www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сексен жаштан махабатын 18 жашар кызга арнаган Гёте тууралуу сөз кыла кетели. Улуу Гётенун бир топ өзгөчөлүктөрү бар, ал ислам динине берилип 1773-жылы 24 жашында эле «Мухаммед жөнүндө ырды» жазат. Ошол бойдон ислам дининен кол үзбөй өтөт. Тагдыр анын ал кезде ааламды чимирип турган Напалеон менен 1819 жылы жолуктуруп, экөөнүн ортосунда жакшы мамиле болгон. Напалеон менен Гёте узак жылдар боюу бирин-бири абдан сыйлашкан адамдар катары тарыхта калды. Францияда болгон революциядан соң бийликке келген Напалеон бүткүл Европаны каратып алып, 1812-жылы Александр бир падышачылык кылган Орусия империясына каршы согуш ачат. Напалеондун жеңилбес армиясы Москваны көздөй бет алат, француз менен орустардын ортосунда Бородинодо катуу салгылашуу болот. Казак-кыргыздардан түзүлгөн аскер бөлүгү өзүнүн эбегейсиз эмгегин ушул салгылашууда көрсөтөт. Бородинодон орустар жеңиш менен чыкса да жаңыдан башкы командачы болгон Кутузов Москваны Напалеонго таштап кетип жатып айткан, Москванын берүү бул бүт Орусияны берүү эмес деп. Француздар 1812-жылы күзүндө Москваны алып, талап-тоношуп, өрттөшөт, кийинки жылы орустар келип Напалеонду Москва эмес, Орусиядан кууп чыгат. Европада да жеңилүүгө учураган Напалеон 1814-жылы тактыдан кол жууйт, 1815 жылы 100 күн бийликке келип Ватерлоонун алдында жеңилип Ыйык Елена аралдарына айдалат.
Гёте Шиллер менен да жолуккан. 84 жашында каза болгон Гёте чындыкты издеген. Ошон үчүн ислам динине абдан урмат менен кароочу. Гёте 80 жаштан махабатын 18 жашар кызга арнап тарыхта калган. Биздин Жантай хан көп болсо 50 жаштан өткөндө Ак Мөөр сулууну көрүп, ага нике кыйып токолдукка алат. Ошондо Ак Мөөр:
Соң –Көлдүн башы тал менен,
Соодагер өтөт мал менен.
Соолуп бир кетип баратам,
Соолуган Жантай чал менен.
50 дөн жаңы өткөн Жантайды чал деп айтат. Ал эми Гёте 80 жаштан махабатын 18 жашар кызга арнап тарыхта калып жатат. Немецтерге Гёте 80 жашка толгону кеп деле болгон эмес.
Гёте Чыгышты даңазалап ырдаган Темирлан тууралуу жазылган ырлары бар. Жалаладдин-аль –Руми, Атантай Жоомарт (VI), Эфенди (Апенди), Низами, Саади, Фирдоуси, Навои, Мухаммед Хайдар, Бабур, Абулгазы тууралуу Чыгыш поэзиясында из салып кеткен. Гёте жараткандын бийиктигине ишенип Алла-таллага кайрылып көптөгөн ырларын жазган. Анын жаратканга кайрылуусу жөн гана мактоо эмес, бул ааламды жаратканы үчүн кудайга ыраазычылыгын билдирүү.
Которуп даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg