www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакырганага көнүп калган Эдил Байсалов  дале бакырып жатат. Бирок бул жолу камалгандарды колдобой Жеңиш Токторбаев экөө «дүжүр» камалгандарга каршы бакырып жатышат. Азыркы учурдагы Эдил Байсалов менен НПОчу Эдил Байсалов эки башка адам болуп калгандай. Ал НПОчу кезинде  «Кемпир-Абад» сыяктуу ал-ахыбал чыгып калганда эң биринчилерден жулунуп чыгып, муштумун түйүп пикетте жүрмөк. Азыр анын жетекчилери Жапаровдор, анан кантип муштумун түйүп пикетте жүрөт? Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, саясатчы жана активисттердин кармалышы боюнча өз оюн  ортого  салды. Ал башка жарандар сыяктуу эле социалдык тармактардан камоолорду көрүп жатканын, бийликти басып алууга аракеттер болуп жатканын угуп жатканын, далилдерди күтө туралы деди. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына каршы чыккандарга ишенбөөгө чакырып, азыркы бийликтин туура жолдо кетип бара жатканын, колдоо керектигин билдирди. 23-октябрь күнү таңдан тарта Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү менен кошо пикирлештеринин бир канчасынын үйүн тинтип, суракка алды. Айрымдарын 48 саатка камакка алды.

Бул маселе элдин кызыкчылыгына чечилсе кимдин тарапташы болбосун бийликти «ураалап» колдойт. Бийлик элди алдабай, жекирбей иштесе Иттин уулу Байгара деле бакырып колдоп чыгат. Жарандык коом бийликтин душманы эмес! Кемчилигин гана айтат. Терикпеш керек. Жарандык коом менен бийликчилдердин айырмасы жарандык коом бийликтен айлык албайт, бийликчилдер айлык алат. Батыштан акча алып, орустан акча алып бийликке каршы чыгып жатат деген болбогон сөз. Чек ара чыры чындап оюнчук эмес. Кертилип жок болуп кетсе кийинки муундун каргышы уктатпайт. Азыр бекем туруп «протоколду ачыктагыла» деген чыккынчылык эмес. Жер, элдин кызыкчылыгы ошон үчүн бийик турат эмеспи. Мен өлсөм ага-тууган, балдарым жер карабасын деген ыйык туурду бекем карманып турганыбыз бул - мекенчилдик. Бир топтун же партиянын атын мекенчил атаса эле мекенчил эмес. Чындык ушу.

Эдил Байсалов НПОдо өсүп-өнүгүп, ушул жерде тайралаңдап жүрүп тепкичи жок эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровко  орунбасар болуп кеткен. Эми бийлик эмне десе түшүнүп, түшүнбөй туруп ошолордун айткандарын мактап, жактап бийликтин «эрке баласына» айланган. Азыр кармалгандардын негизги контингенти Эдил Байсаловдун коллегалары, пикирлештери, санаалаштары болуп эсептелет. 37-38-жылда дагы аталарыбызды аттыргандар өзүбүздөн эле чыккан, сырттан келген эмес. Алардын урук-тукуму бүгүнкү күндө жаркын жашоодо. Тегин айтып кемсинтсең түшүнгөн киши үчүн өлүмдөн жаман. Азыркы кадамыбыз дагы дал ушундай. Саясатчыларды, активисттерди жектеп чыккынчы, бузуку атоо анык чыккынчылык. Бийлик келет кетет. Эртеңки күн жаман. Ким бузуку экенин тарых баасын бергенде кирерге тешик таппай каласыңар.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын расмий ИИМ билдирүүдө. 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган. Ал эми, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышты.

Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген

Маселени караган эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койгон эмес. Айдарбеков анын себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегени менен түшүндүргөн. Ага байланыштуу 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынган.

Социалдык блокту жетектеген вице-премьер-министр Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө макулдашуу долбоорун колдоо боюнча комитеттин чечимине эмне үчүн кол койбогондугу боюнча түшүндүрмөсүнө жооп берген. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында билдирген.

Чиновниктин айтымында, Чыңгыз Айдарбеков каалагандай каршы добуш бере алат, бирок көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү: «Анын акылсыз популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы жок дегенде анын компетентсиздигин айтып турат. Бирок, кыязы, бул жерде жашыруун себептер бар», - деп жазган Эдил Байсалов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости