www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин социалдык тармакты Аида Исмаилова, Ишенгүл Болжурова, Мира Жангарачева, Тажикан Калимбетова, Алтынай Өмүрбекова, Элвира Сурабалдиева, Элвира Сариева, Камила Талиева сыяктуу аялзаттары жетектеп келген. Эдил Байсаловбу же Эдичка Байсаловабы НПО тарапты силкип катырган бирөө эки жылдан бери бул орунду бербестен ээ болуп келатат. Андан да президент Садыр Жапаровду Улуу Петр бирге салыштырып, өзүн анын жөжөсү катары сезип турганы элдин кыжырына тийет. Жок дегенде Александр биринчиге салыштырса боло, ал досу Аракчеевге Орусия империясындагы болгон бийликти карматып коюп, жандармериядагы "Аракчеевчилик" бүт империяга тарап, ушул кезге чейин Аракчеевдин аты тарыхта калган.
2022-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкууланды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышкан. Отурумда депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдө социалдык маселелер унутта калганын айтып, социалдык тармактагы маселелерди караган министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсаловго кызматын тапшырууну сунуштады.
"Эдил Жолдубаевич саясатка киришип кетет экен. Социалдык багытка киришпейт экен. Ордуңузду иштей турган аялдарга бериңиз. Болбосо иштеңиз. Баткенде согуш болгондо канча күндөн кийин бардыңыз? Азыр ал жакта психологдор жок. Психолог менен камсыз кылуу, социалдык кызматкерлерди көбөйтүү сиздин ишиңиз болчу", — деди ал.
Депутатка жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармак унутта калды деген пикирге кошулбайт экен. Себеби азыркы учурда Байсалов жалгыз президент Жапаровду мактабайт, ал өзүнүн жетекчиси Жапаровду да айга-күнгө жеткире мактайт.
"Эдиль Жолдубаевич боюнча айткан маселени биз карап көрөлү. Мурун бир эле айым бар эле, азыр эки айым болуп калды өкмөт мүчөлөрүндө. Балким вицелердин арасында да бир айым болуш керек десе, ошондон кырдаал оңолсо, анда биз ошондой кадамдарга барууга даярбыз. Менин оюм боюнча Эдиль Жолдубаевич азыр өзунүн ордунда иштеп жатат, биз айткан тапшырмаларды, президенттикин, меникин аткарганга аракет кылып жатат. Эми кадрларды да тарбиялаш кере экен. Баарыбызга бир жыл эми болоюн деп жатат, көбү жетпей калды бир жылдык финишке. Бирок министр болуп төрөлүп калбайт экен…", — деди Жапаров.
Эми кандай түшүндүрсө болот Байсалов кызматтан кетеби же Акылбек Жапаровбу ким билет?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg