www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын август айында мурунку министрге жөнөтүлгөн кайрылуубуз жоопсуз калды. Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин өрөөөнүндө Карал-Дөбө айылы бар. Ушул айылыбызда маданий очок (борбор) болуп эсептелген бала-бакча, клуб, балдар (жаштар) алаксый турган спорт аянтчалар, китепкана, жада калса мечит жок. Жалгыз маданий борбор-мектеп. Мектебибиз чакан, 1985-жылы курулуп бүткөн. Бүткөн мезгилде 135 окуучуга ылайыкташтырылып, 9 жылдык мектеп болуп ачылган. Кийин 11 жылдык билим берүүчү мектепке айланды.
Азыркы учурда мектебибизде 250 окуучу билим алат. Мектеп иштей баштаган 1985-жылдан бери билим очогубуз эки жолу талоонго түштү. Эки жолу ар кайсы жактан мектепке директор болуп келишип, ырыстуу нерселерди-топ, обручь жана башка ушу сыяктуу спорттук инвентарлардан бери сатып, эч суроо-жоопсуз жолго түшүшкөн. Ушул жылдын июнь айынан баштап, мурдагы директорго көптөгөн финансылык кылмыштардын негизинде тергөө иштери козголуп, жумуштан бошогон. Ошол убактан бери мектебибизде директор жок.
Эки айдан бери эл ичинде ушак сөздөр тарап, "мектебибизге бөлөк жаткан директор" келет экен деп эл ичи уу-дуу. Аягында ушак чындыкка айланып, ал директор кошуна Кайыңды айылынын тургуну Иманалиев Адилет министр Иманалиев Каныбек Капашовичтин бир тууган агасы. 1959-жылы туулган. Кесиби физкультурник. Убагында Адилет инисинин күчү менен Кайыңды орто мектебине директор, андан кийин Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп жүрүп, үч жыл мурда кайра Кайыңды орто мектебине директор болуп дайындалган.
Адилет мырза мектептеги өзүнүн кабинетинде 5-6 бала менен түнкү саат экилерде кумар (карта) ойноп, арак ичип, шапар тээп жаткан учурда мурдагы директор жана мектептин завхозу менен кармалып, (дагы көп кемчиликтери менен) жумуштан бошотулган. Адилет өмүрүндө үч жолу үйлөнгөн. Учурда карыган курагында бойдок. Жалгыз бой, атасынын тамында турат. Кечкисин ал үй "араккана", "казино", бул сөздөрдү Кайыңды айылынын тургундары жана кошуналары айтып жүрүшөт.
Агасынын директор болушуна Каныбек Капашовичтин түрткүсү 100 пайыз далил. "Муну кандай түшүнсөк болот?"-деген суроо туулат. Буга жооп "КОРРУЦИЯ" сазына баткандык. "ТУУГАНЧЫЛЫК", "ЖЕРДЕШЧИЛИК". Адилет мырзанын бул үчүнчү жолку директор болуп тургандагы иштеринен бир эле эпизод. Мурдагы "биринчи" директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген мезгилиндеги ыплас иштери эл оозуна "лакап". Каныбек мырза агасынын иштерин "беш колдой билет, түшүнөт. Эгерде Каныбек таза, элдик министр болсо, "Токтот! Кой, байке! Элде макал бар: "Чапкан сайын көз чыга бербейт" деген. Алып барчу жерлерге алып бардым, артыңдын баарын тазалап келдим"-деп айтыш керек эле да. "Сиз элди сыйлабасаңыз да, мени сыйлаңыз" - деп айтыш керек эле да.
Ушундай мүнөздөмөлүү директорду Карал-Дөбө айылы кантип кабыл алабыз? Кантип иштешебиз? Мектептен кандай окуучуларды чыгарабыз? Айылыбыздын балдарынын кийинки өмүрү, тагдыры кандай болот? Жооп: -МАҢКУРТЧУЛУККА даңгыр жол жок. Жок, Карал-Дөбө эли мындайга жол бербейбиз, жол табылат. Сиз чече албасаңыз, маселени Жогорку Кеңеш бар, абройлуу Жогорку органдар бар, ошол жакка кайрылууга туура келет. Азырынча Кемин райондук администрация башчысына, билим берүү бөлүмүнүн башчысына 158 ата-эне жана мугалимдер кол койгон кайрылуу жолдодук. Ал тараптан эч кандай "реакция" боло элек. Алгач эл "райондук деңгээлде эле чечип алалы"-деп ойлогон эле, жок болбоду. Аларга жогорку жактан кысым күчтүү болуп жатканы көрүнүп турат.
Ушул маселени "элдин, мектеп мугалимдеринин талабына ылайык, келечек муундарыбыздын тагдырын эске алып, чечип берет"-деген ишенимибиз чоң. Биздин талап, биринчиден, Адилет мырзанын биздин айылга директор болушуна жол бербейбиз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg