www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын НАТОдогу мурдагы өкүлү Роберт Хантердин айтымында, орустар президент Владимир Путинди Батыштын чабуулдарынан улам колдоп жатышат. Ал өзүнүн пикирин Washington Post гезитине жазган макаласында бөлүштү.

«Орус коомчулугунун чоң бөлүгү эмне үчүн Путинди колдой турганын түшүнүү үчүн 20 жылдан ашык убакыттан бери АКШ менен НАТО Орусиянын Европадагы ордуна кандай мамиле жасап келгенин көрүш керек», - деди ал.

Хантер Батыш өлкөлөрүнүн Советтер Союзу кулагандан кийин Орусияны жазалоого умтулуусун улуттук нааразычылыктын себеби деп атады.

Мурдагы өкүл АКШ Орусияга каршы көп жолу иш-аракет кылганын, атап айтканда, ракетага каршы системаларды чектөө боюнча келишимден чыгып, Борбордук Европада ракетадан коргонуу системаларын жайгаштырганын эске салды. Макалада Хантер орус элине татыктуу урмат көрсөтүүгө жана Орусияга дүйнөдө татыктуу орун берүүгө үндөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости