www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачка калгандардын тизмеси көбөйүп баратат. Камакта жатканда АШАнын аялы Раиса Атамбаева: "Ачка калдык улпак жей баштадык" деп көздөрүнөн жаш шорголоткон. Бөлтүрүктүн аялы да: "Ачка калдык, Тенгиз Бөлтүрүктүн 3 айлыгын бердирип коюңуз" деп президентке кайрылып көзүнүн жашын көлдөтүп жатса, Тенгиз Бөлтүрүк кайдан эле миллиарддарды төгүп, бошоп кетет?..  Бөлтүрүктүн үй камагына чыккандан бери дымы билинбейт. Соттук процесстен кабар жок. Күнөөлүү же күнөөсүз экени ажыратылбай, ак-карасы аралашып, "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп бүтсө туура болбой калат. Кумтөрдү жеке менчигиндей эле пайдаланып, мамлекетке миллиарддаган чыгым келтирип, натыйжада камакка алынып, бир нече ай абакта отуруп, үй камагына чыгарылган Тенгиз Бөлтүрүктүн кылмыш иши ошону менен "оомийин" болду көрүнөт.

Коомдо ушунча чуу жараткан иш кумга сиңген суудай ың-жыңы билинбей калса, акыйкаттыкка ким ишенет? Деги эле Тенгиз Бөлтүрүктүн мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп үй камагына чыкканы дагы күмөн. Анткени, ким канча төлөп жатканын эч ким билбейт. Ачык айкындуулук жок. Баары жабык. Мына 25 миллион сом төлөп чыкты деген Урмат Самаев деле бир тыйын төлөбөй эле чыкканы айтылып жүрөт. “Кумтөр Голд Компанинин” тышкы менеджери катары Теңиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар маяна алып турган. Бул Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлык. Андан сырткары Кумтөрдөн айына дагы 55 миң доллар алып турган. Ошентип, Бөлтүрүк айына 100 миң доллар алган.

Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, 2021-жылдын августунда Тенгиз Бөлтүрүктүн “Кумтөр Голд Компанидеги" бир айлык акысынын өлчөмүн 40 миң долларга өзгөрткөнү, ошол эле учурда убактылуу жетекчинин айлык акыны жогорулатуу чечимине эч кандай далилдүү документтер жок. 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин “Теңиз Бөлтүрүк” ишканасынын сый акысынын жалпы суммасы 473,2 миң долларды түзгөн. 2021-жылдын 21-декабрында “Теңиз Бөлтүрүк” өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы коюп берген. 

Документтерге ылайык “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан тышкары Теңиз Бөлтүрүктүн “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” ААК Улуттук холдинг компаниясында айлыгы айына 45 миң доллар экени белгилүү болду.

Кыргызстандын каржы министри менен “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу 2021-жылдын 21-декабрынан тартып 5 жылдык мөөнөткө айына 45 миң доллар маяна менен эмгек келишимин түзүшкөн.

Башкармалыктын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча үстөк акыга, башка социалдык жеңилдиктерге жана кепилдиктерге, ошондой эле эмгек келишиминде жана коомдун жергиликтүү актыларында каралган башка төлөмдөргө укуктуу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости