www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АША учурунда бырын-чырынын чыгара айыл чарбасын да талкалаган. Согуш-погуш жок эле баалар кескин кымбаттаган. Самаков сыяктууларды эч себеби жок камаган, Талгарбеков, Колубаевдер мамлекетти оңдоо боюнча жакшы сунуштар менен чыгышкан. Бирок алардын «Элдик парламентине» башкаларды кошуп түрмөнүн түбүнө чириткиси келген. Бүгүнкү күнү деле Аскарбек Жаныбеков баш болуп турган айыл чарбасы жыргатып ийген жок. Кымбатчылык асмандын башына чыкты. Эл кымбатчылыктан аябай кыйналып жатышат. Инфляция болуп көрбөгөндөй өстү. Бийлик бааларды көзөмөлдөй албай калды. Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдары, турмуш-тиричилик техникаларынын наркы 3-4 эсе жогорулады. Карапайым калк кымбатчылыктан тукулжурап, мукурап баратат. Мындай кырдаалдын аягы социалдык жарылууга жеткирет. 

Атамбаев согуш-погушу жок эле кымбатчылыкка бет алса, мына эки жылдан бери Украина менен согуштук жаңжалды башынан кечирип, дүйнөнүн санкциясына кабылып, экономикалык оор соккуларга карабастан, Орусияда азык-түлүктүн баасы Кыргызстандан бир кыйла арзан. Бир-эки мисалга токтолуп көрөлү, Орусияда 1кг күрүчтүн баасы 55 сом, Кыргызстанда 135 сом, Нарында 195 сомго чыкты. Ал эми Казакстанда 1кг 60 сом, Өзбекстанда 1кг 70 сом. Кумшекердин баасы Орусияда 40 сом, бизде 100 сом. Казакстан менен Өзбекстанда эттин баасы 360-400 сом, бизде 520-600 сом. Аскарбек Жаныбеков баш болгон биздин өлкө жетекчилери эмнени карап отурушат билбейсиң. Антимонополия дегенди жоюп эле салыш керек. Пайдасы жок. 

Өкүнүчтүүсү, кеч күздөн тартып, кийинки жылы кымбатчылык азыркыдан дагы өсөт. Элдин абалы кантет айтуу кыйын. Дегенибиз, быйыл жазда суу тартыш болуп, дыйкандардын айдаган дан эгиндери, жашылча-жемиштери күйүп кетти. Түшүмдүүлүк дээрлик 60%ге чейин кыскарды. Чыгым көп. Пайда аз. Ал түгүл тоют жок. Демек, эт азыктарына болгон баа дагы жогору болот. 

Айталы, 2023-2024-жылдарда республика боюнча керектелүүчү тоют эсеби 6471 миң тоннаны түзсө, кыш мезгилинде кыштатуу өнөктүгүнө араң 3793 миң тонна тоют камдалаарын айыл чарба министрлиги маалымдады. Бирок бул сан дагы реалдуу чындыкка дал келбейт. Себеп дегенде, 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында болгону 948 миң тонна тоют жыйналган. Ошондо керектелчү тоюттан 5 эсе аз. Бул дегендик Кудай өзү сактасын, жуттан кабар берет. Ошондуктан, колдо болгон тоюттарды коромжусуз пайдалануу, аларды тышкы рынокторго чыгарууга (экспорттоого) чектөөлөр киргизилип жатат. 

Ушундай кейиштүү оор абалга карабастан Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан 9 азыктын түрүнүн мурда 3 түрүн араң камсыздап келсек, катчылыкка карабастан 5 түрүн камсыздап жатабыз" деп мактанууда. Болсун дейли. Бирок чындык башка. Түшүмдүүлүк кыскарды. Баалар асмандын башы. 

Ошого карабастан, Айыл чарба министрлиги:" Өзүбүз өндүргөн эң негизги 9 продуктунун ичинен былтыр 3 продукту менен камсыз кылып келген болсок, быйыл бул продукциянын көлөмүн эт жана кумшекер менен толуктай алдык. Демек, 9 продуктунун ичинен быйыл 5 түрү менен камсыздоого жетишебиз. Былтыр 9,3 миң гектарга кант кызылчасын эккен болсок, быйыл 14 миң гектарга чыгардык. Биз болжоп жаткан түшүмдүлүк болсо, өзүбүз өндүргөн айыл чарба продукциясы менен 85% камсыз кыла алабыз", - деп эле жарымы жалган жарымы чын жарандардын көөнү үчүн, көбү жалган көбү чын көпчүлүктүн көөнү үчүн деп эле чындыкка анчейин коошпогон статистикага элдин кулагын семиртип жатат. 

Куру сөз курсак тойгузбай турганын, курулай упчу эмизип, жел сандар менен элдин көзүн жазгыруу кырдаалды жакшыртпасын министр Аскарбек Жаныбеков түшүнбөгөнү чатак. Балким түшүнсө дагы башы оорубагандын Кудай менен иши жок болуп билмексен. 

Негизи Аскарбек Жаныбеков министр болгону Айыл чарба тармагы өлчөөсүз зыян тартып жатат. Мына өз убагында селитраны дыйкандарга сатып таратып бербей коюп, бекитип отура берип жараксыз кылып таштады. Мамлекет бир миллиард сом чыгым тартты. Айыл чарба тармагына бөлүнгөн төмөн пайыздык насыялар өз дарегине жетпей, ортодо баягы эле шылуундар туйтунуп, карапайым эл куржалак калышканы Жогорку Кеңештин трибунасынан эл өкүлдөрү тарабынан эчен ирээт айтылды. 

Тилекке каршы, Жаныбековдун кызматтык ишмердүүлүгүн иликтеп, тиешелүү чара көрүүгө Президент Жапаров, ошол эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кабмин төрагасы  Жапаров көңүл бурган жок. 

Деги эле ушул пайда-батасы жок, статистика менен алектенген, сырттан ар кандай жолдор менен келген грант, насыяларды жешип, өлкөнү карызга батыргандан башканы билбеген, 5 миңдей чиновниктердин армиясын багып отурган Айыл чарба министрлигин жоюп эле салган оң окшойт. Бюджетке пайда болмок. Ансыз деле дыйкан-фермерлерге, элге жарыгы тийген жери жок. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости