www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суунун башында туруп, суу жок болгону биз үчүн кечирилгис. Мөңгүлөр ээрибесе эмне кылалы деп жатабыз. Бирок, ээрибейт же Кахов ГЭСинен суу келип калаар деп отура берсек маселе чечилип калбайт. Мындай пикирин депутат Марлен Маматалиев бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат көйгөйдү чечүүнүн жолун сунуштады.
"Бишкек мэриясы эки жылдан бери өкмөткө кайрылып жатыптыр. Алар суу тосмо куралы деп жер жана каражат бөлүп берүүнү сураса өкмөт кайдыгер мамиле кылып келген. Жыйынтыгын өзүңөр көрүп жатасыздар.
Мэрия 100 миллон сурап жатат. Ушул маселени тез арада чечип берели. Эгер мэрия жана өкмөт чече албай жатса, биз депутаттар киришели", - деди Маматалиев.
Ал төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиевден аталган маселе боюнча бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынын өткөрүү үчүн танапис сурады.
Эскерте кетсек, кечээ, 7-июнда бир канча депутат Бишкектеги таза суунун тартыш болуп жатканы боюнча маселени көтөрүшкөн.
Ал эми, төрага Нурланбек Шакиев парламентте суу маселесин караганы менен мөңгүлөр ээрип кетпесин билдирген.
Борбор калаанын мэриясы учурда суунун жетишсиз болуп жатканына байланыштуу бир канча чектөөлөрдү киргизгенин билдирген.
Алсак, шаардын түштүк тарабында түнкүсүн таза суу өчүрүрүлүп тураары айтылган. Ошондой эле, 100гө жакын объекттин ишмердүүлүгү токтотулду. Аларга мончо жана унаа жуучу жайлар кирет.
Булак: NazarNews.kg