www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев учурунда Бишкек мэриясында аппарат жетекчиси, Бишкекке мэр болуп, билбеген балээси жок. Мэрия жөнү жок эле жыл сайын тарифтерди көтөрүп жатканына Балбак Түлөбаевдин ичи чыккан жок. Парламент айткандарынын баарын жасап берип атат. Жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард сом бөлүп, электроавтобустарды, газоавтобустарды кредитке алып беришсе, жеп салышыптыр. Башкы прокуратура иш козгоду. Мэр барбы, караш керек да! Быякта отуруп алып элдин жаны күйүп кетет. Мындай болбойт да. Жанталашып, жаман-жакшы көрүнүп атып, өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш акча бөлүп берип атса, тияктан кайра жеп атышат. Анан "тарифти көтөрөбүз" деп... Эмне, элдин канын соргон жатышабы?

Балбак Түлөбаев мэр болуп турганда 5 сомго кымбаттатып берген. Болду да! Улам-улам эле кымбаттата береби? Эл муну көтөрө албайт азыр. 15 сом деп башында сүйлөшкөн. Эми дагы... Андай болбойт да! Убагында зарылчылык бар болчу. Көп жылдан бери жол кире дегеле кымбаттай элек эле. Азыр эми кымбаттаганына бир жыл боло элек. Уят да!

"Бензиндин, солярканын баасы өстү, айлыктар көбөйдү" - деген жүйөнү негиз кылып жатышат. Көп болсо бир элүү тыйын кошо туруш керек да, жаны чыгып баратса. Элди да ойлош керек да. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин эле айлыгы көтөрүлдү. Калганы ошол эле бойдон. Баалар болсо өсүп атат. Маршрутка айдагандар унчуккан жок, мэрия өзү эле демилге көтөрүүдө. Кредиттерди жаба албай жатса, анын башка жолдорун издеш керек. Бош жаткан жерлерди бергиле бизнеске. Катып, пара алып жүргөн жерлерди ачыкка чыгарып, ошолордун ижара акысын көбөйткүлө. Болбойт да мындай. Башка булактарын издеш керек!

Автобус, троллейбустардын паркын жаңылоо кечеңдөөдө. Электоравтобустарга 50 млн. доллар бөлүндү. Ошолор келсе маршруткалар өзүнөн-өзү сүрүлүп чыгат да, этап-этабы менен.

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын кайрадан көтөрүү каралууда. Бишкек мэриясынан белгилешкендей, транспорт тармагында оор абал пайда болду. 2021-жылдын сентябрь айында тарифтер акыркы жолу кайра каралып чыккандан тартып, КММдын, запастык бөлүктөрдүн жана башка милдеттүү чыгымдардын наркы кыйла өстү.

Коомдук транспортто жол кире акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык белгиленген, анда автобус жана троллейбустарда жол кире 8 сомдон 11 сомго, кичи автобустарда 10 сомдон 15 сомго чейин көтөрүлгөн.

"Жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун иш жүзүндөгү өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти. Натыйжада, транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттардын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болуп жатат. Транспорт каражаттарынын запастык бөлүктөрүн сатып алууга каражаттын жоктугу транспорттордун каттамга чыгышынын кыскарышына, жүргүнчүлөрдүн күтүү убактысынын көбөйүшүнө, ошондой эле, шаардыктардын коомдук транспорттун иши боюнча даттанууларынын көбөйүшүнө алып келди", - деп билдиришти мэриядан.

Ошол эле учурда ведомство жол кире акысынын көтөрүлүшү жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугуна оң таасирин тийгизет деген ишенимде.

Учурдагы жол кире акысын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, мамлекеттик, муниципалдык бийлик органдарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.

Мамлекеттик жөнгө салуунун 3 варианты каралууда:

1."Баарын кандай болсо, ошондой калтыруу".

2. Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун белгиленген жол кире тарифтери менен кабыл алуу:

- муниципалдык коомдук транспортто - 15 сом;
- жеке ташуучулардын бардык класстарындагы автобустарда - 22 сом;
- кечки тариф - 32 сом.

3. Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн тарифтерди белгилөө менен кабыл алуу:

- автобустар - 16 сом;
- троллейбустар - 14 сом;
- бардык жеке ташуучулардын автобустарында 26,5 сом;
- кечки тариф - 32 сом.

Баалардын экономикалык анализинин негизинде жана бул варианттардын таасиринин эффективдүүлүгүн эске алуу менен бүгүнкү күндө жол кире тарифин төмөнкүдөй белгилөө пландаштырылууда:

Бир жүргүнчүгө жол кире:
- троллейбуста - 15 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) - 15 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:
6:00дөн 20:30га чейин - 21 сом,
20.30дан 6.00гө чейин - 32 сом.
- менчигинин түрүнө карабастан атайын чакан класстагы экспресс-автобустарда: № 233, № 234 - 22 сом;
№ 123, № 226, № 252 - 32 сом.

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени көтөрүү пландалып жатканын Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев билдирди.

Баалар кандай өзгөрүшү мүмкүн:

-троллейбус — 15 сом

-автобус (менчигинин түрүнө карабастан) - 15 сом

-кичи автобус 6:00дон 20:30га чейин — 21 сом

-кичи автобус 20:30дан 6:00гө чейин — 32 сом

-экспресс кичи автобустар - 22-32 сом

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости