www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу») боюнча кармалган активисттерге, саясатчыларга, блогерлерге жана журналисттерге карата баш коргоо чарасын тандады.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин СИЗО-1ге камалды. Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Аталган кылмыш иши боюнча 20-декабрга чейин камалган башка айыпталуучулар:
- Экс-депутат Равшан Жеенбеков,
- Экс-депутат Асия Сасыкбаева,
- Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова,
- БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева,
- Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев,
- Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору жана Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Бектур Асанов,
- Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов,
- активист Жеңишбек Молдокматов,
- активист Рита Карасартова,
- активист Перизат Суранова,
- блогер Али Шабдан,
- активист Эрлан Бекчороев,
- журналист жана саясат таануучу Айданбек Акматов,
- активист Таалайбек Мадеминов,
- экс-депутат Кубанычбек Кадыров,
- активист Нурлан Асанбаев,
- активист Чынгыз Капаров,
- активист Атай Бейшенбек,
- активист Акыл Айтбаев,
- активист Марат Баязов,
- Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов.
Булак: NazarNews.kg