www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент депутаттары 2 айга каникулга тарар менен депутат Молдобековага жага бербей калды. Өзүнүн «Мамочка-Гулькан» аттуу эч кимге бербеген ылакап аты бар Молдобекова сүйүктүү сутенерчулукка киришти. Парламентте жыйында отургандан көрө сутенерчулукту туу туткан «Мамочка-Гулкан» өзүнүн ишин сагынып калганбы аягы суюк «проституткалар арасында күбүң-шыбың сөздөр тарады. Мунун депутат болуп жүргөнү эле жакшы экен бизге аралашпай деген.

Күркөнүн ачылышы жеңил. Айрым жетекчилер жана жогоруда көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери Асанакунов менен Молдобекованын жашыл сөлкөбайлары үчүн жанын берип, буйрутмаларды аткарышат. Мисалы, Бишкек ШИИБнын тергөөчүсү У. Баялиев М.А.Асанакуновдун кызыкчылыктарын ачык эле коргогон. Бул жөнүндө ПФКнин Кеңешинин отурумунда М.А.Асанакуновдун төрага кызматынан алууга добуш берген профсоюз лидерлерине карата ойдон чыгарылган кылмыш ишин ачкан. Аларды ээлеген кызматынан четтетип, үй камагына киргизип, анан калса, алардын мүлкүн камоого жеткиргидей мамлекеттин алдында кандай кылмыш ишин кылышты экен? 

Асанакуновдун коррупциялык иштерине каршы чыккан профсоюз лидерлерине тергөөчү каракчыларга жасагандай же болбосо, Асанакунов эмес эле алар уурдап, чоочун коомдук мүлктү өздөрүнө менчиктеп алгандай мамиле кылышты. Тергөөчү Баялиев болушу керек. Өзү юрист, бирок, профсоюздар көз карандысыз коомдук уюм экенин жана бардык ички уставдык маселелер ПФКнын Кеңешинин отурумдарында (күч түзүмдөрүн тарабынан) чечиле турганын же кезектеги съездде (кезектеги эмес) отурумдарда чечиле турганын түшүнбөйт. КРнын мыйзам ченемдери боюнча ПФКнын ички ишине мамлекет, партиялык органдар же башка уюмдар тарабынан кийлигишүүгө тыюу салынган. Ошентсе дагы, бул бир гана МЫЙЗАМ, андыктан, азыркы убакта М.А.Асанакунов тарабынан толугу менен жалданган Бишкек шаардык прокуратурасы "профсоюздун ички иштери боюнча" териштирүүнү улантууну эңсеп турат. Алар муну Башкы прокуратурадан көрсөтмө келгендиги менен түшүндүрүүгө аракет кылышууда жана ал тургай бул ишке КРнын Президентинин администрациясынын жетекчиси  кийлигишип жатканына ишарат кылышууда. Бул жөнүндө жакындарына Г.С.Молдобекова Г.С. айтып, мактанып жүрөт жана бул жерде погондорду жана кызматты пара алуунун "ыкмасы" катары гана караган "ментуранын дагы бир шабашниги" жөнүндө дагы кеп кылбай кетсек, адилетсиздик болор. Кеп Бишкек шаарынын Биринчи май ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Абдраев.М. жөнүндө кеп кылабыз. Дал ошол "Именно он дважды закрыл уголовное дело" М.А.Асанакуновдун рейдерлик жол менен Профсоюздар үйүн басып алуу боюнча ишти эки жолу жапты. Ага "мончочу" канча пул төлөгөнүн купуя кармайт, анын абийирсиздик менен айткандарына караганда "шабашкаларынын" бир бөлүгүн жогору жакка берет имиш.

Андыктан, майордун жана анын жетекчилигинин абийиринин баасы канча турарын "курсагы тойгон менттер" гана билишет. Андыктан, Асанакунов өзүн ээн жердин бөрүсүндөй эркин сезип, азыркы учурга чейин ПФКнын имаратында өз тобу менен отурат. Ал аралыкта рейдерлик баскынчылык фактысын далилдөө кыйын деле эмес, баары үстүндө жатат. Ошентсе да, бүгүн өлкөдө прокуратура дагы, сот органдары дагы, милиция дагы иштебейт, бар болгону "доллар мырза" иштейт. Анткени менен, профсоюздардын өзү жана митаам экс-төрага жөнүндөгү маселеге кайтабыз.

Мүмкүн ал ага дагы профсоюз мүлкүнөн үлүш берүүгө убада кылгандыр, антсе дагы, буга ишенүү кыйын. Г.С.Молдобекова үчүн кимди болбосун, айрыкча, жогорку кызматтагы адамды каралоо түккө арзыбайт. Бирок, факт деген факт. Себеби, Асанакунов менен Молдобекованы жогорку бийликте тургандардан кимдир бирөө колдоп жатат, болбосо, аларды эбак темир тор артына жөнөтүшмөк. Бир жолу  Асанакунов: «Мени Ташиев колдойт. Ал менин колумда» деп катуу күпүлдөгөн деп айтышат. Бирок, буга да ишенүү кыйын, ал минтип Биринчи май райондук сотунун имаратында айткан. Профсоюздардын көйгөйү профсоюз лидерлеринин Асанакунов сыяктуу бай эместигинде, анткени, алар күч түзүмдөрүнүн "көңүлүн алганга" алдары келбейт. Алардын Асанакуновдукундай мыйзамсыз байыган менчик мүлкү жок. Алардын элиталык мончолору, сауналары, мейманканалары, батирлери, бир саатка, бир суткага, күнгө, түнгө ижарага  берген квартиралары жок. Ал Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки ирет иштеген жана бул облусту өнүктүрүү фондунан каражаттарды максатсыз пайдалануу менен 2010-жылдан 2015-жылга чейин ачкан курулуш компаниялары жана ресторандары жок. Профсоюздардын чыныгы лидерлери "жаза" иретинде Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектөөгө жана байлыкка марышы үчүн  жөнөтүшкөн эмес. Ал жакта дагы мүлкүн конфискациялоо менен узак мөөнөткө абакка жатканга жеткидей уурдаган, Бишкек ЭЭАгын жетектеп турганда дагы КРнын кылмыш мыйзамдары менен чатагы болгон. ПФК Кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 5-февралынан кийин Асанакунов ПФКнын төрагасы кызматынан расмий документтерди жасалмалгандыгы үчүн кеткен. Бирок, ал дагы эле оюна келгенин кылып отурат. ПФКнын кезектеги тышкаркы 24-съездинин чечимин жараксыз деп табуу жөнүндө абсурддук бир нече доо арыздарын уюштурду. Анткени менен съезд ПФКнин уставына ылайык өткөрүлгөн. Бул Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгы, КРнын Жогорку Соту тарабынан тастыкталган, ошондой эле, Бишкек шаарынын Административдик соту 2021-жылдын 16-августунда өзүнүн токтому менен күчүндө калтырылган.

Ага карабастан, мындай иш бир эле убакта  Молдобекова менен Асанакуновдун "өздөрүнүн" соту мурда боло жүргөндөй эле "ишенимди акташ үчүн" тынбай аракет кылган А.М.Сатарова иштеген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Аталган соттун ишмердүүлүгүнө токтобостон, “ResPublica” гезити жана сайтынын жалгыз кызматкери, башкы редактордун орун басары Ярослав Тартыков: “Сатарова “чөнтөк” судья. Анын баасы, Замира айткандай, 500 доллар –  Биринчи Май райсотунун коросунан айткан сөзүнө токтоп, Асанакуновдун кылмыштарына кайрадан өтөлү. Анткени, ага чейин М.А.Асанакунов ПФКнын имаратын рейдерлик менен басып алып, май көл, сүт көлдүн үстүндө жашап, ПФКнын төрагасы катары ар кандай расмий документтерге кол коюп, 2021-жылы 22 млн 435 миң сомду түзгөн эмгекчилердин саламаттыгын чыңдоо боюнча фонддун резервин каалагандай оңго, солго чачып жатат. Жолдомолор жана откаттар (калыбына келтирүүлөр) түрүндө бул каражаттар аракеттерине жана чечимдерине толугу менен таасир эткен соттордун, прокуратура, милиция ж.б. органдарынын капчыктарына түшүүдө, алар бүгүнкү күндө ачыктан ачык эле М.А.Асанакунов тарабынан жүргүзүлгөн Профсоюздар федерациясындагы мыйзамсыздыкты жана кылмыш иштерин активдүү колдоп жана коргошууда. Биздин өлкөдө бир дагы жетекчи мындай жеке материалдык резервдерди жана өзү каалагандай каражаттарды чача албайт. Акыркы үч жылда ушундай жол менен ал жеке керектөөлөрүнө 58 млн. 638 миң сом жумшаган.

Дагы бир жолу белгилеп кою керек: - М.А.Асанакуновдун бул кылмыш-жаза иштеринин артында аялы КРнын ЖКнин Комитетинин төрайымы Г.С.Молдобекова турат. Өзүнүн бийлик коридорундагы жогорку кызмат абалын колдонуу менен кандай баа менен болбосун күйөөсүн ПФКга төрага кызматына алып келүүгө аракет кылып жаткан Г.С.Молдобекова турат. Ал депутаттардын тобу менен сүйлөшүп алып М.А.Асанакуновго карата элге каршы "Профессионалдык союздар жөнүндө" жаңы мыйзамды КРнын ЖКне киргизип, эки жолу Палата тарабынан кабыл алынды. Бул мыйзамга каршы республикадагы бардык профсоюз уюмдары, КРнын Өкмөтү, Эл аралык эмгек уюму, Евробиримдик, БУУнун КРнын өкүлчүлүгү ж.б. каршы чыгышты. Моюнга алыш керек, бул жерде акыйкаттык орноду - Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич дагы эки жолу Вето койду жана чуулгандуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарды. Бул Молдобекова менен Асанакуновго каршы өтө  негативдүү көрсөткүч, булардын элге, мамлекеттик түзүлүшкө, акыры соңунда КРнын Президентине каршы багытталган ишмердүүлүгүнө берилген кыйла тескери баа. Алар жалданма жумушчулардын укуктарын жана эркиндиктерин муунтуп келишкен жана ошол бойдон калышты. Алар өз жоопкерчиликтерин тартышат деп үмүт кылам. Жубайлар эбак абакка отургузулушу керек эле.

Жакында эле УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев сот органдарында коррупция жок деп айтты. Бирок, биз Сатарова сыяктуу сотторду күн сайын көрүп жатабыз. Сот системасында жана күч түзүмдөрүндө алар алар азайган жок, а тескерисинче, гүлдөп жатат. М.А.Асанакуновду "Кумтөр" кенинин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартат деп үмүт кылбай койсо деле болот. Аны, мүмкүн, балдар чет мамлекеттерге көзөмөлсүз сатылган Бишкек балдар үйүндөгү чуулган үчүн  "Гулькан-мамочканы" кылмыш жоопкерчилигине тартпагандай эле, кустуруп, чочутушпашы деле ыктымал. Анда аны курбусу - Раиса Атамбаева сактап калган. Андыктан, аны көп сандаган мончолору жана сауналары менен кызматташууга кыздарды тарткандыгы үчүн дагы. Мейманканалары жана чыдамдуулук үйлөрү, тагыраагы, персоналдын оройлуктарына адамдар чыдаган үйлөрү мененАсанакунов  дагы эле жоопкерчиликке тартылышы күмөн өңдүү. 

PS: Токтогул атабыз: - “Ырдайм, деп келгенден кийин ырдай берем”,- деген экен. Биз  да: “Коррупция  жана коррупционер-кылмышкерлер менен  күрөшөбүз  деген элек, ошондуктан,  бул темага чекит койбойбуз. Айтор, бара көрөрбүз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg       

 

 

Последние новости