www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
48
-Уу коргошун тууралуу айта кетсеңиз? –дешет Дыйкан болуш менен чогуу бараткандар.
-Уу коргошун өзүнчө дары. Айыкпай турган дарттардын дабаасы катары эсептелет. Төө котур, эчки котур, темир өткүгө –кыскасы тери ооруларын оюп түшөт. Мунун кой коргоолуна бир аз чоңураак бир тогологун иче турган болсо, өзүнчө кайнатып ичүү керек. Мында ичээр алдында улам жаңысын кайнатып турат. Бул ысыгы бар, башы катуу ооруларга, бүткөн боюу ысык таптууларга өтө керек. Мунун бир ичкени үч күндүк сууга татыйт. Өтө суук дарылардын ичине кереч кирет. Ичинде илдети бар, ички күйгөн ысыгы бар, сөөгүндө ысык таптууларга бул миңдин бири. Улукман аке бул дары чөптөрдү кийин кездештирип: “Кереч болсо келиним өлбөйт, Уулжан болсо уулум өлбөйт эле, Мамыр болсо балам өлбөйт эле” –деген экен.
-Дагы кандай чөптөн жасала турган дарылар бар? – дешет Дыйкан болуш менен жол жүрүп келаткандар.
- Түлкү куурай деген чөп бар. Муну кайнатып ичирет. Мына ушундай эле тоого чыгуучу Алтын куурай, бул жакта Абыкенин -Күңгөйүнө чыгат. Бул шыраалжын сыяктуу көрүнүп, мунун тамырын алат. Чекендинин ургаачы, эркеги болот. Муну алмаштырып ичүү керек. Кызыл жүгүрүк, каны бузуктарга, буту –тизесинен мууну ооругандарга берилет.
- Каракыз эки ачакей болуп, суу жээгинде чыгат. Кулак, муун, кызыл жүгүрүк ооруларга мунун үлүшүн таасын алып берсе болот. Буга бакма шалпай, жапан шалпай да кирет.
- Чөптөрдөн эле укмуш дарылар бар экен. Сиз билгенден жан –жаныбарлардан кандай дарыларды алса болот? – деп калды Дыйкан болуш.
- Табыпчылар Аккажыр түгөнгүрдү аябай жогору коюшат. “Өзү да бир ат, өтү да бир ат”, -дешет. Аккажырлар улуу тоолордо болот. Аңдыганы тарп болгону менен жаратылыш аны улуу дарылыкка жазып койгон. Кызыл тумшук чөкө таанды, сары тумшук чөкө таанды дайыма көрүп жүрөбүз, булардын эти дары эмеспи. Көзгө дары –кузгундун көзү. Бул кудай ургандын каны колго тийбесин, көз ачып жумгуча ырбатып жиберет.
-Адатта, бугу –марал жалган куран- чын куранда (февраль-мартта) кызыл түлөк кези. Жай айларында өз өңүнө келип, күз айларында түлөк буурул жүндүү болуп калат. Элик менен бугунун мүйүзүнүн түбү ошол жазга жуук былкылдап, тишти бекитүү үчүн дарылыгы миңдин бири. Уучулар дал ушул мезгилде ууга аттанышат да. “Кытайдын кырма дарысына” мүйүздүн түбүн алышат. Дал ошол таптан баштап мүйүздөрү түшүп кайра чыгат. Мергенчилердин айтымында ушул учурда бугунун мүйүзү өтө баалуу болот. Былкылдаган мүйүз жарылып кетпес үчүн кайберендерден аны этиеттеп алуу зарыл. Кырма дары алуу үчүн ошол канды кайнатат. Анын аягы соолуп, катканын муздатып алат. Ага башка дары кошуп аралаштырат. Мындай дарыны бөкөндүн жаш улагынын мүйүзүнөн да жасоого болот.- деди Турдалы табыпчы.
- Сөздөн -сөз чыгып узун жол кыскарып, Дыйкан болуш баштаган топ кантип жетер жагына келип калганы билинбей калды. Жоон –Арык болуштугуна жакындаганда Дыйкан болуш жигиттерине буйрук берди.Дыйкан болуштун жигиттери “Дыйкан болуш келатат! Баатыр келатат!” –деп кыйкырышты. Жоон –Арык болуштугуна тиешелүү айыл –апанын адамдары үйлөрүнөн дүрбөп чыгышып, жарданып калышты. Жоон –Арык болушу Дыйкан менен бирге келаткан Турдалы табып аны сөз менен чымчыды:
-Жарыктык! Питерборго же Мекеге барып келатпасаңыз.Же ак падышанын Түркүстанды бийлеген гүбүрнатору болбосоңуз, элди дүрбөтпөй эле койбойсузбу?
Анда Дыйкан болуш саал жылмайып:
-Бул жарык дүйнөнүн чар тарабын көзүңүз көзөй көрөт, а тургай, а дүйнөгө да акылыңыз жетет. Мен көптөн бери айылда болгон жокмун. Айылда боз уландар бар, кыз –келиндер бар.Ошо жаштар мени айылда жок дешип, оюн –зоок куруп жатышса, кокус үстүнөн чыгып калсак, алар уялып калышат. Өзүбүз да ыңгайсыз абалда калабыз. Ошондуктан менин келатканымды билдирип, жигиттерди чаптырып жатпаймынбы.
Дыйкан болуштун бул айткандары ынанымдуу болуп калат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg