www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Бишкек таштандылардан качан арылат?

Министр - эколог Динара Кутманова менен Эмилбек Абдыкадыров таштандыларды ойлобой эле, капчыкты ойлоп жүргөндөр. Бишкекке таштандыны кайра иштеп чыгаруучу завод курабыз деп айтылып келатканына отуз жылдын жүзү болду. Чет мамлекеттен келген насыяларды Бишкек мэри ашап коюп, ушул күнгө чейин таштандыны кайра иштеп чыгаруучу завод курулган жок. Эми да кайрадан баякы жомок кайрадан башталды. Чехиялык ReGreen компаниясы таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводун курат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Мэрдин айтымы боюнча, аталган компания заводду курууга 42 миллион доллар акча каражатын жумшайт. Бул каражат 15 жылдын ичинде өзүн актап чыгат. “Бул компания баардык керектүү стандарттарга жооп берет. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, заводдун курулуш иши быйыл башталат. Компания алгачс 45 миллион доллардын 20 % ын төлөп ишин баштайт. Биз тараптан эч кандай каражат кетпейт. Бизге бул жакшы мүмкүнчүлүк”,- дейт Бишкек мэри. Эмилбек Абдыкадыров заводду курууга канча убакыт керектелээрин жана качан ишке берилерээри тууралуу жакынкы арада маалымат берерин кошумчалады.

Мындан сырткары, мэр борбор калаага дагы 17 таштанды ташуучу унаа алынып келерин кошумчалады.

Бишкекте таштанды маселеси актуалдуу болуп, шаар тургундары өз убагында чыгарылбай жатканына нааразы болууда. Маселе шаардын борбордук бөлүгүндө да, турак жайларда да байкалган. Мындан улам Султан Алыбаев “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Нурлан Касымов дайындалган. Биринчи Май районун тазалоого «ЭкоПроф» ЖЧКсы тартылып, ишкана 2022-жылдын 5-августунан тарта иштей баштаган. Октябрь районун болсо «Комтранском» ЖЧКсын тазалоодо. Ал эми, Ленин жана Свердлов райондору “Тазалык” ЖКнын карамагында калган.

Акыркы учурларда социалдык тармактарда таштанды маселеси абдан талкуланууда. Бул жөн гана Бишкек мэриясынын ишине көлөкө түшүрүп, мэр Эмил Абдыкадыровдун ээрден түшүүсүнө карата кайсы бир адамдар тарабынан жасалып жаткан ишби? - деген ой кетет.

12-кичи район тарап. Кечинде таштанды салынчу челектер жуулуп, бош жана таза боюнча турган. Эртең менен таштандылар баягы таштанды челектин ичине эмес, сыртына атайын ташталган сыяктуу абалда экен. Таң калдым. Мындай мамиленин эмне кереги бар? Атайын челек турган соң ичине ташта! Ушунча келген бут челекке жетпей калганбы? Же бул атайын мэрди жаманатты кылуу үчүн жасалып жаткан кыянатчылыкпы?! 4-5 таштанды толгон челекти сүрөткө тартып алып, бирөөнү эле боктой бербей, өзүбүз да таштанды таштоонун этикасын билип алсак жакшы болоор беле?…

Акты ак, караны кара деп калыс сөз айтуу Кудайга деле жакса керек. Акыркы учурда таштандынын шылтоосу менен Бишкектин мэрине жугунду куйгандай эле посттор жазылып жатат. Ал посттордон эле ким-кимди колдоп, кимди пиарлап жатканы, кимдин группасы деген нерселер ачык эле билинет экен. Менин мэр менен деле ысык-суук, жакындыгым жок. Бирок, мэрия уюштурган бир эмес, эки пресс-турга катышып, мектептердин, жолдордун курулуп жатканына күбө болгом. Ачыгын айтканда жарым жылда 15 мектептин курулушун бүтүрүп ишке беребиз деген аракет деле оңой-олтоң иш эмес. Бишкекте мындай аракет буга чейин болбосо керек. Эмнеге жасалып жаткан жакшы иштерге келгенде көрбөй, ал эми бир аз кемчиликти көргөндө көрөгөч боло калабыз?… Аттиң… Мындай көрпенделик каякка жетелээр экен. Эмнеси болсо да кимге-ким ор казса, өзү түшөрүн унутпаса. Чынында бош таштанды салчу челектердин жанында, жерден таштанды үйүлүп жатканын көрүүгө болот.

Бишкек мэриясында төмөнкүдөй коррупциялык схемалар болгон. Бишкек шаарында төрт комбинат бар. Алардын ар биринде 45-50 дөн таштанды ташыган машиналар балансында турат. Ар бири машина күнүнө 40, 60 литрден солярка корото турган. Мыйзам боюнча ал машиналар күнүнө үч рейс жасаш керек эле. Бирок мэр болуп кимиси келбесин, баягы эле таштанды ызы-чуусу басылчу эмес. “Таштандыны жеңиш мүмкүн эмес экен” деген мэрди да көрдүк. Кантип жеңет эле, эгер келген мэр өзү күнүнө 10 миң доллардан «сол чөнтөккө» солоп жатса?

10 миң доллар кайдан чыгат? Ошол эле ар бир райондогу төрт комбинаттагы эки жүздөй машинеге ар бирине 60 литрден солярка бөлүнөт. Алар үч рейс жасаса, анын бир рейси мэр үчүн болчу. Ошондо мэр күнүнө 10 тонна солярканын акчасын чөнтөгүнө салат. Солярканын литрин 40, 45 сомдон эсептегенде эле мэр күнүгө 10 миң долларды сол чөнтөгүнө салат. Дем алыш күн деген жок да. Ошондо ушул жерден эле 300 миң доллар сол чөнтөккө кетет. Эки рейсин акимдер менен орунбасар акимдер жешет, бир рейсин комбинаттын начальниги менен шопур жейт. Мэр баштап жеп атса, алар карап отурмак беле? Ошентип жеп атышып, шаардын таштандыларын үч күндө бирден чыгарып калышкан. Анан шаарды таштанды басып калган. Келе турган депутаттар ушул системаны талкалап, таштанды төккөн жерге камера, тараза койдуруп, машиналарды текшериш керек. Бир жумада бир жолу боло турган мэр текшерип туруш зарыл. Ошондо машиналар жанталашып иштеп кээ бири бир, кээси эки рейстен каттап калышмак. Ошону менен шаар тазаланып калат эле. Мэр таштанды ташыгандар алардын ордун жууп туруп кетесиңер деп шарт коюш керек.

Акыркы мезгилдерде Бишкек «бөө» шаарга айланып баратат. Иш ордунан жылбай, «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей Бишкектин аты маалымат беттеринде угула баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости