www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия заманбап «Буревестник» ракетасын бир нече ирет сынаган. Орусия бул долбоорун ишке ашырууну тездетип, 2023-жылга чейин бүтүрүп, согушка колдонууга даяр кылып койгону жатат. Орусиянын глобалдык алыстыкка уча турган, континент аралык «Буревестник» аттуу канаттуу ракетасын НАТО уюму «SSC-X-9 Skyfall» деп атап келет. Алыс аймакка учуп жете турган бул ракета ядролук дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан.Жыйырма биринчи кылымда чоң геосаясий оюндар жүрчү жерлер булар: Орусия, Кытай, АКШ, Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Индия жана Пакистан, Корея, Япония, Латын Америкасы жана Арктика. Мамлекеттин өнүгүшү географиялык ордуна көз каранды эмес, бирок өлкөнүн турган орду геосаясатта маанилүү факторго ээ экенин соңку жаңы тарых көрсөттү. СССР 1955-1991-жылдары НАТОго каршы Варшава келишимин түзгөн. Берлин дубалынын урашы менен бул согуштук блок жок болгон. Акыркы жылдары НАТОнун кеңейүүсүнө итиркейи келип турган Орусия дүйнөдөгү эң чоң өлкө. Аянты 17 098 242 чарчы километр жана 11 убакыт зонасына созулат. Орусия АКШ жана Кытайдан эки эсе, Индиядан беш эсе, Британиядан 70 эсе чоң. Бирок элинин саны Кытай, Индия, АКШ, Пакистан, Нигериядан аз. Орусиянын 75% жери Азиядан орун алганы менен бул жакта жарандардын 22% гана жашайт.

Орусиянын батышынан чыгыш кыйырына поезд менен алты күндө жетесиз. Токой, кыртышы көк муз болуп тоңгон тундра, тайга, талаа, тоолор – баары учу-кыйырсыз жатат. Кремлдеги жетекчилер өлкөнүн саясий стратегиясын ченемсиз аралыкка, табигый өзгөчөлүктөргө карап аныктап, жүргүзүшү абзел. Ушул жагдай Кремлди бир нече кылымдан бери түрдүү багытка турнабай салып турууга мажбурлайт, бирок көңүл чордонунда Батыш. Эмне үчүн? Себеби, Ыраакы Чыгышты география өзү коргойт. Батыш чек арасы – 60 933 км., анын 38 808 километри деңиз. Ошондуктан Орусия үчүн Түндүк Европа ойдуңунун аскерий-стратегиялык мааниси эбегейсиз. Ойдуң батыш Франциядан Урал тоолоруна чейин “чубалып”, түндүк Франция, Бельгия, Нидерландия, түндүк Германия жана Польшаны дээрлик толук камтыйт. Кеңдиги 482 км. тете бул аймактын инфраструктурасы Ыраакы Чыгыш менен Сибирге салыштырганда аябай жакшы өнүккөн. Түндүк Европа ойдуңун түштүк капталынан кысып, табигый чеп катары кызмат кылган Карпат тоолорунун этеги Молдовага жетпей түгөнөт. Молдованы Балкан жарым аралынын түндүк чыгыш босогосу десе болот. Орусия Федерациясы суусу жылуу деңизге түз чыкпаганын айтсак, Түндүк Европа ойдуңунун стратегиялык баасы жана Крымды басып алышынын себеби ого бетер түшүнүктүү болот.

Өлкөнүн Мурманск сыяктуу Арктикадагы порттору бир нече ай, Тынч океандагы Владивосток порту төрт ай тоңуп турганы аз келгенсип, Япония деңиз жолун бөгөп турат. Мунун кедергиси соодага тийгенден башка Орусиянын деңиз флотунун дүйнөлүк мухиттерге түз чыгуусун татаалдаштырат. СССРден бөлүнгөн Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан бейтарап мамлекеттер. Отун- энергетика ресурстары жетиштүү болгон үчүн алар Орусия менен Батыштын коопсуздук же соода уюмуна кошулууга муктаж эмес. Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын экономикасы Орусияга байлангандыктан, бул беш мамлекет Москва башындагы ЕврАзЭК же ШКУга  мүчө болуп кирген. Балтия боюндагы Латвия, Литва, Эстония Европанын бардык саясий-экономикалык институттарына толук укуктуу мүчө. Ал эми НАТО менен Евробиримдикке умтулган Грузия, Молдова, Украинанын аймагында орус аскерлери же орусиячыл жикчилдер бар. Мурдагы 15 республика илгерки отурукташуусуна ылайык эгемендүү мамлекет болуп, тилин жана каада-салтын өнүктүрө баштаган. Экс-советтик Борбор Азия республикаларынын ар биринде талуу жери бар, себеби Сталин чек араны чийгенде ар бир титулдук улутту алсыратуу максатында экинчи титулдук улуттун аз эмес элин журту менен бирге кошуп берген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости