейн деле эң жаман окуган эмеспи.

-Сиздер баа үчүн күрөшүүчү эмес белеңер?

-Башкысы «процентоманиянын» кереги деле жок. Бирок «медалисттерди» чыгаруу, учурдун талабы болгон. Эгерде мугалим «медаль» алам дегендерге жардам көрсөтпөсө, ага минус. Бирок, окуучунун медаль алганы, эч нерсени үмүттөндүрбөйт. Биздин мектепти бүтүрүп, чоң жетишкендикке жетишкендерден Ажар Ашыркулова гана жалаң бешке окуган. Нишанов деле «медалист» эмес болчу, бирок информатикадан алдына киши салчу эмес. Юрий Свирденко да жалаң беш албай эле, азыр Россияда «Буран» деген жашыруун долбоордун үстүнөн иштеп жатат.

-Кыргызстандын борбор шаарындагы № 61 мектепти бүтүргөндөр ичинен Нобель сыйлыгына татыктуулар барбы?

-Биздин мектепте, математиктер:  Гольдштейн Арон Моисеевич, Самарский Евгений Федорович абдан күчтүү болушкан. Математикадан башка сабактар да жакшы окутулууга тийиш эле. Ошондуктан, Ольга Борисовна, Ася Дмитриевна деген күчтүү химиктер иштеген. Ася азыр Нью-Йоркто жашайт. Химияны жакшы билгендиктен борбордогу химиялык вуздардан жана мединституттан окуп бүткөндөр көп болду. Биздин мектепте борбордук вузга июлда эле экзамен тапшырып, конкурстан өтпөй калгандар түз эле экзамени жок биздин вуздарга студент болуп калышчу. Саша Тенебаум да мединститутту бүтүргөн. Ал вундеркинд катары 5 жашынан окуп, 15 жашында мектепти аяктаган. Кийин ал Израилге кеткен, ал жакта биздин мектептин 60 тан ашык бүтүрүүчүсү бар.Саша Тенебаум Израилдеги эң күчтүү кардиолог, анын 150 дөн ашык илимий иштери жарык көргөн. Ал япондук окумуштуулар менен тыгыз кызматташып, Токиодо лекция окуйт.Саша ал жерде адамдар менен, ал эми анын япондук кесиптештери айбанаттар менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Бул окумуштуулардын илимий иштери дүйнөлүк Нобель сыйлыгына татыктуу дешип, Япония мамлекети тарабынан көрсөтүлгөнү турат. Саша Тенебаум Кыргызстанда туулуп, өсүп № 61 мектепти бүтүргөн, Нобель сыйлыгын алып калса, Кыргызстан үчүн деле сыймык!

-Кыргызстанда билим берүү системасы АКШ мамлекетинен өйдө турчу беле?

-Оо!...Мен азыр Нью-Йоркто адистешкен математикалык мектепте сабак берем. АКШ дүйнөлүк деңгээлде бийик турганы менен, билим берүү деңгээли төмөн. Ал жерде бардыгы математика сабагын билүүнүн кажети жок дейт. Ким кайсы сабакты каалайт, өзү тандайт. Биздин билим берүү программаларына караганда  алардыкы абдан жеңилдетилген. Эгерде биздин окуу программалар менен аларды окутса, окуй алышпайт. Мен бул жерде математикалык адистешкен сабакты айтпайын, кадимки эле окуу программаларын америкалык окуучулар окуй алышпайт. Биз өзүбүздүн программаларды өзүбүз баалай албайбыз. Ал жерде тарбия берүү, идеология деген жок. Америка –башкалар ойлогондой бейиш эмес. Айрыкча так илимдер боюнча биздин билим берүү системасы Америкадан өйдө турат.

-Азыркы окуп жаткан кыргызстандык окуучуларга эмнени кааламаксыз?

-Биз СССР деген улуу мамлекет учурунда жашап калдык, биздин бүтүрүүчүлөр кайсы жерге барышса, өздөрү билишкен. Азыр биздин окуучулар бутунан туруп бараткан мамлекетте жашашат.Мектепти аяктаган соң, ушул жерде калып, мамлекетке жардам беришиңер керек. Мен биздин бүтүрүүчүлөргө жолуккан сайын, сырттан да жардам берип тургула дейм. Эгерде бул жерде жакшы шарттар түзүлө турган болсо, чет элде жүрүшкөн таланттулар кайтып келишет. Бир гана Нью-Йоркто канча кыргызстандык жүрөт. Бирок, бардыгы турмуш-шартын жөндөп алышкан. Алардын бардыгы өз мамлекетинен жардамын аябайт.

-Биздин эмигранттар менен мамилеңиз кандай?

-Оо, алар менен абдан жакшы, алар ал эмес меймандашып келет. Алардын келиши жан дүйнөмө бальзам сыйпагандай эле. Ажар Ашыркулованы абдан жакшы көрөм, абдан таланттуу кыз, «умница». Ал Нью-Йорк жана Стэндфорт  университеттеринде окуганда , ал жашаган кампустарга барып калганда, америкалык жакын дос кыздары, ал жөнүндө «She is crazy!» -деп айтышчу. Чындыгында, ал билген математиканы бир дагы америкалык кыз билчү эмес. Ал япон университетинен да окуган. Ажар гана дүйнөнү таң калтырган Кыргызстанда мыкты эмес да. Турдукулов Нурбек да 61 мектепти аяктаган. Ал Вашингтондо  магазиндер тармагында чоң ийгиликтерге жетишти. Насыр Турдалиев да бизнес тарабында мыкты. Деги эле алар америкалыктардын оозун ачырышканы менен, биздин мамлекетти да көтөргүсү келишет. Менин оюмча, сыртта жүргөн кыргыздын «мээлерин» атайын шарт түзүп, кайрып келе турган убак келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости