www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик жыйында депутат Ново-Павловка орто мектеби жөнүндө сөз кылып жатса, Ново-Покровка мектеби тууралуу дөөрүгөн Улан Мамбетакунов «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деп кыйраткан деле министр болчудай кебетеси жок. Шам чырактай болуп көрүнгүсү келген Улан Мамбетакунов сөздөрүн бапестеп таптап сүйлөгөнү менен маңызы жок экени билинип калды. Улан мырза байпагынын жыртыгын жамай албай жʏргѳн мезгилде атасы ОБОНчуларды уюштура коюп, менсингендердин бири  болгон. Тили тантыраган уулуна  жага бербей калды. Кара чаар жыландын тилиндей заарын, физика менен алдыга чыгабыз деп парламент депутаттарына тѳгʏп жиберди да, жыртык байпагы менен жез кемпирдин шыпыргысына шарт минип «суудан кургак» чыккысы келди. Кыргыздар мындай Акаев баш болгон далай физиктерди көргөн.

1993-жылы физика мугалими катары № 28 орто мектепте иш башташса, он жылдан соң 2003-жылы лицейде информатика мугалими болуп чоң секирик таштайт. Дагы беш жылдан соң 2008-жылы ыйлап-чычып Кыргыз билим берүү академиясына илимий кызматкер болуп орношот. Чудиновко сулуу ѳӊʏ жага тʏшʏп тʏз эле доценттикти кучактап жыгылды. Апрель революциясынан кийин «хамалеончо» кубулуп Роза апчесинин колтугуна кирип Бишкек финансы экономикаык академиясынын маалыматтык технология борборунун директору болот.  «Интриганы инженери» бул жерди иритип, ректорду инсульт кылып ѳлтʏрʏп койо жаздаганда, профессор кыла коюп, Атамбаевге башын тыга коюп мындан эптеп кутулушту.

Чудиновко жаккан сулуулугу менен Атамбаевге деле жакты. Анын эшигин тээп кирип, Икрам – «Шумахер» чечпеген маселени Улан мырза чечип, беш комнаталуу ʏйдʏ сугунуп коёт имиш. Бул жагынан ʏч эле комнат ʏйдʏ сугунган катта чиновниктен ашып кетти. Сулуулугу курусун, анын ырайын ким чылап ичмек эле, Улан мырза сулуулугун мансабы чоӊдорго гана кѳрсѳтʏп, тилинин уулуулугун кол алдындагыларга кѳрсѳтѳт экен. Анын тилинин заарына чыдабай далайлар кызматын таштай качышты. Сооронбай Жээнбеков келер менен 2019-жылы илим жана билим министрлигинин  алдындагы Кыргыз билим берүү академиясына вице-президент болуп дайындалат.Илим жана билим министринин орунбасары болуп 2022-жылдын март айында дайындалып, бул орунга келер менен «Интриганы инженери» мурунку министрдин артынан аңдып жүрүп, учуру келер менен жалпайта чапты.

Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев  2023-жылга карата Билим берүү министрлигине 3 млрд сом бөлүнгөнүн айтты. Анын айтымында, каражат реформага сарпталат.Электрондук күндөлүк 1 миң 140 мектепке орнотулган жана бекер болот. Ал эми окуу китептер боюнча мамлекет тарабынан 65 млн сом бөлүнгөн. Ал ар бир райондорго бөлүнөт. Мектептер 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүгө даярданууда. Бирок мамлекеттик билим берүү стандарттары даяр болгондон кийин ишке ашырылат. Андан сырткары окуу базасы даяр болушу керек.

Буга чейин 2023-жылдан тарта 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү пландалып жатканы маалымдалган. Окутуунун жаңы моделин киргизүү, анда нөлдүк класс жоюла тургандыгы апрель айынын башында белгилүү болгон. Анда мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эми балдар 1-класска жети жаштан эмес, алты жаштан барарын айтты. Ошондо анын ою боюнча, “дүйнөлүк стандартка жооп беребиз. Андан кийин 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү 2024-2025-окуу жылына жылдырылды. Анткени мамлекеттик билим берүү стандарттары даяр болгондон кийин ишке ашырылат. Андан сырткары окуу базасы даяр болушу керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости