www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын үчүнчү даражадагы атка минери Кыргызстанга келгени турат. Албетте бүкчүлөңдөп, эки бүктөлүп, арам тамак "чинишибиз" Эдил Байсалов тосуп алары айдан ачык. Эдил Байсалов 2022-жылдын 15 апрелинде мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зеей келгенде эки жүздөнүп тосуп алып, Орусияны АКШ тарапка шыбаган. Ал АКШ кол жеткиз бийиктикте деп мактап анын алдында "куйругун чамгарактатып" турган. Эми да Кыргызстан ЖККУ менен ЕврАзЭСтен чыгат деп эреркеп, АКШ тарапка жагынгысы келип турат.

Эдил Байсалов өз колу жазгандарына кайрылып көрөлү:

"Лже патриоттор" "Чем хуже, тем лучше" деген лозунг менен жашашат. Мекенибиз өнүкпөй, ачарчылык болсун деп турушат. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасында билдирген. Анын пикиринде өлкөдө "лже-патриоттор" бир канча. Аз эмес.

"Президент өлкөдөгү ири долбоорлор боюнча пикирин айтып, мындай өлкө үчүн керектүү жана пайдалуу иштерди негизсиз жолтоо болгондор жөнүндө айтып өттү.

Лже-патриоттор дегендер ким?

Алардын максаты так эле белгилүү: кандай болсо дагы кайсы бир шылтоону таап, ызы-чуу салып, азыркы стабилдүүлүктү бузуп, кезектеги төңкөрүш уюштуруу. Ички сырткы заказчиктери да анык. Өздөрү деле жашырбайт: баланчадан мынча акча келди, мобундай план иштелип чыкты деп айтып мактанышат.

Лже патриоттор бийликке "элдин жашоосун оңдогула, иш орундары менен камсыз кылгыла, казынаны толтургула" демиш болуп, өкмөттүн кандай гана ниет иш чарасы болбосун, ошо замат жамандап, элдин пикирин тескери буруу менен алек, иши кылса, мамлекеттин ийгиликке жолун бууганга дуушар. "Чем хуже, тем лучше" деген лозунг менен жашашат. Мекенибиз өнүкпөй, ачарчылык болсун деп турушат. "Булардын колунан эч нерсе келбейт, келиши да мүмкүн эмес, мына көрдүңөрбү" деп - кайра эле тээтиги биринчи максат, тезирээк дагы бир ызычуу болуп, бийлик кулап калса, өздөрү жана кожоюндары кайра такка отурса…

Лже-патриоттор "бул жерде беш триллион доллар жатат, бирок мен аны элге бербейм, канымдын акыркы кашыгына чейин күрөшөм, бирок бербейм" деген даана акмак жана чыныгы эл душманы-чыккынчынын сөзүн колдогондор. Карапайым эл, айылдыктарда күнөө жок. Көбүнчөсү түшүнүп түшүнбөй эле дүрбүлөңгө алынгандар. Кеп жанагы өзүн шумдук аналитик, серепчи, улут уяты (совесть нации) болуп алган журналист сөрөйлөр жөнүндө болуп атат. Көрсө, ошентип "элиме жакшылык каалабайм" - дегендер накта патриот, "жок, бул байлык жалпы элдики, элибиз өссүн, өнүксүн" дегендер тескери "жалданма" экен да. Мына анан ошондой "коомчулук өкүлдөрүн" анан кантип лже-патриот дебейсиң.

Лже-патриоттор бул канча жылдан бери "демократия, демократия" деп кыйкырып жүрүп, бизге сабак окуп, тим эле алардан өткөн элдик болууга мүмкүн эместер, анан накта элдик лидер элдин күчү менен суурулуп чыгып, демократиялык жолу менен элинин 92 пайыз добушун алып, шайлоодон бери кандай гана кыйынчылыкка карабай убадаларын аткарып келатса дагы - аны ыраа көрбөй, "бул демократия эмес" деп мурдун чүйрүгөндөр. Алардын кыялында, элибиз алардын "реформа" деген сөзүн ээрчип, ошолорду шайлаш керек эле. Андай болгон жокпу, булар эч качан эл шайлаган бийликти жактырып, баш ийишпейт. Эл бийлиги - демократиянын негизги мыйзам эрежесин тааныбай бузгандар накта лже-патриоттор.

Лже-патриоттор бул ошол Батыш жана башка өнүккөн мамлекеттердин ийгилигине суктанып, "алар эч качан кендерин казган эмес, жалаң эле мээнин күчү менен өнүккөн" деп карандай калп айткандар. Же чын эле булар ушунчалык дөдөй беле ыя? Балким чын эле өздөрү ошол апыртмаларына ишенишеби же? Элинин өнүгүүсүн каалабай, калп эле, кайра кайра бизге башка мамлекеттерди мисал келтирип, бирок өзүбүз ошондой өнүгөлү, катуу иштейли десек элдин үмүтүн үзгүндөр - классикалык лже-патриоттор.

Лже-патриоттор бир канча. Аз эмес. Өткөн жылдары бизде улуттук кызыкчылык деген түшүнүк жоголду. Азыркы электрондук коомчулукта, соцтармактын да алгоритмдери эң тескери элементтерди, эң бузуку ойду айтсаң, ошончо көп эмоция козгосоң, тезирээк жайылтат экен. Канча деген жаштар муруңку тарыхтан туура эмес сабак алып, "эмне болсо дагы бийликти жамандаш керек, эртеби-кечпи баатыр болуп чыга каламын" деп тескери жыйынтыкта адашып калышты.

Пейил бузулганын жакшы билет элибиз. Бул өтө чоң көйгөй. Эң чоң! Бир канча бузукуну тартипке тартуу керек. Бул мамлекеттин бирден бир милдети. Жөн жерден ызычуу салгандар. Өзүн өзү элине карама каршы койгондордун накта жүзүн ачалы. Элибиз көрсүн, эмне кызыкчылык менен алар аракеттенерин, кара санатай ойлорун билсин. Бир канчаларына көңүл деле бурбаш керек. Чын эле. Алардын жаагы өзү менен басылат. Азыркы мамлекет сөзсүз өнүгөт. Мекенибиз гүлдөйт! Тогда и посмотрим, кто прав, а кто не прав!", - деп жазган Эдил Байсалов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости