www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-көрүнүш
Милиция: Андан кийин сиз байыркы заманда талкаланган мунаранын жанында...
Шурик: Кечиресиз, мунараны да мен талкаладымбы?
Милиция: - Жок, жолдош кылмышкер.
Саахов: Кылмышкер? Бул кылмышкер эмес, улуу урматтуу Шурик үлкөн саясий ишмер, интеллектуалдык эмгектин адамы,мурунку вице- премьер-министр. Улуу урматтуу Шурик саясий жомокторду, азилдерди жыйнаганы келди. Түшүнөсүзбү, саясий тостторду...
Милиция: Тост?!
Саахов: Ооба,тост, тост... Анан өзүнүн күчүн эсептей албай, ашыкча ичип алды да... Бул ишти өндүрүштөгү кырсык катары карашыбыз керек. Жанагы, башка журналисттерди, саясатчыларды болсо соттош керек!
Администратор: Мен тост алып келдим... (Шурик башын шылкыйтып, ыйлап жиберет)
Саахов: Эмне сизге жаман болуп жатабы?
Шурик: Кыргызстанда жүргүзүлгөн айыл реформасынын жетишкендиктери, «мамлекет эмне утту, айыл калкы эмне утту?» деп такып сурашты жана реформанын жүрүшүндөгү катачылыктар жөнүндө сурашты. Аларды да кеңири айтып бердим.
Кыргыз мамлекетинин утушу астрономиялык деңгээлде! Мен жогоруда айтпадымбы, «колхоз-совхоз системасы жашап турганда аларга жылыга республиканын бюджетинин киреше бөлүгүнө салыштырмалуу жети эсеге көп дотация зарыл болгон экен» деп. Эми элестетели.
Кыргызстандын быйылкы жылга бюджетинин киреше бөлүгү 282 миллиард сом. Эгер учурда бизде колхоз-совхоз системасы сакталып турган болсо, демек, анда кыргыз өкмөтү айыл чарбасына андан жети эсе көп, тактап айтканда, 1 триллион 974 миллиард сом дотация таап бериши керек эле! Азыр кыргыздын эркин дыйкандарына бир сом дотация берилбейт эмеспи.
Администратор: Муну өкмөттөгүлөр түшүнүшөбү?
Шурик: Балээнинби! Кайра «кана колхозум, совхозум?» деп беттен алышат да...
Саахов: Эй, ички иштер министри, сиз эмне, Улуу урматтуу Шурикти ич деп кыйнап атасыз? Бул жер Жогорку Кеңешпи, же Шурик президентке талапкерби?
Администратор: Өзү үч экземпляр сурабады беле...
«Кавказ туткуну» фильминин кыргызча варианты
ФБда сатиралык сериал
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg