www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөлтүрүк миллиарддап жеп, камалып чыкканын, четинен төлөй баштаганын эл билет. «Манастан Чубак кем бекен» дегендей уулу да чубатып жей баштаганы белгилүү. «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз Теңгиз уулунун иши Аламүдүн райондук сотунда карала баштайт. Биринчи соттук отурум 14-августка коюлган. 2023-жылдын 10-июнунда 35 жаштагы Алмаз Теңгиз уулу «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча кармалган. Ал Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу экенин маалым болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына «А.Г.» аттуу фирманын өкүлү кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А.Т. (Алмаз Теңгиз уулу — ред.) аттуу жаран супервайзер болуп иштеп жүрүп, 274,3 миң сомдук продукцияны алып, аны саткандан кийин акчаны кассага төкпөй изин жашырып кеткен. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.Алмаз Теңгиз уулу кармалгандан кийин анын бөгөт чарасы Аламүдүн райондук сотунда каралып, ал 2 айга үй камагына чыгарылган. 30-июнда анын иши райондук сотко өткөрүлүп берилген. Соттук териштирүү жүргөн учурда ал үй камагында болот.

Кызарган жер болсо эле биздин чоңдор кузгунча чукуп жоор кылып, өлсө жооруча тарпын тытып кеткен жагынан эч кимди алдына салдырбаса керек. Муну "Кумтөрдүн" мисалынан көрүүгө болот. "Кумтөр" алтын кени мамлекетке алынган соң, карапайым калкка канчалык пайдасы тийди ким билсин, бирок айрым кулкуну куураган ачкөз аткаминерлердин "жемсөөсүн" жемге толтурган "жайыл дастаркон" болуптур. 

Биз "Кумтөрдүн" тагдырын чечтик деген көзүрлөр, "май кармаган бармагын жалайт" болушуп, туш-туштан тытмалашкан экен. Мына "Кумтөрдүн" техникалык-өндүрүш тармагына жооп берген көзүрү Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке бир миллиард сомдон ашык эбегейсиз зыян келтиргендиктен камакка алынып, "кусту" делип абактан бошотулду. Чындап зыяндын ордун толтуруп бердиби, же душман көзүнө төлөдү дешип манипуляция кылып коюштубу, карапайым калкка белгисиз. Эч ким аныгын билбейт. 

Дагы бир "Кумтөрдүн" экологиялык жагын тейлеп, экология дегенде оозунан ак көбүк аккан "көзүрү" Динара Кутманова да мамлекетке ири өлчөмдө 1 миллиард сом зыян келтиргени айтылып камалды. Өзү жетектеген министрликти үй-бүлөлүк жем жеген акырга айлантып, жакындарын коррупциялык схемага аралаштырып алганы эле эмне деген акылга сыйгыс кылык... 

Ал эми "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасын жетектеп, "Кумтөрдүн" юридикалык, укуктук жагына көзөмөл кылган "көзүрлөрдүн" бири Умбеталы Кыдыралиев "Кыргызстандын "Центеррадагы" 33% акциясынын баарын бергенибиз туура болбой калат" деген көз карашы үчүн кызматтан алынып, бирок ошол позициясында турбастан, кайра эле "Кумтөрдүн" директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, жылуу коңулга акырын жылып кирип отуруп алды. Азырынча буга кезек жете электей... 

"Кумтөрдүн" жалпы экономикалык жагдайына жоопкер болгон көзүрү Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров учурда кылы кыйшайбай иштеп жатат. Бирок экономикалык жактан "Кумтөрдөгү" абал оор экени айтылууда. Канадалыктар кеткенден кийин "Кумтөрдөн" 18 млн долларга аз киреше алыныптыр. Бул жылы болсо, биринчи кварталдын жыйынтыгына ылайык таптакыр эле 12,5 миллион доллар чыгашага учурап отурат. Бул абалга Акылбек Жапаров жооп береби? Азырынча асмандагы айы тутула элек Жапаров, балким мыйзамдын укуругу узун экенине жакынкы келечекте ынанат чыгаар. 

Арийне, жогорудагылардын башында туруп "Кумтөрдү" мамлекетке алууда негизги саясий жоопкерчиликти өзүнө алган "башкы көзүр" Садыр Жапаров экени талашсыз чындык. Бул жагынан "Кумтөрдү" мамлекетте алам деген убадасына турду. Андан утулдукпу-уттукпу ага эл тараза болсун. Себеп дегенде, буга дейре Садыр Жапаров убада кылгандай, ит аягыбыздан бери алтын болчу учур өтүп баратат...

Алтын казуу иши болсо кескин төмөндөдү. Алдыда "Кумтөрдөн" калган уулуу калдыктарды арылтуу, аңырайып тешилип талкаланган жаратылышты рекультивация кылып калыбына келтирүү, жашылдандыруу деген сыяктуу иштер турат. Аларга миллиарддаган доллар сарпталууга тийиш. Эми бул жагы кандай болот айтуу кыйын. Анткени бул милдеттен "Центерраны" куткарып, жоопкерчиликти Кыргызстан өзүнө алган. 

Себеп дегенде Кыргызстан "Кумтөрдү" алганда «Центеррадагы» 33% акциясынан, экологиялык доодон баш тарткан. Натыйжада талкаланган жаратылышты калыбына келтирүү боюнча жоопкерчилик Кыргызстандын мойнуна илинген. "Центерра" болсо "Кумтөрдүн" каймагын калпып алып, болгон милдеттеме, жоопкерчиликтен бошоп куйрук түйүп кетти. Ал гана эмес "Центеррадан" 33% акция менен бери жагы 40-50 жыл жылына 200 миллион доллар дивиденд алуу мүмкүнчүлүгүнөн дагы кол жуудук. Кыскасы, мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан айрылып калган жокпузбу деген маселенин өзөгү жакынкы жылдары айкын болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости