www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан бийликти басып алууга аракет көрүү, мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданган деген шек менен 30дан ашык адам кармалып сурак берүүдө. 

Албетте, алардын чындап ниети, аракети, максаты кандай экенин тергөө аныктап, сот укуктук баасын берет. Бирок, коомчулукка айрым жагдайлар түшүнүксүз.

Дегенибиз, кармалгандардын арасындагы айрым жарандар жалган жалаага кириптер болуп, туура эмес учурда, туура эмес жерде болуп, кылмышка шектүү катары жаманатты болуп калышкан жокпу деген күмөнсүнүүлөр айтылууда. 

Маселен, көрүнүктүү окумуштуу, саясат таануучу, политология илимдеринин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев  бийликти басып алууга шектүү катары кармалганы акылга, логика сыйбай турган табышмак жаратууда. 

Ал мындай мыйзамсыз ишке бара турган адам эместигин аны жакшы таанып-билгендер айтып жатышат. Илимпоз адам бийликти басып алуу аракетин көргөн кутум уюштурат дегенге ишенүү кыйын.

Анын башка интеллигенция өкүлдөрүнөн айырмачылыгы, саясат таануучу, окумуштуу катары кайсы бийлик болбосун конструктивдүү сын-пикирлерин айтып да жазып жүргөндүгүндө.

Эгер, ошол айткан сын-пикирлери бийликке жакпай калып, эптеп шылтоо менен кылтакка илип, оозун басуу максатында жазалоо аракети көрүлүп жатса, анда бул Жаратканга жакпаган иш.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости