www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Ал пара түрүндө алган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевге карата 110 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

2022-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индия Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон П.Ф. аттуу жаран Индиянын жараны болгон студенттерди башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Билим берүү жана илим
министри А.Бейшеналиев опузалап акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда А.Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын берген. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Ал эми, А.Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү. Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«Эч качан пара албаймын» дегени менен Бейшеналиевдин «аурасы» пара дегенде кыпылдып турчу. Ошол үчүн индиялыктардан силкип ири өлчөмдөгү пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинен улам Билим министринен ала салды. ИИМге келип түшкөн жабырлануучунун өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан билим берүү жана илим министри ири өлчөмдө пара алуу учурунда кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге Ата Мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча Өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10.000 доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110.000 миң АКШ долларын пара катарында алгандыгы тастыкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп берди.

Министрдин айтымында калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды. Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт. Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет. Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып Бейшеналиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда. Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин, тергөөдө бардыгын далилдеп берээрин журналисттерге билдирди. Ал сот залына кирип бара жатып “пара” делген акча каражаты билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты. Бирок, ал долбоордун атын атаган жок.

Пара алуу фактысы боюнча эки айга камакка алынган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Индиянын жараны Поту Фани Бхушан менен тааныштыгы тууралуу айтып берди. Министр кармалгандан кийин коомчулукта чиновник Поту Фаниден акча алышы мүмкүн деген пикирлер айтылган. Алмазбек Бейшеналиев өзү Индия жараны менен тааныш экенин билдирди. Бирок андан каражат алуу маселеси боюнча комментарий берген жок. Буга чейин ал чет элдиктен алынган акча университеттин курулушуна багытталганын, бул инвестиция экенин белгилеген.

Поту Фани Бхушандын ысымы буга чейин Индия менен Пакистандан чет элдик студенттерди алып келген жана салык төлөбөгөн компанияларды жалдоо боюнча журналисттердин иликтөөсүндө пайда болгон. Авторлор медициналык окуу жайдын мафиясы эң жогорку чекке жеткенин, чет элдиктерге бизнес куруп алгандар атүгүл өлкө жетекчилерине да жолугуп жатканын баса белгилешкен.

Поту Фани Бхушан Эл аралык жогорку медициналык мектебинин проректору. Бул университеттин кызматкери Ядав Сунал КММА менен келишим түзгөн SK CAREER Builder компаниясынын директору болгон. КММА Индиядан келген студенттердин негизги жеткирүүчүсү Поту Фани Бхушанды тааныбайбыз деп айтканына карабастан, ал Ядав Сунил жана КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен бир иш-чарада болушкан. Үчөө Баткендеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплексинин курулушуна капсула салууга катышкан.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышкан. Мамлекет башчысынын Поту Фани Бхушан менен таанышканын анын кабинетинде тартылган дагы бир сүрөт тастыктап турат. 28-сентябрда Алмазбек Бейшеналиев 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болгон. Ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн опузалап акча талап кылганы айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости