www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Башкы прокуратурасы 88 жаранды кыйноого алган 39 полиция кызматкерин жоопко тартты. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурунун орун басары Булат Дембаев ИИМ өкүлдөрү менен болгон жыйында билдирген.

Анын айтымында, тергөөнүн мыйзамсыз ыкмаларынын фактыларын алдын алуу чараларынын бири катары жаза өтөө мекемелеринде жана полиция бөлүмдөрүндө үзгүлтүксүз видеокөзөмөлдөрдү киргизүү керек. Бирок Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө техникалык жабдыктар менен камсыз кылууда кемчиликтер аныкталган.

Тактап айтканда, 5812 жайга видеокамера орнотула элек, 900 видеокамера иштен чыгып калган.

Дембаев кошумчалагандай, Жаза аткаруу комитетинин жана ИИМдин борбордук аппаратынын 19 аймактык полиция бөлүмдөрүнүн жетечилери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. 

Андан сырткары, учурда 88 жаранга мыйзамсыз тергөө ыкмаларын колдонгон укук коргоо органдарынын 39 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости