www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик дегенде жата калган «алкаштар» барбы? Чыныгы «алкаштын» жамандыгы өзүнө жана үй-бүлөсүнө, ал эми бийлик дегенде ак эткенден, так эткендердин жамандыгы бүтүндөй калкка тийет. Арак ичпей калса эле өзүн мыкты сезгендер бар. Аракты канча ичери белгисиз, бирок арамзалык жагынан алдына киши салбаган Каныбек Туманбаев деген бар. Акыркы мезгилдерде АША, Жээнбеков жана Жапаров заманында кайталангыс кадр болду. Анын мындапй бийлик дегенде «ак эткенден, так эткен» «алкаштыгын» кимдер билбейт?

Мындан бир топ жыл мурун жарыяланган орусча материалдарды окуп, күнү бүгүнкүдөй эскирбей турганына таң калам. Андан да ушул материалдарды окуп Ванга сыяктуу мурун эле Орусия Украина согушу качан башталарын, Кыргызстанда 2020-жылы күзгү шайлоолордон соң бийликтин алмашылары алдын-ала айтылыптыр.    

Гүлжан Шерипбаева: «Мен өз элим менен сыймыктанам!»

Жакында мындай көрүнүшкө дуушар болдум. 4 кичирайондо бомж таштандылар төгүлгөн бакты аңтарып жатат. Анан эч нерсе таппай эси ооду окшойт, башын көтөрүп кыйкырып жатат: «Чочколор таштанды төккөн жерди казкандар эмес, элди ушул абалга алып келгендер. Мен өзүмдүн ушул колум менен ушул микрорайонду кургам»...

***

Акыркы өлкөдө болуп жаткан окуялар жаңы коомдук мамилелерге жана түзүлүшкө өтүп баратканыбызды айгинелейт. Бийлик менен элдин ортосунда вакуум же ачык –айкын бөлүнүү түзүлүп баратат. Эл өзүнүн демилгеси менен өз алдынча болуп жаткан коронавирус менен күрөшүү процессин жетекчиликке алды.  Эгер өкмөт медиктерди жакырчылыкка дуушар кылып, эми кырдаалды кандай ооздукташты билбей турушса, жөнөкөй жарандар болсо медиктерди жана оорулууларды колдоого багыт алып азык –түлүк, медициналык препараттарды камдоо үчүн акча каражаттарын чогулта баштады. Бизнесмендер тамак –аш даярдап, ооруканаларга жеткизип жатат, жарандар волонтерлук топторго биригишип өздөрүнүн жардамдарын бере баштады, көптөгөн адамдар өздөрүнүн турак –жай, имараттарын стационардык пункт үчүн бекер сунушташууда, артисттер өкмөттүн ордуна жасалма дем алдыра турган аппараттарды сатып алып ооруканаларга берип жатышат. Ушунун бары турмуштун жаңы түзүмү, элдин өзүн –өзү багуу үчүн жаңы уюмдашуусу, мындай элдин башына эң оор кыйынчылык түшкөн учурда пайда болот. Мындай мезгил Улуу Ата –Мекендик согуш учурунда болгон. Мен өз элим менен сыймыктанам! Биримдикте гана Эл жеңилбейт! Ар бир дарыгерге, ар бир медайымга бүгүлүп таазим кылабыз!!!

Эл демилгени өз колдоруна алышкан, анткени чарчады, айланасында болуп жаткан бардык кара мүртөз жандардын абалынан чарчашты. Эл чарчады акыйкаттын, уяттын жана намыстын жоктугунан; коопсуздук кепилдүүлүгү менен саясий стабилдүүлүктүн жоктугунан; бүтпөгөн тирешүүлөрдөн, компроматтардан жана саясий топтордун ортосундагы чыр-чатактардан;«көркөм сөздөрдөн» же саясий партогеностордун сөз менен элдин башын айланткандан; саясий сценадан кетишпеген саясий өлүктөрдөн; дайыма болуп жаткан эки жүздүүлүктөн, убадалардан жана алдоолордон; түгөнбөгөн жокчулуктан, түбөлүк карыз менен насыялардан; жумуш табуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан; ыгы жок салык менен төлөмдөрдөн; балдардын келечеги үчүн жан –дүйнөнүн дайыма ооруп жатканынан; коопсуздук кызматкерлери менен фискалдык органдардын ээн баштыгынан; уялбаган, кем акыл, бетпак, жегич жана тойбогон бардык деңгээлдеги атка минерлерден, тескери маалымат берген массалык каражаттардын маданиятсыздыгынан жана уятсыздыгынан;  эртеңки күндүн жоктугунан, жардамсыздыктан жана кантип бул абалдан чыгып кетүүнү билбегендиктен эл чарчады.

Кантип бул абалдан чыгып кетүүнү билбегендиктен, түбү бүтпөгөн тоннелде бараткан элге жарыкчылыктын шооласы көрүнбөйт. Көпчүлүк «сыны баштады». Адам ачка болушу мүмкүн, жашай турган жери жок деле өмүр сүрө берет,бирок жашоого үмүт жок жашай албайт.  Үмүт шооласынын түгөнүшү өлүмгө алып келет. Биздин элге бийликтин деле эч нерсенин кереги жок болуп калды, көрүүчүлөрдүн деле кереги жок, ал эмес нандын деле кереги жок. Элден ары туруп, тоскоолдук кылбагыла.

Жалпы чарчоонун үстүнө жексур эпидемиянын коркунучу жана бийликтин бул оору менен күрөшүүдө өзүнүнүн маанисиздигин көрсөткөн жарамсыздыгы минип алды, элдин абалы жарылуунун алдында.   Жалпы элдин жардамы жок калганы кантип бул абалдан чыгып кетүүнү билбегендикке алып келди. Жалпы жан –дүйнөнүн кыйкырыгы бардык социалдык тармактарда ар бир мүнөт сайын өсүп баратат.

Качан эл чарчаганда ага эч нерсенин кереги жок, бирок ал акыркы күч аракетин топтойт да, тумшукка ура турган болсо, бул өтө оор болот. Бийлик, элге үмүт отун жандандыргыла, перспективаларды айткыла, ушундай кырдаалдарды көзөмөлдүлүккө алууга жөндөмдүү экениңерди көрсөткүлө, ошондо эл чарчоо абалынан кубаныч жана келечекке үмүт менен кароо абалына өтөт.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

 

Последние новости