www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:  Мелис Арыпбек уулунун Айтматову

Мелис Арыпбек уулу жөн гана бир жактуу чыгармачыл адам эмес. Ал чындык десе көздү чукуп алган адам. Ошол үчүн Айтматовду жанагы кошоматчылары бар го - жерге-сууга тийгизбей мактаган, алар сыяктуу мактай бербейт. Голливуд тарткан киносунда эл артисттер коргол менен беттерин бойоп, бок жеп, кыргызды өтө жапайы кылып тарткан. Мелис байке ачуу үнүн салып, мындай болбойт деп бакырып чыккандардын бири. Айтматовдун чыгармачылыгы Раззаков, Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиевдин бийлигине туш келет, деги анын бийлик менен алым-катнашы кандай болду эле? Бул ой-пикир узун, бирок кимдир бирөөлөр учкай көз жүгүртпөй, аягына чейин окушу мүмкүн:

1. Исхак Раззаков менен жаш Айтматовдун иши деле болбосо керек. «Жамиладан» Айтматов көктөгөн. Мелис Арыпбек «Жамиланы» көп жактыра бербейт, кыргызды күйөөсүн саткан мындай сойку болгон эмес дейт. Айтматовго каршы негативди топтогон «Жамила» повести. «Жамила» чет мамлекеттерге абдан жаккан. Анткени, СССРди талкалай албай турган Батышка  Улуу Ата Мекендик согуш учурунда согушка кеткен күйөөлөрүн чанып кыргыз келиндери Жамилага окшоп башка улуттагы эркектердин колун жетелеп качып кеткен деген пиар жүрүш керек эле. Күйөөсү согушка кеткен келиндер, өлүп калса да күтүшкөн. Анын барын бир Жамила бырын-чырынын чыгарып кетти. Айрыкча казак Даниярдын ордуна «жүн башты» коюп Голливуд кино тарткан соң, кыргыздарды жапайы калкка теңеп, СССР эл артисттерин акча үчүн бок-сакка аралыштырып, бок менен беттерин сүйкөткөн соң, улутубуздун намысы ылдыйлап калды. Голливуд Жамиласына теңелебиз деп кыргыз кыз-келиндери чет элдик жарандардын алдында кыргыз жигиттерин кемсинте баштады. Алда кудай ай, мекенчил Айтматов «Жамиласын» жазбай койсо деле болмок. 

1958-жылы Москвада жарык көргөн «Жамила» повести атактуу жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Луи Арагонго жагып Айтматов дүйнөлүк даңазага ээ болгон. Мухтар Ауэзов тууралуу Улуу согуштун катышуучусу менин атам Эсенбаев Келдибек айтып калчу. 50-жылдардын аягы болсо керек курортко барып Саякбай Каралаев менен бир бөлмөгө жатып калат. «Сакемди барганда ар ким алып кетип, күнү-түнү жок болуп жүрдү. Бир күнү чакырган азайып бөлмөдө отуруп калды. Ошондо эшикте жүрсөм бир «Волга» токтоп, бир киши чыгып Сакемди сурап жатыптыр. Мен барып азыр чакырып келейин дедим. Сакем келгенде экөө далайга кучакташып, ыйлап да жиберишти. Көрсө, Саякбай кыргыздын алпы болсо, Мухтар Ауэзов казактын, ал эмес дүйнөнүн алпы болуп турган кездери тура» -дечү атам. Айтматов да «океандай болгон» Манасты айткан Каралаевди даңктап  жүрдү. Атам Саякбайдын көзү өткүчө Фрунзеге барганда Дзержинский бульварынан жолугуп, баарлашып жүрдүм дечү.

2. Усубалиев БКга биринчи болгондо Пленумга колхоз башкармаларын да чакырткан дейт. 40 жаштагы кези кыпкызыл туфли кийип алганы эсимде дечү. Чыңгыз Айтматовдун гүлдөгөн доору Усубалиевдин заманына туш келген. Атамдын айтуусунда 1968- жылы Кыргызстан КП БКнын экинчи секретары Семененко, Министрлер Советинин төрагасы Болот Мамбетов 40 жаштагы Чыңгыз Айтматовду  Усубалиевдин ордуна алып келиш үчүн ага  каршы «заговор» уюштуруп, бирок Усубалиев билип калат да Политбюрого биринчи жетип, ордун сактап калат. Натыйжасында Семененко, Болот Мамбетов кызматтарынан айдалышып, Болот Мамбетов Москвада жүрүп көзү өтүп ошол жакка коюлат. Айтматов 1973-жылы СССРдин диссиденттери Солженыцин, Сахаровдорду коргоп чыгат. Ал эми 1978-жылы 50-жылдык тоюн Фрунзеде өткөзгөндө ага ошол кездеги атактуу акын Жоробек Султаналиев 300 куплет ыр жазып алып барыптыр. Кесиптеши Алым Токтомушевдин айтуусунда Айтматов костюм кийгизип: «Жоке, эми отуруп сый көр» -дептир, «Жок, ырчы деген отурбайт, ырчыны башка тойлор күтүп жатат»-деп рюмкадагыны жутуп,  чыга жөнөптүр. Айтматов узата чыгыптыр, Жоробек: «Балдарым Чыкенин тоюнан кур кайттыңбы десе эмне дейм» -дептир, Чыңгыз: «Кокуй  алып келгиле» -деп бир баштык толтура арак-шарап, таттуу-паттуусу менен эшикте күтүп тургандарды тойгузган экен. Ошол Жоробек бир күнү Айтматовдун үйүнө барып: «Чыңгыз байкем тушунда, тумаксыз калдым кышында» -дептир. Аалам менен акчаны сапырып турса да Айтматов байлыкка абдан сарамжал эле дешет. Кыйылып жатып тумагын берди дейт, анан: «Жоробек эмне мага эле келе бересиң Сүйүнбай, Сооронбайга барсаң деле бермек» -дептир. Жоробек да жөн сүйлөбөй: «Кыргызда экөөбүздүн гана баш размерибиз бир» -десе Айтматов каткырып кала бериптир. Жоробектин афоризмдерин казактар чыгарышып  Айтматовду чыгарбай койот, Жокең Айтматовду аңга түртүп, өзүн таластыктарча асмандатып жаткан дейт. Аңгыча Айтматов өтүп баратыптыр дейт. Аны көрүп артынан жетип барган Жоробек ийиктей  чимирилип турат дейт. Чыкени чыңырта мактады дейт, келгенде эле ага «штурм» жасап, Айтматовду өлө мактадың го десек, сөз бербеген Жоробек: «Халтурщиктерди мактап жатып жоготуш керек» -дептир. Эми бары жок, Жоробектин көзү өткөндө сөөктү жайына берерде Айтматов жетип барып, мага кабар айтпай, бирөөлөрдөн угуп келдим дептир. Айтматовдун да көзү өтүп дүйнөдө чыгармалары 178 тилге которулуп, чыгарылышы боюнча  Толстой, Шекспир, Бальзак сыяктуулардан ашып турганын Гиннес китеби кабарласа да,  өз жердештеринин сынына кабылып турат мунун себеби эмнеде?   

3.Масалиевдин заманында кайра куруу керимсели СССРди чайкап 1986-жылы дүйнөлүк атак-даңкттуулар менен Айтматов «Ысык-Көл» форумун түзгөн. 1989-жылы Масалиев, Акаев, Сыдыков жана башка 30дай адам СССР Жогорку Советине депутат болушкан. Ал кезде вице-премьер Үсөн Сыдыков менен Кочкор районунун жетекчиси Корчубек Акназаров Кочкор-Жумгалдан депутат болушкан. Эмгеги сиңген Акназаровду андан жашыраак Үсөн Сыдыков оңой эле алдаган, курулушту бийлеп турган ал, шайлай турган ар бир айылга мектеп курам деп фундаментке аң каздыра берген. 30 жыл болду аңдар казылган бойдон калды.

Горбачев СССРге президент болгондо кадыр-баркы ашып-ташып турган Айтматовду президентке кеңешчи кылып алган. Айтматов ал кезде «Плаха» деген кыргыздын тиши оңой менен өтпөгөн романын жазды. Негизи Айтматовдун чыгармаларын айылдашы Ашым Жакыпбеков орусчадан кыргызча ийне –жибине жеткире которуп бере турган: «Гүлсарат», «Эрте келген турналар», «Ак кеме», «Кызыл алма», «Фудзиямадагы кадыр түн» , «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Делбирим», «Бото көз булак», «Кылым карытар бир күн» өз эне тилине табына келтириле которулган. Бир гана «Кыямат» (Плаха) романынын жарымын  гана которгон. Албетте, Айтматов орусча жазчу, аны жүздөгөн тилге которуп кетчү, бир ирет Айтматовдон маек куруп жатышып: «Сизди кыргызча ким которот?» деп сурап калышат. «Билбейм» -дептир. Айтматов өз эне тилинде өз айылдашы которуп жүргөнүн кантип билбесин? 1994-жылы көзү өткөн Ашым Жакыпбеков 1987-жылы «Плаханын» жарымын которгон экен, балким ушул сөздөн соң жарымын таштап койсо керек.

 

4.1990-жылы 22-октябрда Кыргыз Жогорку Совети ишин баштайт. Президенттикке КП БКнын биринчи секретары  Масалиевди А.Жумагулов көрсөткөн. Апас Жумагуловду альтернатива кылып Ж.Сааданбеков көрсөткөн. Буга ал кезде «кыргыздын Нурсултаны» атка конуп бараткан Жумгалбек Аманбаев кошулат. Жашыруун добуш берүүдө үчөө тең добуш ала албай, ачык добуш берүүгө Масалиев менен Жумагулов чыгышып, Масалиевге 4 добуш жетпей экөө тең жыдып калышат. Элдин оюу Чыңгыз Айтматовго барып такалышат. Арийне, Айтматов президент болуудан баш тартып Акаевди сунуш кылат. Айтматов Акаев менен СССР Жогорку Советинде бирге депутат болуп, бүт орто Азиядан экөө гана трибунага чыгып сүйлөп турган. Ал менен атаандаш катары А. Муралиев, Б.Осмонов, Н.Исанов,С. Аблесов, Э. Дүйшеевдер коюшуп биринчи орунду Акаев 147, Исанов 74 добуш алып чекке жетишпей калат. Экинчи турда Акаев 4 добуш ашып 179 добуш менен  1990-жылы 27-октябрда президент болот. Балким Айтматов талапкерин койгондо биринчи турда эле алып кетмек.

Башкаларга өтө сарамжалдуу, өзү үчүн «өгүздөй кара күчү бар» Айтматов президент болсо кандай болмок? Айтматовдун дүйнөлүк жазуучу болгону менен адамдык пенде катары кыргыздын каада-салтына маани берген эмес. Керез эжеге аксакалдарды ортого салып, жаш аял алууну айттырганы бар, Керез эже буркан-шаркан түшкөн экен. Партиянын заманында коммунист Айтматовго экинчи аял алуу тоскоол болгондур, бирок экинчи аял алганын эч бир кыргыз өгөйлөбөйт. Бир гана балдарынын энеси, өмүр боюу Айтматов үчүн жашаган Керез эже жарык дүйнө менен кош айтышканда көз көрсөтпөй, топурак салбай койгону ааламды миллион мактап даңазаласа да, адамкерчиликке жатпайт.

Сталин айткан атасы үчүн баласы жооп бербейт деп. Баласы үчүн атасы да жооп бербейт. Акаевдин заманында Кумтөргө Бирнштейнди таап канадалыктарга салып берген Элдар, Санжар Айтматовдор болгон. Балким Бирнштейн Насирдин Исановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышына себепкер болгондур, бирок булардын улуу жазуучу Айтматовго тиешеси жок. Кыргыз эли оор кырдаалдарга тушугуп турган Акаевдин заманында улуу гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов Европанын «ажайып тешигинен» чар тарапты карап турган.

5.Бакиевдин заманында Чыңгыз Айтматов көз жумду. Ал кездеги президент Бакиевдин Айтматов жаткан боз үйгө өкүрбөй эле келгенин элдин бары көрүп таң калышкан. Президенттер өкүрбөй эле барышабы ким билет? Айтматов тиги дүйнөгө кетер алдында Европадагы кызматтарынан бошотулган. Балким ал катуу тийдиби? Таякелери Казанга барганда катуу ооруп калат, Казанда деле анын ден соолугун сактап кала турган мыкты дарыгерлер бар да, анда эмнеге бекер дарылайт деп Германияга учкан? Же акча өмүрдөн да кымбатпы?

Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилин даңазалаган саптары калган. Албетте, анын айткандарын түбөлүккө жүрөктө калат. Бирок өзүнүн айткандарын өзү аткардыбы? Кыргыз тили тууралуу ушунчалык жакшы сөздөрдү айткан Айтматов өзүнөн баштап, өз балдарын кыргызча билим берип, кыргыз тилин үйрөтсө болмок. Кыргыз тилин даңазалаган Айтматовдун неберелерин мындай койолу, балдары кыргызча билбейт. Алда кудай ай, мекенчил Айтматов балдарына кыргыз тилин жакшылап үйрөтүп кетсе болмок.

Айтматовдун чыгармаларынын ичинде жүрөктү өйүгөнү «Ак кеме». Орозкулдун образы менен дүйнөгө зордукчул, аялын мындай койолу кайынатасына өкүмдүгүн көрсөткөн кыргызга айландык. Анткени дүйнөдө Толстой, Достоевский, Тургенев, Шолохов, Бунин, Солженыцин  сыяктуу ар нерсени айткан алптарыбыз  жок, дүйнө кыргызды Айтматов аркылуу гана тааныйт. Кыргызстандын чегинен чыккан соң эски муун кыргызды Айтматовдун чыгармалары боюнча тааныйт. Ал боюнча кыргыздар кайын аталарын топтой тепкилеген зөөкүр, кыргыздардын кыз -келиндери өздөрүн чанып чет элдиктер менен кете беришет, кыргыздар кыргызча чала моңол сүйлөшөт. Байыркы эл кыргыздардын мындай кемсинтилип турушу боордош түрк элине да майдай жагат. Туулган жерин даңктап чыгышкан Ал-Фараби, Махмуд Кашкари, Низами, Мухтар Ауэзов сыяктуулар. Чыңгыз Айтматовго Нобель сыйлыгы берилген жок. Бирок, Түркиянын жазуучусу түрк элин даңазалаган Орхан Памук Айтматовдун көзү тирүүсүндө 2006 - жылы  Нобель сыйлыгын алган. Эгер түрк эли Айтматовду ошончо кадырлай турган болсо биригип Айтматовго эбак Нобелди алып бермек, түрк элдери кыргызды мазактап туруш үчүн Айтматов керекпи деп ойлоп кетем.

Айтматов кыргыз элинин тоосу, тиреги. Орусия СССР эмес Айтматовду эбак унуткан.  80-жылдары ПИРЯЛда окуп жүргөндө «20-кылымдагы советтик дүйнөлүк классик адабиятчылар» курсунда «жүн баштардын» арасында жалгыз Айтматов окула турган. Сыймыктанчубуз! Кыргызды Айтматов аркылуу таанычуу. Сыймыктанчубуз! Бирок эми Орусия Айтматовду сүрүп чыгарып, кыргызды дүйнө Айтматовдун чыгармалары боюнча таанып жатканда эмне кылабыз?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

 

 

 



 

 

Последние новости