www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кандай, айтылуу мэр Эмилбек Абдыкадыровдун айтуусунда  шаардыктардан жөө баскыла деп кекетип жатат. Бир кезде мэр болгон Балбак Түлөбаев жок дегенде элден чоочулап кекетчү эмес. Абдыкадыровдун оюнча жөө баскан пайдалуу, шаар кичинекей. Эр болсо Эмилбек мырза Асанбай кичи районунан «Дордойго» жөө басып көрсүн, жок дегенде бир күн басат. Жөө баскандын башкы милдети унаа жок, бирок мэр  шаардагы транспорттун көйгөйлөрүн чечип жатканын билдирди. Мэрдин айтымында, мэрия Кытайдан дагы миң автобус күтүп жатканын белгилеп: "Коомдук транспортко болгон муктаждыкты толугу менен жабабыз. Ал эми маршруттук таксилер Чүй облусунун чектеш аймактарына каттайт. Июль айында автобустарды алсак, дароо ишке киргизебиз", - деп айтты.

Эми унаа жайы июль айында чечилип калат экен, таштанды жагы кандай? Бишкекке таштандыны кайра иштеп чыгаруучу завод курабыз деп айтылып келатканына отуз жылдын жүзү болду. Чет мамлекеттен келген насыяларды Бишкек мэри ашап коюп, ушул күнгө чейин таштандыны кайра иштеп чыгаруучу завод курулган жок. Эми да кайрадан баякы жомок кайрадан башталды. Чехиялык ReGreen компаниясы таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводун курат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Мэрдин айтымы боюнча, аталган компания заводду курууга 42 миллион доллар акча каражатын жумшайт. Бул каражат 15 жылдын ичинде өзүн актап чыгат. “Бул компания баардык керектүү стандарттарга жооп берет. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, заводдун курулуш иши быйыл башталат. Компания алгачс 45 миллион доллардын 20 % ын төлөп ишин баштайт. Биз тараптан эч кандай каражат кетпейт. Бизге бул жакшы мүмкүнчүлүк”,- дейт Бишкек мэри. Эмилбек Абдыкадыров заводду курууга канча убакыт керектелээрин жана качан ишке берилерээри тууралуу жакынкы арада маалымат берерин кошумчалады.

Мындан сырткары, мэр борбор калаага дагы 17 таштанды ташуучу унаа алынып келерин кошумчалады. Бишкекте таштанды маселеси актуалдуу болуп, шаар тургундары өз убагында чыгарылбай жатканына нааразы болууда. Маселе шаардын борбордук бөлүгүндө да, турак жайларда да байкалган. Биринчи Май районун тазалоого «ЭкоПроф» ЖЧКсы тартылып, ишкана 2022-жылдын 5-августунан тарта иштей баштаган. Октябрь районун болсо «Комтранском» ЖЧКсын тазалоодо. Ал эми, Ленин жана Свердлов райондору “Тазалык” ЖКнын карамагында калган.

Акыркы учурларда социалдык тармактарда таштанды маселеси абдан талкуланууда. Бул жөн гана Бишкек мэриясынын ишине көлөкө түшүрүп, мэр Эмил Абдыкадыровдун ээрден түшүүсүнө карата кайсы бир адамдар тарабынан жасалып жаткан ишби? - деген ой кетет.

12-кичи район тарап. Кечинде таштанды салынчу челектер жуулуп, бош жана таза боюнча турган. Эртең менен таштандылар баягы таштанды челектин ичине эмес, сыртына атайын ташталган сыяктуу абалда экен. Таң калдым. Мындай мамиленин эмне кереги бар? Атайын челек турган соң ичине ташта! Ушунча келген бут челекке жетпей калганбы? Же бул атайын мэрди жаманатты кылуу үчүн жасалып жаткан кыянатчылыкпы?! 4-5 таштанды толгон челекти сүрөткө тартып алып, бирөөнү эле боктой бербей, өзүбүз да таштанды таштоонун этикасын билип алсак жакшы болоор беле?…

Акты ак, караны кара деп калыс сөз айтуу Кудайга деле жакса керек. Акыркы учурда таштандынын шылтоосу менен Бишкектин мэрине жугунду куйгандай эле посттор жазылып жатат. Ал посттордон эле ким-кимди колдоп, кимди пиарлап жатканы, кимдин группасы деген нерселер ачык эле билинет экен. Менин мэр менен деле ысык-суук, жакындыгым жок. Бирок, мэрия уюштурган бир эмес, эки пресс-турга катышып, мектептердин, жолдордун курулуп жатканына күбө болгом. Ачыгын айтканда жарым жылда 15 мектептин курулушун бүтүрүп ишке беребиз деген аракет деле оңой-олтоң иш эмес. Бишкекте мындай аракет буга чейин болбосо керек. Эмнеге жасалып жаткан жакшы иштерге келгенде көрбөй, ал эми бир аз кемчиликти көргөндө көрөгөч боло калабыз?… Аттиң… Мындай көрпенделик каякка жетелээр экен. Эмнеси болсо да кимге-ким ор казса, өзү түшөрүн унутпаса. Чынында бош таштанды салчу челектердин жанында, жерден таштанды үйүлүп жатканын көрүүгө болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg   

 

 

Последние новости