www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай, Индия сыяктуу зор державалар АКШнын Орусияга койгон санкцияларына маани бербей Орусия менен кызматташтыгын көбөйтө баштады. Ошондон улам Орусияны ооздуктоо үчүн Кытай менен тил табышууга АКШ аракет кыла баштады.Кытайды көздөй бекер жеринен Франциянын президенти Макрон барган жок. Ал Кошмо Штаттардын элчиси катары барды. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жозеф Байден Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жакында телефон аркылуу сүйлөшө турган болду. Маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.00дө (Москва убактысы боюнча 18.00) Байдендин улуттук коопсуздук тобу менен кезектеги брифинг өткөрөрү айтылат.АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен мурдараак айткандай, Байден сүйлөшүү учурунда Кытай жетекчилигине эгер Кытай Орусиянын Украинадагы аракеттерин колдойт деп чыкса, Вашингтон эч кандай чара көрбөй турганын айткан. Бирок, буга чейин Кытай мамлекети АКШга Орусияга салган санкциялары үчүн бир нече жолу эскертүү берген.

Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр учурда мүмкүн эмес. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Funke медиа тобуна берген маегинде билдирди: "Кээ бирөөлөр үчүн ок атышууну токтотуу идеясы азгырыктуу көрүнүшү мүмкүн жана мен муну түшүнөм, бирок бул Орусиянын Украинанын чоң аймагын басып алуусун иш жүзүндө мыйзамдаштырууга барабар болсо, бул адилеттүү жана туруктуу тынчтык болбойт", - деп баса белгиледи Блинкен. Блинкен ошондой эле интервьюсунда Украинанын каршы чабуулу жакынкы апталарда башталышы мүмкүн экенин айтты.

Ошол эле мезгилде расмий Анкара "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүнө жасалган террордук чабуулдар боюнча ачык жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшкөндөн кийин маалымат жыйын өткөргөн. Түрк министри газ түтүктөрүндөгү жардырууларды энергетикалык кризисти курчуткан "олуттуу чабуул" деп атаган. Анын айтымында, диверсияны көз карандысыз эксперттер иликтеши керек. Былтыркы жылдын сентябрында орусиялык газды Европага экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүндө ири жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия болгондугун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген. Бул жерде Кошмо Штаттардын катыштыгы бар экени байкалып турат.

Учурда Кытайга эле карызыбыз 1 млрд 711 млн доллар. Кыргызстандын Кытайга болгон карызы мамлекеттин ИДПсынын 30 пайызына  туура келет. Алып кайра берип, кээ бир мамлекеттер кечип отуруп Кыргызстандын жалпы тышкы карызы: 3 миллиард 764 млн. доллар. Бул акчанын 1 млрд 711 млн долларын Кытайдын Эксимбанкынан алган. Кытай элчиси аркылуу кечпейбиз дегендей кылды. Кытай 2000-2009-жылдары 35 африкалык өлкөнүн жалпы саны 2 млрд. 850 млн. доллар карызын кечкен. Жөн эле кечпесе керек.  Андан кийинки Кыргызстандын көп карызы Японияга тиешелүү, бул жакка 237 млн. доллар, Германияга 83 млн. доллар карызпыз.

Кытай ал эмес Орусия сыяктуу мамлекеттин насыясын үчтөн бир бөлүгүн кечти. Бирок, кандай шартта кечкени купуя бойдон. Орусиянын жалпы тышкы карызы 500 млрд. долларды чапчыйт. Мунун ичинен АКШга 22 млрд. доллар болсо, Кытайга 800 млн. доллар. Путин келгени карыздар азаюу үстүндө.

Кытай Шри-Ланканын жаңы салынган портун өздөрүнө ылайык шарт менен 99 жылга ижарага алып койгон. Мындай көрүнүш Тажикстанда да болду. Алар Кытайга Жогорку Кумарг алтын кенин «Дүйшөмбү-2» ТЭЦинин курулушу үчүн өткөрүп берген. Бул ТЭЦти курууга Кытай 330 млн доллар бөлүп берген. Согду облусундагы кенди ТЭЦти курган ТВЕА компаниясы иштетип, курулушка салынган бардык каражаттарды жапканча тажик кенинен алтын өндүрөт. Эмне биз 2029-жылы «ме» деп 1 млрд 711 млн доллар карызыбызды бере алабызбы?

 Акыркы мезгилдерде Кытай катуу өнүгүп чет мамлекеттерге  100 миллиардаган насыяларды бере баштаганы белгилүү. Кытайдан чоң суммадагы карыз алган мамлекеттердин саны 100 мамлекетке жетти. Кытайдын экономикасын иликтегендер Кытай ачык да жана мамлекеттик сыр бойдон катылуу жабык да дүкүлдөтүп карыздарды туш тарапка чачып жатат. Ушул карыздардын барын эсептегенде Кытайга болгон карыздар триллион долларга жетиптир дешет. Кытайдын тышкы карыз саясатында катылбаган сыр болбогондо, бул көрсөткүч даана билинип турмак. Мисалга алсак, Түркмөнстандын Кытайдан алган насыясы белгисиз болуп турат, болжол менен 6-7 миллиард доллар болушу мүмкүн.

Эзил кайран СССРден калган мамлекеттерден Кытайдан карызды көп алган мамлекеттер Белорус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Белорустун Кытайга болгон карызы өз өлкөсүнүн ИДПсынын 31 пайызын түзсө, Тажикстандыкы 15 пайызын түзөт. Кытайга эң көп карыз болгондор Тонга, Лаос, Жибути, Монголия, Мальдив аралдары, Пакистан, Черногория жана Конго республикасы.

Кытай Бишкек ТЭЦти модернизациялоого 386 миллион доллар, «Датка-Кемин» долбооруна 390 миллион доллар бөлүп берди. Андан тышкары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна жана башка долбоорго насыя берип отуруп учурда Кытайга эле карызыбыз 1 млрд 711 млн доллар. Кытай элчиси аркылуу кечпейбиз дегендей кылды. ШКУ боюнча кызматташкан Кыргызстан Бишкектен 3. 371 гектар жер берип, Бээжинден 25 сотых жер алышы мүмкүн деп да айтылып жүрөт. Мүмкүн коронавирус оорусунан жабыркаган Кытай жибип кетип, Кыргызстанга болгон карыздарын кечип жиберер? Эмнеси болсо да 2029-жылдан баштап төлөө мөөнөтү башталат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости