www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

46

Бир ирет Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш Турдалы табып менен бирге жарым айдан ашуун казак элин  кыдырып, конок болушуп, казактын сары казы, кыйма жалын жеп, шубатын ичип сыйга карк болуп кайтышат.Жолдо Сары –Өзөн -Чүйгө да он чакты күн өргүшүп, баш аягы бир айдай убакыт өткөндө Шамшы белин артышып, Кочкорго жөнөшкөн. Узун жолду кыскартуу үчүн Дыйкан болуш Турдалы табыпка собол салып келатат:

-Туке, жоктон табыпчы болуп отурган жоксуз. Кыргыз элиндеги чоң табыпчынын бирисиз. Кулагыбыздын кумарын кандырып, күчтүү дарылар тууралуу айтып берсеңиз, -дейт  Дыйкан болуш.

-Эң күчтүүлөрүбү?

- Ооба, ажалдан алып калуучуларды айтсаңыз. – дейт Дыйкан болуш.

- Улуу табыпчылыкта дарылардын эң күчтүүсү Алмаз болот. Сымап, уу коргошун, жылан, чаян, кара курт, музообаш сымалдардын ууларын кошуп аябай аралаштырып, өзүнүн чакчасына кайнатат. Демек бул уу менен сымаптан жаралат. Ал накта таза дары, дарылардын улуусу болуп саналат. Кайнап жатканда аябай сактанбаса, кокус адамдын денесине тийсе, уу сиңип адам дароо өлөт. Мына, ушулар аябай кайнап, өңү акиташтай болуп коюлуп кетип, капкатуу алмазка айланат. Дары канчалык күчтүү болсо, ошончолук кыйын ооруларга эм болот.

- Эң эле кыйын оорулар кайсылар, Түкө? -деди Дыйкан болуш менен кетип бара жаткандардан бирөө сөзгө аралашып.

-Кулгуна жара, котон жара, өмүрү айыкпас сөөк кулгуна. Мында сөөк чирип, дарт чучукка жетет. Эт кулгуна, мында чирип –ирип куюлат. Оорулардын тозогу мына ушулар.-деди табыпчы, жол жүрүп бараткандардын арасында бир аз кобур –собур, ич ара таңдануулар, маашырлануулардан соң табыпчы айтканын улантты:

-Алмаздан кийинки күчтүү Кеперес деген дары бар. Ага уу азыраак кошулат. Мунун ургаачысы жана эркеги болот. Ургаачысы агыш, набаттын майдасындай келет, эркеги кезегирээк, тиштей чоңдукта көрүнөт. Эмдөөдө эркеги ургаачыларга, ургаачысы эркеги үчүн колдонулат.

- Мунуңуздун сыры кандай, эмне ооруларга колдонулат? –деп калды жолоочулап кетип бараткан жигиттердин бири.

-Ал да айыкпастар үчүн керектелет, бу тамак ооруларга миңдин бири. Кызыл өңгөч оорусуна аттанып түшөт. Көтөн чучук түшсө, буга да дабаа болот. Өпкө ооруларын да дарылайт. Сууга бүдүр жибербей, дандуу кара таруудай эзсең сүт өңдөнүп турат. Мына ошону ичириш керек. Бул дарынын эзилишин кол менен көрүп турбаса, кымындай эле бүдүр кетсе, кан аркылуу жүгүрүп, этти калбырлап салат. Албетте, бул дарынын күчтүүлүгүн билдирет. Бул жерде Алмаз менен Кеперес тууралуу гана сөз болуп жатат. Буларды ичкенден кийин аларды сиңире турган дарыларды ичиш зарыл. Ал “жел басаар” деп аталат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости