www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

49

Хан Шабдандын болгон кызматы оёздун жардамчысы гана болгон, азыркы ажолор Путин менен тең ата. Агыны катуу суу кечип, ашуусу бийик тоо ашып көнүп калган Дыйкан болуш Кеминди көздөй баратты. Таңдын аппак –шапагында аттанган шайдоот атчандар Шабдан баатырды ажылыкка узатуу сыяпатына баратышат. Ак кийизге отургузулуп, атайы хан даражасына көтөрүлбөсө да тынайдын мыктысы Шабдан баатырдын хандай эле кадыр –баркы өскүлөң. Хан сыяктуу зоболосу утуру бийиктеп бараткан. Өзгөчө, аркалык кыргыздардын эл жакшылары арасында аны хан иретинде туюнушат. Ушундан улам тынай элинин бул манабын кээ бирде Шабдан хан атап коюшчу болгон.

Эл башчылары ага тигинтип ийилип турушса, караламан калк дегениң Шабданды ого бетер көкөлөтүп, аны ыйыкка айлантышкан. Анын үстүнө Жантайдын бул жылдыз нурлуу уулу ак падышанын амирин артынган орус төрөлөрү менен да коюн –колтук алышып, ымаласы ысышып алган. Орус төрөлөрү Шабдандын оозу менен сүйлөп, колу менен камчы чаап, анын башы менен кыргыз элин башкарып жаткандары билгендерге маалым.

Тоо баштарына кар себелеп, түнкүсүн түзөңдөргө боз кыроо түшүп, кеч күз болуп калган маал. Көз байланып, күүгүм жаап келатканда Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш Кызарттын белин ашып Кочкор өрөөнүнө түшөт.

Теребел караңгылыктын койнуна кирип баратты. Дыйкан болуш жигиттери менен оттуу жерге бурулуп, минип жүргөн аттарын эс алдырды. Аттардын ооздуктарын чыгарып, үч буттап тушап, отко койду. Жерге көрпөчөлөрүн салып, жигиттери кырданып жаткан Дыйкан болуштан обочороок отурушат. Дыйкан болуш кулагын кайчылаштырып, ооздугун кепшеп, эрдин кыбыраткан жылкысына карап, терең ойго батат.

Чаектин болушу Мырзабек, Жоон-Арыктын болушу Дыйканды чакыртып, атайы киши жиберген экен. Жигиттери Дыйкан болуштун жоргосун токушуп, көмөлдүрүгүн узартышып, куюшканын кыскартышып, басмайылын бек тартышып, жоон тобу менен Жумгалдын көкүрөгүн көздөй аттанышып, жолго түшүшөт. Мырзабек манап Дыйкан болушту чоң ызаат менен тосуп алды. Жүрөктү тербелткен сый –сыпаатын көрсөттү. Ширин тамак –аш дасторкондо жайнап, самаал, кымыз сабаадан куюлуп, Дыйкан болушка жумгалдын мыктысы ак падышанын гүбүрнатырын коноктогондой чыгынды.

Учурунда Чаекте болуш болуп турган Мырзабектин агасы Чойбек манапты сынаган сынчы: “Сен асманда айланып учкан ак шумкарсың, сермегениңди куткарбайсың. Атырылып тике качырган арыстансың, качырганыңды кайсайсың. Желедеги ак боз айгырсың, желеге бөлөк айгырды жолотпойсуң. Душманыңа келгенде тегирмендин ташысың, өз тууганыңа келгенде жайыл дасторкон ашысың. Жакын тууганыңа жан тартпаган, жамандардын үйүнө баш бакпаган, калпыс кепти сүйлөбөгөн, айтканынан кайтпаган, карамүртөздүк кабагыңды бүркөткөн, дайыма өкүм сөз өкчөткөн өрт экенсиң. Атаганат, сенин колдоочуң чоң атаң Черикчи бийден оогон көкжал карышкыр турбайбы? Бирок, мындан ары басар жолуңду боз чалып турат. Жаман ишке кириптер болосуң. Өмүр жолуң да жалындап күйүп барып , эрте өчөт турбайбы? Бак –даражаң карачечекей иниң Мырзабекке оошот” –деп сынын берген экен.

Сынчынын сын түйүнүн жашоо турмуштун өзү төмөндөгүдөй жандырган экен.Чаек болушу Чойбек менен Суусамыр болушу Түркмөн экөө нааразы болушуп, кекенишип жүргөн чак. Кыштын бир күнүндө Түркмөн Кочкордон кайтып келатып, Чойбек болуштукуна токтобой өтөт. Мунусу менен  Чаек болушун тоготпогонун, “Сен мага ким элең?” –дегендей айбат көрсөткөнүн билдирген. Чамгарактаган Чойбек болуштун бир жигити чаап келип, мырзасына мындай салт бузууну кабарлады.

- Түркмөн болуш сиз менен учурашпай, кетип баратат.

- Мага учурашпай өтүп кеткидей, ким экен ал өзү? Чакырып келгиле бери! –дейт Чойбектин ачуусу келип.

Чойбек болуштун эки жигити Түркмөн болушка чаап жетишип:

- Чойбек болуш сизди чакырып жатат! –дешет.

- Чойбекке бара албаймын! –деп суусамырдык манап так кесе жооп берет.

Чойбек болуштун кара айгырдай килеңдеген жигиттери Түркмөн болушту ыза кылышып, атынан оодара тартышып, шылдыңдашат. Башында эле Чойбек болушка кара чаар жыланын камдап жүргөн Түркмөн болуш эми ого бетер кекенип калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg        

Последние новости