www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Койдун этин тамшанып жеп, ким кой алып келсе баалаган Максүтов өзү мыкты режиссёр болгону менен мыкты жетекчи боло албай чайналууда. Биринчи ирет министр болгондо Атамбаевге жагынам деп тарых музейин өрттөп жиберген. Себеби, тарых музейиндеги баалуу экспонатттарды АША баш болуп «канталамай» алышкан. Аны жабыш үчүн тарых музейи өрттөлүүгө дуушар болду.  Экинчи ирет Акылбек Жапаровдун өкмөтүндө министр болсо дагы, ишти тарта албай келет. Орун басарлары дагы баары алсыз. Кооз сүйлөгөн популисттер. Реалдуу иши жок, куру пиар менен алектенгендер. 

Маданият министри болгон Алтынбек Максүтовду орун басарлары тоготпой, тармактын иши илең-салаң болуп, араң кожо көрсүнгө кирип-чыгып жүрүшкөнү көптөн бери сөз болуп келе жатат. Айталы, биринчи орун басары Кайрат Иманалиев баш болуп, Айнура Аскарова, Чыңгыз Эсенгулов, Марат Тагаев баары журналист, оозу менен орок оргондор. Негизи журналисттер интриганын акесин тааныткандар болот эмеспи... Мына биринчи орун басары Кайрат Иманалиев орун басардын ою жаман болуп, мурда министр болуп иштеп калгандыктанбы, өзүн жетекчи сезип, тизгин талаша бермейи бар экен. 

Чыңгыз Эсенгулов өкмөттүн аппаратынан келгендиктенби бул да өзүм билемдикке салып Алтынбек Максүтовду адам катарында көрбөй өз билген намазын окуп жатат. Бул дөдөйдү дөөрүтпөй эбак айдаш керек Мухаммедкалый Абылгазиев, Улукбек Мариповдордун көрөр көзү болгон. Мухаммедкалый Абылгазиев башынан сылап «мыйолотуп» койчу.

Марат Тагаев деген жаштайынан мансапкор, кошоматчы орун басары болсо, Фейсбукта президент менен депутаттарга кошомат айтып эле отурат. Кылган иши ошол. Өткөндө малга салык салыш керек деп "оттоп" жүрөт.  Маданият тармагынын мал менен кандай байланышы бар?  Анткени министри  Алтынбек Максүтов койдун этин жакшы көрөт, демек койду да жакшы көрөрү бышык. Деңгээли ушундай анан ал коюп талпынтып жаткан орун басары  кошоматчылык кылып эмне деп дөөрүбөйт...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости