www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште суу маселеси каралганы менен маселе чечилбейт. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл күн суук болуп мөңгүлөр, карлар ээрибей, суунун келиши жылдагыдан аз болуп жатат.
"Биз парламентте бул маселени караганы менен суулар көбөйүп, мөңгүлөр ээрип кетпейт. Андыктан пленардык жыйынды үнөмдүү пайдаланалы", - деди Нурланбек Шакиев.
Эскерте кетсек, буга чейин бир канча депутат Бишкектеги таза суунун тартыш болуп жатканы боюнча маселени көтөрүшкөн.
Борбор калаанын мэриясы учурда суунун жетишсиз болуп жатканына байланыштуу бир канча чектөөлөрдү киргизгенин билдирген.
Алсак, шаардын түштүк тарабында түнкүсүн таза суу өчүрүрүлүп тураары айтылган. Ошондой эле, 100гө жакын объекттин ишмердүүлүгү токтотулду. Аларга мончо жана унаа жуучу жайлар кирет.
Булак: NazarNews.kg