www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акматбек Келдибеков оңой «жаңгак» эмес, жөн эле тиш салып чагып ийе турган. Ал союз убагында ВДВда кызмат өтөп келген экен. Ал мезгилде десант деген бардыгынан өйдө болуучу да. Азыркы америкалык спецназ, рейнджер жана башкалар десанттын атын укканда кирерге тешик таба албай калышчу. Ошого жараша союз сыймыктана тургандай мыкты жигиттерди тандоочу. Ушул жума десантчылардын майрамы.

Акматбек Келдибеков ушул бийликтин келиши үчүн Атамбаевдик бийлик менен чокулашып Аида Салянова сыяктуу Башкы прокурор менен күрөшүп келбеди беле? Аны премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда 2013-жылы камашкан. Эми Атамбаев камалып чыкса, Сатыбалдиев менен Салянова да камалышып, бийликтин амири менен камактан тыш жүрүшөт. Алайдын түпкүрүндөгү Сопу-Коргон айылында төрөлүп өскөн десант Келдибеков таанышы менен Ош, Бишкектен көз жаздым кылып диплом албастан, Борбордук жогорку окуу жайынан жогорку билим алып келип, Илимдер Академиясында илим менен алпуруша баштайт. 1993-жылы Каржы министрлигине качырып кирип четинен талкалап отуруп 1999-жылы Кыргыз улуттук Университетин сырттан аяктап, 2001-жылы Каржы министринин орун басарлыгына жетет. Ал эми 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы болуп Акаевдик бийликтин тоскоолдуктарына кабыла баштайт. Өсүп бараткан жаш жигитти көрө албагандар бут тосо баштайт. Ошондуктан, 2005-жылы кызматты урдум деп, Жогорку Кеңешке талапкер катары ат салыша баштаган. Акаевдик бийликтин адилетсиздигине карабастан жеңишке жетишип парламентке келет.

Үчүнчү парламентте Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдер менен биримдикте болгон. 2010-жылы апрелде бийликти тартып алып, БЭКтин мүчөлөрү «бир кадам» алдыга жылышкан. Бирок, бийликке келгенден кийин алар «маскаларын» сыйрып салышып, өз жүздөрүн көрсөтө башташты. Банктын ячейкаларындагы миллиондордун изи сууду. Бийлик анархиясы башталып, туш-тараптан чуулгандуу окуялар чыга баштады. Эл ишенген Өмүрбек Текебаев Батыштын Башмыйзамын «ксерокопиялап» отуруп алды. Ал Башмыйзамы кыялданганына карабай, өзүнүн бутуна тушамыш болуп берди. Элди баштап келген Алмазбек Атамбаев республикалык деңгээлдеги «отдел кадрга» айланды. Элдик революционерлер Темир Сариев, Азимбек Бекназаровдор «сотка» менен акча талашып жүрүштү.

Кадыржан Батыров баш болгон өзбек авантюристтер, калкты-калкка кайраштырып, азан чакырып кыргыздарды кыра баштады. Кыргыз калкы бизди кыра бер деп жөн жатып алмак беле, колдоруна союл кармашып, куралчандарга каршы чыгышты. Ошто чаң- тополоң башталды. «Бака баштуу эркекте, алтын баштуу аял артык» дегендей, «бака баштуу» Убактылуу өкмөттөгү эркек танаалар аялдарынын дамбалдарына баштарын катышып, Ошко бара албай жашынып калышты. Жашынып жаткан эркектерге эл өз баасын шайлоодо беришкен. Кээ бирлери эптеп парламентке кыпчылып өтүшсө, кээ бирлерин эл бетине жаба түкүрүшүп жолотушкан жок. Ош окуясы көпчүлүк экс-оппозиционерлерди «эки кадам артка» сүрүп салды.

«Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дешет эмеспи. Ушундай элдин башына каран түн түшкөндө Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев сыяктуу азаматтар үйлөрүнө бекинип жатып алышкан жок. Алар карапайым өзбек калкы менен кыргыз элин ынтымакка чакырабыз дешип, тоодон күргүштөп түшүп келаткан кыргыздардын алдын тосушуп, өзбек-кыргыз жаңжалын токтотууга болгон дараметин жумшашты. Эл деген калыс. Эл мурунку бийлик менен ким кызматташты, ким каршы көтөрүлдү анысына караган жок. Эл деген бир гана акыйкат баасын берди. Ош окуясы убагында ким жүрөктүү жана ким суу жүрөк экенин шайлоодо аныкталды. Кыялы менен бийликти бөлүп алгандардын тамтыракайы чыккан. Алар бутунан туруп алышкан соң элдик баатырларга асыла башташкан. «Ата-Журт» партиясынан Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди тогуз ай томсортуп камап, андан соң Келдибековго кезек келген. Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго карата КР КК 303-беренеси боюнча айып коюлган. Билдирүүгө ылайык, депутат Акматбек Келдибеков КР Социалдык фондунун төрагасы болуп турганда мамлекетке 24,3 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген. Мындан тышкары, Келдибековго башка кылмыш иши боюнча ("Бизнес-Партнер" ЖЧКсы боюнча) КР КК 304-беренеси боюнча айып коюлган, тактап айтканда кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айып тагышкан. Мында ыктыярдуу патент негизинде салыктарды жыйноодо салык органдарынын иш-милдеттери "Бизнес-Партнер" ЖЧКга мыйзамсыз өткөрүлүп берилген, натыйжада мамлекеттин бюджетине салык түрүндө 2,3 млн сом түшкөн эмес. Албетте, бул саясий айып экени сезилип турган. Кызык, Атамбаевдин убагында элдик баатырларды камакка тыгышып, “элдик коркокторду” сый тамакка чакырыша баштаган. Тарых бардыгын өз ордуна коё турган да убак да келген.

Атамбаевдин убагында кээ бир мамлекеттик документтер көз бойомочулукка салынып, ашыра жамандалып жатчу. Эл аралык парламенттик уюмдардагы укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялоо маселелери боюнча ЖКнын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 93-V токтому бекитилген, бул өзгөчө Жобо менен жөнгө салынат. Мында республикалык бюджет ЖК мыйзам түрүндө үч окууда добуш берүү жолу менен кабыл алышып, ага президент кол койот.

2011-жылдын 3-мартында ЖК мыйзам кабыл алып, ушул жылдын 30-мартында президент кол койгон, 5-апрелден күчүнө кирген. Бул мыйзамдын 2-1 тиркемесинде ЖК бөлүгүндө атайын өкүлдүн катчылыгын каржылоо 13 млн. 099,7 миң сомду түзгөн. Анын ичинде эмгек акысы 4 млн 914,1 миң сом болгон. Атайын өкүлдүн кызматынын киргизилишине карата КРнын бир топ мыйзамдарына кайрылуулар болгон. Россиянын тиешелүү адамдарына Кат жөнөтүлүп, бирок шайлоо процесстерине байланыштуу алар убактылуу токтотулган. Бул мыйзам боюнча спикер ЖКга ар жыл сайын отчет берүүгө милдеттүү болгон. 2012-жылы 1-январда атайын өкүлдүн иши токтотулган, атайын өкүл өз иши тууралуу жыйынтык отчет берген. Эсептөө палатасы бул ишти карап чыгып,каржылык укук бузууларды тапкан эмес. Кызыгы ушул окуя Акматбек Келдибековдун иши боюнча башкы далилдердин бири болгон. Эгер Эсептөө палатасы иштеп кемчилик таба албай, далилдей албаса, башка кайсы каржылоо булагы мүчүлүштүк таба алмак эле?

Атамбаевдин убагында айтылган анекдоттордон:

АША алтын балык кармап алат. Алтын балык: “Мени коё бер, мен сенин үч каалооңду аткарам” – дейт. АША ойлонуп калат: “Байлыгым болсо жетишерлик, бийлигим болсо бар, дагы эмненин кереги бар?” Ары ойлонуп - бери ойлонуп:

-Биринчи каалоом атаандашым Адахам Мадумаров менин алдыма кызмат сурап келсин. –дейт. Шар эле Мадумаров чуркап келип кызмат сурайт.

-Экинчи каалоом менин шопурум Султан Ибраимовдун деңгээлине жетсин. –дейт. Караса эле шопуру Ак үйдү алаканга салып чимирип жатат.

-Үчүнчү каалоом парламенттен атаандашым Акматбек Келдибековду көргүм келбей турат. –дейт. Караса эле “Альфанын” куралданган аскерлери Акматбек Келдибековду кармап, СИЗОну көздөй алып келатышат.

Ар бир бийликтин өзүнүн өзгөчө стили болот. Акаев бийликке келгени советтик авторитардык режимди сактап кала алган жок. Борбордук Азияда калган мамлекеттердин бары “эки тизгин бир чылбырды” колдоруна алышып, диктатураны бекем орнотууга жетишти. Демократиялык жолго түшөм деген Аскар Акаевди деле үй-бүлөсү, тегерегиндеги бийлик адамдары тескери жолго салышып, демократиялык негизде кабыл алынган Конституцияны улам-улам жамаачылап отурушуп, акырында тамтыгын чыгарып жиберишти. Кечээки демократ-президент Акаев жүрүп отуруп диктаторго айланып баратты.Бирок, ал өзүнүн атаандаштарын, оппозицияны камакка алган жок. Аларды башка ыкмалар менен төбөгө чаап турду.

Атамбаевдин ишмердүүлүгүнүн башкы методу бул атаандаштарын камоо менен чектелип турчу. Ошондуктанбы, ушул эле партиянын мүчөсү, ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина бийликке каршы ооз ачкан журналисттерди камоо тууралуу мыйзам токуп чыгып, КСДП фракциясынан 3 окууда шыр өтүп кетип, коомчулуктун кийлигишүүсү менен араң токтотулган. Ал эми Алмаз Атамбаевдин убагында болсо оппозициялык маанайдагы парламент мүчөлөрүн камоо көнүмүш нерсеге айланып кеткене. Эң биринчилерден болуп президентке талапкердигин койгон, 2008-жылы Атамбаев Медет Чокановичти ортого салып Бишкекке мэр болоордо, мэрдик орунду илип кеткен атаандашы ЖКнын депутаты, “Ата-Журт” фракциясынан Нариман Түлеев камакка алынган. Ортодо камаар алдында ЖКнын депутаты, “Ата-Журт” фракциясынан Нурлан Сулайманов качып жок болду. Анын артынан Ак үйдү басып алгысы келген деген шылтоо менен ЖК депутаттары, “Ата-Журт” фракциясынан Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор камактын “даамын татып” чыгышты.

Ал эми президент Атамбаевдин учурдагы башкы атаандашы Акматбек Келдибековдун камалышы Атамбаевдин заманынын аяктап баратышынын башталышы болуп калды. Акаевдик замандын аякташынын башталышы Аксыдагы окуялар болгон. Ошондон баштап Акаевдин бийлигинин кадыр-баркы нөлдү карап, анан чөгүп кетти. Ал эми Атамбаевдин заманынын аяктап баратканы мына Келдибековду камоодон башталган. Убагында Акматбек Келдибеков Алмаз Атамбаевге көп жакшылык кылган. Парламент шайланып келип, Атамбаевди премьер-министрликке көрсөткөн КСДП, “Ата-Мекен” жана “Республика” партиялары түзгөн коалициялык көпчүлүк, парламенттен ишеним ала албай кулап калганда, Акматбек Келдибеков “Ата-Журт” партиясы менен көпчүлүк коалицияга кирип, Алмаз Атамбаевге өкмөт башын алып берген. 2011 – жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков тартынбай эле өз партиялашы Камчыбек Ташиевди колдой турган болсо, оомат ошол жакка ооп кетмек. Бирок ал Атамбаевге жол ачып берген. Атамбаев болсо президент болоор менен, Келдибековду спикерден жыга чаап, анан каматып салган. “Жакшылыкка жамандык”- деген ушул. Атамбаевдин колунда бийлик түбөлүк калган жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


 


 

 

 

Последние новости