www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ айрым министрлер депутаттарга орой мамиле кылышты. Мындай пикирин депутат Айбек Маткеримов бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал кошумчалагандай, министрлер өздөрүнүн аткарган иштерин милдет кылгансып айтып отурушту.
«Биздин жолугушуудан кийин алар бизге акыл үйрөтүштү. Алар элдин мүдөөсүн аткаруу үчүн келишкен. Алардан ушундай кылуу талап кылынат. Биздин милдет – элдин пикирин министрликтерге жеткирүү. Эгерде биз өнүккөнүбүздө эл бизге кайрылбайт эле. Мындай көйгөйлөр болмок эмес», - деди ал.
Маткеримовдун айтымында, мындай пикирди 5-6 депутат билдирди.
«Алар баары жакшы деп жатышат. Анын үстүнө алар башкача тон менен жооп беришти. Тартипке чакыргыла», - деди депутат министрлер кабинетинин жана президенттин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылып.
Булак: NazarNews.kg