www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар капкара болуп турат, бирок байыркы кыргыздар саргыч тартып «европеоид» болушкан. Жалаң каралардын арасында жашап жүрүп, кыргыздар деле карарып кетти. Бишкектин түштүгүндө Байтик баатырдын паркы жайгашкан, ушул сейил багында Верещагин тарткан Байтиктин келбети турат.1869 жылы Верещагин Жети-Суу менен Батыш Кытайда саякатта болот. Ал Мюнхенге барган соң таасирленип «Бай кыргыз аңчысы шумкары менен» деген сүрөтүн тарткан. Андан тышкары «Барскоонго жол» деген Ысык-Көл жөнүндө беш этюду, Боом капчыгайы тууралуу тарткандары бар.

«Бай кыргыз аңчысы шумкары менен» сүрөтү Мюнхенге барган соң Байтиктин өңүнө таасирленип тартылган сүрөт. Бул жерден тарыхчы Табылды Акеров Байтиктин сүрөтү деп туурасын айтып далилдеп келип, бирок бир ката кетирген: "Социалдык тармактагы маалыматка караганда Верещагин Байтик баатыр менен 1867 –жылы ал Орто Азиялык элдердин 17 өкүлү менен Санк-Петербург шаарына Александр II кеңешке барганда таанышкан. Бирок, кийинчерээк орус аскерлери Түркстанга киргенде ал Байтик менен кайрадан жолугушуп, алар жылуу мамиледе болушканын жазат. Байтик менен жакшы мамиледе болгондуктан сүрөтчү Верещагин Чүйдү эркин кезип кыдырып, Кытайга өтүп, анан ал жактан да катуу таасирленип, көптөгөн сүрөттөрдү жараткан».

Ак падыша Александр экинчинин коронациясы 1856 жылдын 26 августунда болгон. Бул кезде отуздагы Байтик Жангарачтан өйдө өтө алчу эмес. Солтону Жангарач бийлеп турган, жаңыдан Ормон өлүп бугу-сарыбагыш чабышы болуп турган убак. Байтик 1862 жылы Бишкек беги Рахматтуланы жок кылгандан кийин кадыр-баркы көтөрүлө баштаган. Ал эми 1967 жылы ак падыша Александр экинчинин Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына солто уруусунан өкүл болуп барган. Сарыбагыштан Жантай уулу Шабдан барган. Шабдан 1883 жалы ак падыша Александр үчүнчүнүн коронациясына да барган. Ошол үчүн Табылды мырзанын «Александр II коронациясына барганда таанышкан» деген цитатасын «Александр экинчинин Кеңешине катышуу үчүн барганда таанышкан» деп окуш керек.

Верещагинди 1867-жылы Түркестандын генерал –гүбүрнатыры Кауфман чакыртып алат. Верещагин ушул мезгилдеги Ташкен, Самаркан, казак талаалары жана жалпы эле Түркестан тууралуу элестерин тартып алып, 1869 жылы «түркестан көргөзмөсүн» уюштурат. Ушундан соң гана Жети-Сууга жөнөйт. Ал Мюнхенге барган соң таасирленип «Бай кыргыз аңчысы шумкары менен» деген сүрөтүн тарткан. Сүрөттө  Байтик баатырды чыгыш элдерине мүнөздүү өтө бай адамдар кийине турган кийимде тарткан. Анын колундагы шумкар, анын социалдык статусунун символун чагылдырып, анын бий жана мергенчилик өнөрүн мыкты билген аңчы экенин көрсөтүп турат. Байтик узун мылтыкчан, мергенчиге ылайык бычакчан жана шапалак түрүндө өрүлгөн камчычан. Байтик шумкарды кармап, боз үйдүн ичинде тартылган. Кээ бирөөнүн айтуусунда типтирүү бойдон катып тургандай түрдө делет. Сүрөттө видеодой ары-бери жылып турбайт, ошентип каккан казыктай катып турат.

Сүрөттү жакшылап карап, Верещагин чын эле Байтик баатырды тарткан болуш керек деген ойго келсе болот. Себеби, сүрөт Мюнхенде тартылган, башкача айтканда Верещагин Байтик баатырды көрбөй тарткан. Бирок, ал Байтик баатырдын социалдык статусун, канчалык таасирдүү экенин жакшы билген. Ошондуктан ал Байтик баатырды шумкар карматып тарткан. Шумкар байыркы доордон бери кыргыздарда бийликтин символу болуп келген. Энесай кыргыздары Жоочуга багынганда үч ак шумкар белек бергенин мисал кылсак болот. Санжырачылардын айтымында Байтик баатыр чоң аңчы болгон. Анын күлүктөрү, тайгандары, аң уулоочу бүркүтү болгон. Мына ушунун өзү Верещагин Байтик баатырды аңчы кылып тарткан деген суроого мыкты жооп болушу мүмкүн. Себеби, Верещагин өзү да Байтик баатыр менен аң ууга барып же болбосо, андан аң -уу тууралуу ар кандай окуяларды угушу толук ыктымаал.

Сүрөттө  Верещагин Байтик баатырды славян жүзүндө тарткан. Ошого айрымдар, бул Байтик баатыр эмес деп жатышат окшойт. Бул жерде  мисалдарды келтирсе болот:

Биринчиден, Верещагин эмне үчүн кыргыздарды «европалыктарга» окшоштурган, себеби байыркы кыргыздар «европеоид» болушкан.

Экинчиден, Верещагин өзү орус болгон, ошондуктан Мюнхенде тартып жатса, шовинисттик каны кызып кетип өздөрүнө окшоштуруп тарткан.

Үчүнчүдөн, Верещагин сүрөттө кыргыз аңчысын славян жүзүндө бекеринен арткан эмес. Муну менен ал Орто Азияда да европа элдерине түспөлдөш кыргыз эли бар деген ойду айткысы келиши мүмкүн. Башка айтканда ал Батыш элдерине кыргыздарды европеоид түспөлүндө презентация кылып жаткандай.

Төртүнчүдөн, Верещагин, башка орус офицерлери сымал эле, Енисей кыргыздары тууралуу да көптөгөн маалыматтарды окуп, аларды билген десек болот. Ошого Мюнхенде тартып жаткандыктан ал Байтик баатырды славян түспөлүндө тартышы мүмкүн болчу. Анан калса, Канайдын азыркы тукумдарынын арасынан да сүрөттөгү Байтик баатыр деп аталып жаткан адамга окшош замандаштарыбыз оңой эле табылаарын унутпайлы.  

Бешинчиден, сүрөттүн темасы «Бай кыргыз аңчысы шумкары менен» деп турат. Мейли ал Байтик болбосун, эмне үчүн кыргызды оруска окшоштуруп салган. Мунун Байтик экендигин Байтиктин сүрөтүнө салыштырып билсе болот.

Верещагиндин «Бай кыргыз аңчысы шумкары менен» сүрөтү Байтик Канай улууна арналып тартылыптыр. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Василий Верещагиндин «Бай кыргыз аңчысы шумкары менен»  сүрөтүндө Байтик баатыр тартылган деген пикирге кошулбайт.

"Бул сүрөттөгү Байтик баатыр эмес, шылдың болобуз! Бул сүрөт Василий Верешагиндин 1871-жылы Мюнхен шаарында элестүү тарткан сүрөтү. Сүрөт өтө чеберчиликте тартылган, эч айып жок. Бирок дал ушул сүрөттү айныксыз Байтик баатырдын сүрөтү деп "далилдеп", баатырдын 200 жылдыгына арналып курулчу айкелине, болгондо да Президент тарабынан каржыланып жаткан айкелге ушул сүрөттү негиз кылып алганга чечим чыгарышыптыр.

Өткөндө өкмөттө өткөн жыйында угуп, "Уят болосуңар!" десем, Президенттин кеңешчиси "Байтиктин чыныгы сүрөтү ушул деп" - айтпадыбы дешти. "Президенттин кеңешчиси туура эмес айткан токтоткула!" - деп айттым. Чындыгында бул Байтик баатырдын чыныгы сүрөтү эмес. Бетин карагыла. Славян элинин бет түзүлүшү. Кийими окшошсо да бети, чырымы, жашы окшошпойт!

Василий Верешагин 1867-69-жылдары Түркстан Генерал-губернатору Фон-Кауфмандын карамагына келип иштегени чын. Ал жылдары Чүй өрөөнүнө келгени да айныксыз чындык. Ал убакта Байтик баатыр 50 жашка да чыга элек мезгили болчу. Сүрөттө 70 тен ашкан кыргыздын бай аңчысы. Болгондо да славян түспөлдөшкөн!

Андыктан нак ушул сүрөттү Байтик баатыр деп, айкелди ушул турушунда тургузуу барып турган сабатсыздык! Сүрөт Чүйдө эмес, Мюнхен шаарында тартылган. Шылдың болобуз! Тез токтотолу!". Кыяс Молдокасымовдун бет түзүлүшүнө жооп бердик деп ойлойбуз. Жашы боюнча, илгери кыргыздар олбурлуу келишкен, элүү жашынан сакал коюшуп, азыркы сүрөткө чамалаш болуп калган. Анын үстүндө Мюнхенге барып тарткан соң бир аз сүрөттө карытып койушу мүмкүн. Учурунда президент Алмазбек Атамбаевдин ата-тегин Алматынын архивинен иликтеп жүрүп Кыяз мырза Байтиктин тарыхына да күбө болгон. Архивдик документтерге көз жүгүртсөк. Бул маалымат 1885-жылга тийешелүү жана болуштуктун аталышы Талкан болушу деп аталып турат. Мына ушул тизменин ичинде Канайдын уулу Байтик менен катарлаш Шаманын ысмы жүрөт. Талкан болуштугунун тизмесинде биринчи болуп айтылуу Байтик баатырдын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жазылган. Бул архивдик документте Байтик баатыр 1885-жылы 63 жашта экени, байбичеси Апар 47 жашта болгону, андан ары анын 10 төөсү, 400 жылкысы, 350 мүйүздүү малы, бак-шактары тууралуу маалыматтар берилген.

Шао-Мао (Шама) ким? Шералы хандын убагында солтонун баатыры Чыңгышты барымтада кармап турушту. Аны койо бергенде кытайлык ашпозчусу Шао-Маону (Шама) кошуп берген. Шао-Маону кытай дешип эл жүдөтө бергендиктен Чыңгыш: “Шаманы өзүңөрдөй көргүлө”  деп катуу зекиген. Шао-Маодон (Шама) Атамбай, андан Исак, андан Шаршен. Алмазбек Шаршенович Кыргызстанга президент болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости