www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АШАнын чоң былыктарынын бири  экс-мэр Иса Өмүркуловдун учурунда Бишкекте жерлер өз билгениндей таратылганы маалым болду. Ал башкалар аз келгенсип өзү да жер участогунан куру калган эмес. Байтик Баатыр №65 дарегиндеги курулуштарды демонтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда экс-мэр Иса Өмүркулов аталган жерге келип, Орунтаевден чарбалык имаратты таштап кетүүнү суранганын, бирок Орунтаев макул болбой, бузуу иштери уланган.

 Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында уруксатсыз кошумча курулган курулуштарды бузуу иштери уланып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду. Ошондой эле жарнамалык конструкциялар да алынды.

Иса Өмүркулов аш-тойго бара албай, элден чыгып калган. Саясатта активдүү жүрүп, анан саясий кырдаалга байланыштуу кумга сиңген суудай билинбей, критке кеткен саясатчылар тууралуу кезеги менен учкай жазып туралы деп чечтик. Элдин эсинен чыгып бараткан бул жолку каарманыбыз Иса Өмүркулов болмокчу. Иса мырзанын жылдызы Алмазбек Атамбаевдин президенттик бийлигинин тушунда жанды.

КСДПнын доору жүрүп, партиянын эки тизгин бир чылбырын кармап, Атамбаевге эркелеп жашкы эле талтаңдады. Ал кезде ити чөп жеп, ташы өргө кулап, түкүрүгү жерге түшпөй турган саясий фигуралардын бири болду. Тилекке каршы, ичиндеги ириңи кийин билинди…

Алмазбек Атамбаев бийлигин досу Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берип, кийин экөөнүн ортосунда келишпестик орун алды. Дал ошол оор кырдаалда ичпегенди ичирип, кызматтан кызматка көтөргөн, кезинде «сиз журт атасы» болосуз деп жүргөн Атамбаевди сатып кетти. Түз эле Жээнбековду «аталап» этегин кармап, акараат айтып, төөчөсүнөн тескери ушатты.  

Мындан улам, коомчулук Исанын жоругуна жийиркенүү менен карап, ал түгүл аш-тойго чакырбай калды. Чакырган жерге да элден жеме, каргыш угам деп коркуп бара албай калган абалга жетти. Бүгүнкү күнгө чейин киши санына кошула албай жүрөт. 

Эл менен жүрсөң бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң дегендей, көчөдө калат деген ушулбу деп баш чайкагандар арбын. Мындайды кыргызда «киши катарынан чыгып калыптыр» дешип коюшат эмеспи. Анын үстүнө айрымдар Исага  каргыш дегендер дагы болду. Азыркы бийлик бул кишиге анчейин көңүл бурбай, бары-жогуна маани берей койду.

Андыктан, ар бир төбөл байлык, бийлик колдун кири дегендей, төө минген учурда төбөсүнө көтөрүп, төгөрөктөп жүргөндөр, жөө калганда жөөлөп түртүп күлбөсүн дешсе, акыйкаттыктан тайбай, ичкен кудугуна түкүрбөш керек... 

Президентибиз Садыр Жапаров дагы жанындагы айрым кошоматчылардан сак болсо. Дегенибиз, бир саткан киши өмүрү өткөнчө саткын болуп, жүгүнө берген адаттан арыла албайт. 30 жылдан бери кошомат кылып, арабасын тартып келе жаткан кыргыз аткаминерлеринен өтө сак болбосо өтө коркунучтуу, Акаев, Бакиев, Атамбаевди саткандар Садыр Жапаровду жөн эле сатып кетишет. Урматтуу Садыр мырза калпты ышкыртып, чыгаандарды жамандаган жаныңыздагы ак менен каралардан сак болуңуз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости