www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсенбай жетимишке чамалап калганда кыргыз элин караан күн басат.Орус ак падышасынын амирине баш ийбеген кыргыздар кылыч менен замбирекке каршы чыгышып,согуш талаасында бүлгүнгө учурап, Кытайды көздөй самсый баштайт. Орус менен кайраштырып «өтүк менен орустун пушкасын жок кылабыз» деп көкүтүп турган түрктөр көз ачып жумгуча жок болот. Орус ак падышасы тарабынан: «Сарбагыштарды баш көтөргөн эркектеринин барын кырып салгыла!» деген ачуу буйрук келиптир. Ошентип жандалбастап кыргыздар башын ала качып кача баштайт. Беделдин ашуусунда канчалаган кыргыздардын сөөгү калды,ушул күнгө чейин ошол жер күңгүрөнүп турат.Бала кезде эсимде, Чорто атанын сарайына бараткан жолдо жыбыраган куу адамдын сөөктөрү жатар эле. Эмне болгон сөөктөр жатканын билбейм, мүмкүн орустар менен атышканда калган кыргыздардын сөөктөрү болуп жүрбөсүн. Кийин ошол сөөктөр жоголду, көмүп салыштыбы билбейм. Ошол жыбырап жаткан сөөктөр эмгиче көз алдыда элестейт.

 

1916-жылы августта Кочкор эли сүрүлүп, Кытайды көздөй оой баштайт. Эсенбай Нарын дарыясынан өтүп Ат-Башыга келишсе, эли үй-мүлкүн таштап эбакта Кытайга үркүп кетишиптир. Эсенбай Ат-Башыда калып калууну чечет, анын сөзүн угушпай:  «Ай, Эсенбай мончоктой болгон балдарыңды орустун мөндүрдөй жааган огуна салып бересиңби?» - дешет. Эсенбай дагы боолголоптур: «Орустар Нарын дарыясынан бери өтө алышпайт. Кытайга барганда бизди бооруна тартып тосуп алмак беле? Орус-кытай мамилеси жакшы кайра эле орустардын колуна салып берип коюшу мүмкүн. Эмне болсо да өз туулган жерибизден көрөлү» - деп. Аны уккан ага-туугандары менен Ат-Башыда калып калат. Укпагандар самсып ашуу ашып, Кытайга  өтүп кетишет. Кыргыздар Кытайга баратышып, акыркылары Нарын дарыясындагы көпүрөнү жок кылып кетишет. Эсенбай туугандары менен тоо тарапты беттеп кетет. Байкуш кыргыздар качканда баштарын ала качышып калганы ошол бойдон калтырып кетишсе керек. Эсенбайлар Ат-Башынын ички тарабына кирип кетишет, ал жактан орус эмес балакетиң келсе да тапмак эмес. Орус-казактар чынында эле Нарын дарыясынан өтпөй калат. Аркы көл тарапта Беделдин ашуусунда кыргыздарды каалашынча кырган. Кийинки жылдары Кытайга баргандар кайра өз туулган жерине кайта баштаганда Кытайга көчүп кетпеген Эсенбай далай кыргыздарга тээк болуп, нечендеген ачка келаткандарды тосуп алган дешет.

Эсенбай Үркүндө Кытайга кетпей Ат-Башыда калгандын дагы бир жакшы жагы мал-мүлкүн аман-эсен сактап калат. Чоң апабыз Сүйүн Кытайга үркүп барып үй-бүлөсүнөн ажырап, кайтып келатканда Эсенбайдыкына туш келет. Эсенбай келечекти көрөрман киши эмеспи: «Эки ийнинен чолпон жылдыз жанып, эки периште көрүнүп турат» - деп, Сүйүндү алат. Жетимиштерге келип калган Эсенбай өзү айткандай Турдубек, Келдибек деген эки уулдуу болуптур. Мүмкүн ушул эки периштени Эсенбай көрө билгендир. Турдубеги Улуу согуштан кайтпай калган. Келдибеги согуштан аман-эсен келип, он төрт балалуу, жүздөгөн небере-чөбүрөлүү болду.

Сүйүн чоң апаны көрбөй калдык, бирок бала кезде чоң энеңдин элеси Күкү аркылуу кайталанып келди деп айтыша турган. Чоң апабыз абдан сарамжал, бала дегенде жанын таштап койгон адам болсо керек. Бурул эжекемдин айтканын уккам, балдарым жесин деп эч тамак жечү эмес экен, чоң апаны тамак жедириш үчүн: «Биз тойдук, эми калганын төгүп салыш керек» деп атып араң жедирчү экен. Апам айтып калчу кичинекей кезинде Бурул эжеке «Эне бери кел» деп чакырып: «Эми үстүңө минип алайын» аркасына отурчу деп. Кийинчерек мен ымыркай кезимде жуурканда оролуп жатам, Бурул эжеке келип «үйдү жыйнап койбойсуңар» тиякты биякка, биякты тиякка ыргытып жатат дейт. Мен жаткан жуурканды кошо ыргытыптыр. Бала кезимде мени «сен бала кезиңде Бурул эжекем ыргытканда эле бир шаригиң кем болуп калган» деп ардантышчу.

Мага чоң апамды көрбөгөн соң жазуу кыйын, билгендер жазган жок. Венера, Жаныбектер жазууга жардам беришти бирок алар мен билгендей эле билишет. Акылбек байке көптү биле турган, бирок жетишпей калдык. Турдубек тууралуу айтты. Ал өспүрүм кезинде эле Эсенбай кулакка тартылып колхоздун жумушуна эрте аралашыптыр. Акыл-эстүү, зиректүү баланы он төрт жашында эле учетчик кылып коюшуптур.Бейшеке таяке менен жакшы болуп үйгө көп келчү экен. Согуш алдында бригадир болуп калган экен, согушка кетип баратып, Жыпар апа экөө жер төлөнү данга толтуруп кетиптир. Атам согуштун келгенде да акыркы дандарын жеп калыптыр.

 Атам Келдибек айткан: өткөн кылымдын 60-жылдары  чоң апам Сүйүндүн көзү өткөндө өйүздөгү чоңчарыктар келип катышып, ал эмес ражасын чогултуп беришиптир. Ал мезгилде атам да башкарма экен. Кара-Суу жаңы салынып, үйлөр аз, тиягы Бекдөөлөттүкүнө чейин, биягы Кермакундукуна чейин эл кирип, жаштар батпай калды дейт. 60-жылкы жаштар азыркы сакалдуулар болсо керек, аларды дөңгө чогултуп, мүчөсүн, акчасын берип, жайын түшүндүргөнбүз дейт. Демек 60–жылдары өйүздөгү чоңчарыктар менен ражабыз бир болгон экен. Негизи сейректеп калса керек, кийин ража үзүлдү. Ал эмес 70 жылдары черткини ражадан чыгарса, 90 жылдары чоңчарык өзү бөлүнүп кетти.

Кээ бирде мындай ой кетет, Эсенбай Сүйүн чоң апаны

«Эки ийнинен чолпон жылдыз жанып, эки периште көрүнүп турат» -деп бекер жеринен айткан эмес экен. Эки баланын бири дайынсыз жок болсо да, экинчиси он төрт туяк калтырып, Бермет эжекеме окшогон неберелери өлөр өлгүчө куран окутуп турушту. Эсенбайдын атын Келдибектин балдары сактап калды десек болот.

 

Эсенбаев Жаныбек: Сүйүн чоң апага

Бир чыгарма каарманындай,

Болгон биздин энебиз.

Жараланган соң ар бир адам,

Жараткан бир бак айтты деп келебиз.

Көптү көргөн түйшүк тарткан,

Сүрөтү бар жүзүндө бүт жазылуу.

Жалгыз кайтып чоң Үркүндөн,

Үй-бүлөө жок кара ингендей жабылуу.

 

Кайратына таң каламын,

Бой таштабай аскадан.

Келечектен үмүт үзбөй,

Башталат деп кайрадан.

 

Нике кайып жолдон болуп,

Жолугуп чоң адамга.

Чоң адамдын көлөкөсү чоң болуп,

Байкалбастан жашап келген жанында.

 

Согуш апаат, байы жаңы узаган,

Тал-теректей уулдарды удаа-удаа узатып.

Кала берген батыш тиктеп,

Кайраттанып кайрадан.

 

Атам кайтып, өсөр –багар болгондо,

Ага да каниет деп.

Жай турмушта куран окуу болгондо,

Калчы эле дейт, бата артында.

Алаканды жайган бойдон.

Кайтпай калган чүрпөлөрүн тизмектеп.

Турмуштун чоң сыноосуна ,

Тура алгансың чоң эне.

Тукумуңуз өсүп келет,

Туубузсуз татаал мисал керегирек.

Кайрат жагын тартпасак да сизчелик,

Кара тору балам менин,

А кызымдын таноолору кененирээк,

Деп Жанек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости