www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилдеги чек арада болуп жаткан элибизди бир топ түйшүккө салып койду. Айрыкча мекенчил-улутчул күчтөр. Азимбек Бекназаров 2017-жылы мекенчил-улутчул күчтөр менен так ушул айткан идеялар менен президенттикке талапкер да болуп да барган. Бул чоң компания, үнүң эч жерге жетпейт, маалымат каражаттарың жок эч жакка бара албайсың.

Эл арасында көп жыл жумушу жок эле жүрдү. Анда дагы жөн жүрбөстөн гезит аркылуу ушул идеяны айтып келатты. "Унчукпай коюуга укугум жок" деген китеби менен ал кездеги президентти канча сындадым. Эми  деле ошондой сөздөрдү айтып келатат. Эмне жыйынтыкка жеттик? Эч нерсеге жеткен жокпуз. Нөл десек болот. Азыр деле ошентип жүрө берсе, нөл болуп кете берет. Малайзияга жөнөр алдында: "Силердин идеяңарды ишке ашырабыз, реформа учурунда чогуу иштешебиз, сиз убакытты бошко кетирбей ушул жакта иштеп турбайсызбы…" деген сунуш менин оюмча жөндүү эле.

Негизгисин айтып коёюн, тандоо Азимбек Бекназаровдуку эмес, президенттики. Эч жакка кетирбей эле ушул маселелер боюнча иштеп бериңиз десе, каршы болбойт эле. Бирок, Конституция боюнча өкмөттү парламенттеги партиялар аныктайт. Кызмат-ордуларын 4 партия бөлүп алган. Азимбек Бекназаров каалаган кызматты президент бере алган жок, президенттин айтканына ал барган жок. Түркия, Азербайжандагы элчиликтер сунушталган. Ал макул болбогондон кийин башкалар кетти.

Акыркысы – Малайзияга барбайсызбы деген сунуш болду. Саясатчы үчүн тайм-аут дагы керек. Малайзияга элчи болуп кетип, Кыргызстандын саясатынан кетип калдым деп айтпайт. Ошол жакта жүрүп дагы Кыргызстандын элине чоң жардам берүүгө аракет кылды. Президент өзү сунуш кылып жиберди эле, мына эми дегендей жаман атка калтырбаганга аракетимди жасады. Туура тандоо болгон экен, Малайзиядагы каралбай калган элчилигибиз иштеп жатат деген кыргыз эли үчүн жакшы нерсе. Сооронбай Жээнбеков узакка президент болуп калган жок.

Саясаттан тажап, айласыз сыртка чыгып кетпей, тайм-аут алып, саясий өргүүгө кетип жаткандай эле. Саясаттан тажаса эшикти жаап коюп кетет эле. Эшикти жапкан жок, элге саясаттан кеттим деп айткан жок. "Мен саясаттан кеттим" деп чет өлкөгө кетип, 2–3 жылдан кийин кайра келип, депутат болом деп жүргөн бир топтор бар. Жаңы китепти жазып жатып, саясатка жаштар келишине каршы болуп жүрдү.

60 жаштан өткөн, турмушту билип, кагылып-согулуп, кемчиликтери кайсыл жерден кеткенин анализдеген адамдар саясатты аныктаса түзүк болчудай. Жаштар аткаруу бийлигине иштесин, аким, айыл өкмөт, министрдин орун басары болуп барып, ошол жакта бышып, андан кийин саясатка келишсин. Кытайда 60 жашка чыккыча министр койбойт экен. Азыр биздин жаштар "баягы эскилер эле жүрөт. Жаштарга орун бербейсиңерби…" деп атышпайбы.

Элден мурда саясатка келгенче бир жерден такшалып, сыноодон өтүп келиш керек. Мисалы, 40 жаштагы Бекназаров менен 60 жаштагы Бекназаровду салыштырып көрүп, 40 жаштагы Бекназаров 60 жаштагы Бекназаровдун бир бутуна дагы татыбаган саясатчы экен деп баа берем. Орусияда Ельцин жаштарды бийликке алып келип эксперимент кылган. 22 жаштагы Кириенкону премьер-министр кылып алып келген. Андан соң 60 жаштан өткөн Черномырдинди алып келгенден кийин экономика токтогон.

Кыргыз "жаш келсе ишке" деп бекер айтпаган экен да. Жаштарды иштетишибиз керек. Курсагы чоң миллиондогон акчасы бар бизнесменди "Акчаң бар экен, депутат болуп кел” деген саясат туура эмес. Азыр “Базар-Коргондон, Алайдан ким бай? Ошону тапкыла" деп калбадыбы. Мамлекетибиздин саясатын жүргүзө турган органды алдын ала шайлоо кодекси менен ушундай болот деп койгонбуз. Бул Батыштын долбоору. Кыргызстан ушундай башаламан болсун, улуттук каада-салты талкалансын, биз айткан долбоор менен партиялык системаны өркүндөтөбүз деп ит боло берсин дешти.

Биз партияны өркүндөткөн жокпуз, талкалап салдык. Партиянын лидерлери болгон коррупционерлерди, саясий коррупцияны пайда кылдык. Тизмеге кириш үчүн пулдуулар келет, кезек талашат. Эң байлары "золотой" болуп биринчи ондук, андан кийин "күмүш", "коло" болуп кетишет. Ушинтип өлкөбүздү өзүбүз мыйзамдарыбыз менен тыттык. Буга бир эле президенттер күнөөлүү эмес, президенттин кеңешчилери, референдумду өткөргөндөр күнөөлүү. Мен президентке жолуккан сайын Батышты 30 жыл уктук, эми өзүбүздүн элибизди угалы, өзүбүздүн каада-салтыбызга жараша референдумду жүргүзөлү, сиз ушуну ишке ашырыңызчы деп суранам.

Акыркы мезгилдеги Тажикстандагы ал-абал оорболуп тургансыйт. Эмнеси болсо Азимбек Бекназаров кайрадан "бульдозерун" капиталдык ремонттон өткөзүп от алдырганы тургандай...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости