www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балким имараттын кусуру уруп кеткендир. Жакында эле «Кумтөр» көп жылдардан бери орун-очок алып калган "Учкундан" көчүп, жаңы имараттты ээлеп калган. Көп өтпөй Бөлтүрүктүн "Кумтөрдөн" кеткени белгилүү болгон, бирок бийликке бекем мыкчып жармашып алган Бөлтүрүк "көчмөндөр мурасы" Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон кала берди. Ага батынып ким "найза саймак" эле керек болсо "илибойуна" муштумун түйүп койчудай. "Кимдин, кимдин заманы, түлкү, бөрү, Бөлтүрүктөрдүн заманы" болбодубу.

Теңгиз Бөлтүрүк 1 айда 5 үй бүлөөнүн ипотека кредити 100 миң доллардан жесе, 1 жылда 60 үй-бүлөөнүн  ипотека ала албай жүргөндөрдүн акчасын жеп жүрүп торго илинди. «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалган. Маалым болгондой, ал буга чейин "Кумтөрдүн" ички структураларында иштеп келген жана Барыктабасовдун эки жогорку билими бар, инженер-механик, шахтада 20 жылдан ашык иштеген. Ал оор техника гаражынын жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы болгон.

Министрлер кабинети "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгүнө тийиштүү төмөнкүлөрдү маалымдайт: "Кумтөр" кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду. "Кумтөр" толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды. Буга байланыштуу, "Кумтөр" компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды. Теңгиз Бөлтүрүк " Улуу көчмөндөр мурасы" Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет. Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат".

"Кумтөрдүн" эмес, "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө айтылган сын пикирлер көбөйдү. Ал кишинин киреше-чыгашасы жок иш алып баруулары, өтө чоң жоопкерчилигин талаага чачып отурат. Негизинен Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө ал жетектеген "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингине мамлекет башчысы Жапаров өзгөчө талаптарды коюшу шарт. Анткени ал кишиге өтө чоң жоопкерчиликтин баары жүктөлгөн.

 Жакында "Бөрү" болгон Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчүү боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, жаңы кеңсенин ижара акысы 50 миң доллардан жогору. Депутаттар "Учкун" ААКтын имаратына барышса жакшы болмок, анын абалын көрүшмөк. Бул имарат "Кумтөрдүн" 250 кызматкерине тура келчү эмес, андан тышкары "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингинде дагы 150 адам иштейт. Инвесторлордун алдында уят болгонубуз үчүн көчүп кеттик. Чакан кабинетте төрт-беш киши отурушту. Бул компанияга миллиардер инвесторлор келет. Алар эки ажаткананын ортосундагы отургучка отурушчу. Жаңы кеңседе ижара акысы 1 чарчы метри 17 доллар болсун деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Башка бизнес борборлордо ижара баасы 23 доллардан 28 долларга чейин. Алардын бири да беш миң чарчы метрди бере алган жок. Эми Садыр Нургожоевич бизге жер бөлүп берет, жаңы имарат салабыз. Долбоорлорубузду ишке ашырып, анан элди бир аз тынчытуу үчүн имарат салалы деп жатабыз", - деп бежиреп атат Теңиз Бөлтүрүк.

Бүгүн жумушчу орун түзүү, ошол эле кенди президент убада берген шарттарда иштетүү, жаңы инвестицияларды тартуу жана башка олуттуу стратегиялык максаттар алдыга коюлган. Иш жүзүндө биз жеңил, куру саясатташтырылган пиар кампанияны көрүп жатабыз. Ал киши токой чарбасына барып машина берип жатат, концерттерди уюштурууда. Кайрымдуулук иш-аракеттерди алып барууда.

Кандайдыр бир маңызы жок “тегерек үстөлдөрдү” уюштурганын көрүүдөбүз. Ал холдингдин ар бир тыйыны өлчөнүп, өтө сарамжалдуулук менен эффективдүү пайдаланылышы керек деген максатты көздөп жатканбыз. Эгер ал спорттук, маданий иш-чараларды өткөрө турган болсо, ошол иш-чараларды уюштурган мамлекеттик ыйгарым укуктуу бийлик бутактары эмне иш-аракет кылат анда?

Ошондуктан кылып жаткан иш-аракеттери кылдат, дыкат иликтениши зарыл. Буга чейин канча убакыт өтсө да, Теңгиз Бөлтүрүк жетектеп келаткан жаңы холдингдин киреше-чыгаша бөлүктөрүн мындай ачык көрө элекпиз. Жалпыланган суммалар гана айтылат. Ал эми ким чечим кабыл алып, иш кандай жүргүзүлүп жатат – ал тууралуу жалпы кыргыз эли эмес, Кыргызстандын казынасын карай турган финансы министрлиги да жооп бере албай жаткандыгы өтө кооптуу жагдай жаралганы тууралуу маалымат берет. Себеби, биздин бюджеттин каражаты атайын бекитилген негизде гана сарпталышы зарыл. Финансылык саясат жүргүзө турган учурду токтотушубуз керек.

Теңгиз Бөлтүрүк каражатты каалашынча сарптап, каалагандай кадр саясатын жүргүзүп, каалагандай чыгашаларды өзүм билемдик менен алып барып жаткандыгында. Бир иши буга далил болуп өттү – президент менен, министрлер кабинетинин төрагасы менен дагы эч бир макулдашылбаган имаратка көчүп кеткендегиси. Бүгүнкү күндө буга канчалык негиз бар эле?

Керек болсо сырттан, Канададан келген ошол "Центерра" дагы "Учкунда" эле канча жылдан бери иш алып барган. Анан биз өзүбүзгө алганда борбордон бизнес класстагы имаратты алуусу канчалык актуалдуу? Бүгүнкү күндө ал каражатты дагы жумушчу орундарын түзүүгө сарптаса туура болмок. Ошондуктан миң ишинин бир иши коомдо ушундай резонанс жаратты.

Бардык ишин ачыктаганда, маселе кабыргасынан коюлушу толук ыктымал. Теңгиз Бөлтүрүктүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин, ар бир айтып жаткан сөзүн, жасап жаткан иштерин тыгыз анализдешибиз керек. Маселен, бир гана чыгаша-киреше эмес холдингдин эртеңин жана алдыда болуп жаткан стратегиялык 36 долбоордун келечегин да тыкыр иликтөөгө алышыбыз абзел.

Анткени ал киши башкарган холдингге өтө көп стратегиялык бюджетти камтуучу долбоорлор берилген. Анын баарынын тагдыры кандай чечилип жатканын коомчулукка ачыктап беришибиз керек. Теңгиз Бөлтүрүктүн ишине баа берип тура турган атайын индикаторлорду дагы мамлекет тарабынан иштеп чыгышса болмок. "Мурун жана азыр кандай болуп жатат?" дегендей салыштырмалуу таблицалар болсо жарашмак.

Мисалы, коомчулукта кандай актуалдуу маселер болсо, азыркы күндө сырттан башкарууга алган Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгү дагы күн тартибинде актуалдуулугун жогото элек. Демек, ошол ишмердүүлүгүнө жараша олуттуу маселелердин чечилишинин таблицасы менен жооп алсак болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости