www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чукул арада кадрдык өзгөрүүлөр болоору күтүлүүдө. Жапаров өз ишин алып кете албай, коомдо нааразычылыктарга себеп жаратып жаткан бир катар министрлерди иштен алышы мүмкүн экени айтылууда. Негизи камкаймакты калпып жеген Акыл Жапаров, Алмаз Бакетаевке окшогондор түбөлүккө кала берип, экинчи сорттогу же экинчи орундагы министрлер камгак сыяктуу учуша турган болуптур.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жакынкы аралыкта кызматынан кетиши мүмкүн. Буга анын аталган тармактын ишин өзү убада кылгандай жөндөй албай жатканы, аттестат чуусу сыяктуу иштер шылтоо катары иштен алууга негиз болот. Иманалиев  “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзө турган болгон. Бул тууралуу жакындаБилим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын жыйынында министр Каныбек Иманалиев билдирген.

Бул жерде 5 жаңы кесип даярдалат:

  • климаттык өзгөрүү,
  • урбанистика,
  • жасалма интеллект,
  • логистика,
  • IT медицина.

Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлгандыгын, 8 колледж алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылгандыгын, Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылгандыгын, ал эми октябрь айында Орусия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюла тургандыгын билдирген.

Ошондой эле министр 2024 - жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толоорун айтып, “Билим бардыгына – мүмкүнчүлүктөр бардыгына!” деген ураан алдында Глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалаган.

Ошондой эле, быйыл сугат суусун дыйкандарга оңдуу жеткирип бере албай, айыл чарба тармагы өлчөөсүз зыян тартып, түшүмдүүлүк кыскарды. Дыйкандар чыгымга учурады. Мунун эпкини айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго тийгени калды. Совет учурунда айыл чарба министри азык-түлүккө болгон баанын кымбаттоосу үчүн кызматынан шыпырылып түшмөк. Эми болсо мен эмнени билет элем деп ийнин куушуруп кетиши мүмкүн. Бирок айыл чарба министри менен Антимонополияга каршы комитет баанын өсүшүн тыя албаса, анда баанын өсүшүн ким тыят? Өзбекстандын базарларына малды чыгарар замат эт кымбаттады. Өзбекстан менен Казакстан жардам катары миңдеген тонна азык-түлүк, ун жана башкаларды берип жатат. Бааны жөндөбө калайык-калкка кыйынчылык туулганы турат.

Мындан сырткары, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова дагы иштен бошой турган жетекчилердин катарын толуктаганы турат. Бул айым министр дагы өзүнө тиешелүү болгон тармакты жөнгө сала албай алсыздык кылып, дары-дармек, ооруканалардагы коррупциялык схемаларды жоюуга чамасы жетпей жатканы себеп экени кеп болуп жатат...

Дамира Ниязалиеванын «аптекабосстору» дарыларды кымбаттата баштады. Ал эми аларга чара көрүүнүн ордуна Саламаттык сактоо министри ар ким менен тил табыша албай урушуп жатат. Азыркы кылып жаткан иштери коомдо жаш өсүп келе жаткан жаштарга терс таасир тийгизип жатат. Гүлнара Баатырова сыяктуу министрдин өзүнүн деңгээлине карабай туруп, сөгүнүп, оозуна келгенди айтып, «тишин санап, чачын жулуп» жатканы коомдо өсүп келе жаткан жаш муунга терс тарбиянын үлгүсүн көрсөтүп жатат. Анткени, алар «демек, азыркы коомдо билим менен маданияттуу болуунун деле кажети жок экен. «Президенттин эрке кызы» болуп, бирөөнүнү колтугуна кирип алса эле болду экен» деп ойлой башташат. Тез арада бул министрге чара көрүлбөсө арты жаман болот. Акыры азыр аны колдоп жаткан элдерди да бир күнү өз үйлөрүнөн да кууп чыгышы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости