www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаров менен экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков куда болушкан. Негизи алар куда болушкан соң Сооронбай Жээнбеков президенттен түшүп калган. Балким Жапаровдун уулу ажырашып,эмки бийлик башындагыларды көздөп калгандыр. Бирок бийликтегилер Жапаровдун Минкабдын төрагасы болгонун сүйбөй, сыртынан тон бычып, качан ордун бошотот деп алаканын ушалап калгандай. Ал эмес Жалал-Абаддык минкаб болот экен деп, спикер Жалал-Абаддык Нурлан Шакиев качан кызматын өткөзөт деп калышты. Эл оозунан түшпөгөн саясатчылардын үй-бүлө мүчөлөрү кимди гана болбосун кызыктырбай койбойт. Буга чейин алардын өмүрлүк жарлары, балдары тууралуу жазып келсек, бүгүн күйөө балдарына токтолдук. Качандыр бир кезде жана ушул тапта эл башкарган саясатчылар бапестеп баккан кыздарын кимге ишенип бергенине кызыксаңыз көз чаптырыңыз.
Экс -өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жалгыз кызы Бактыгүлдү Атабек аттуу жигитке турмушка берген. Президенттин күйөө баласы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Атасынын айтымында, мурда Тышкы иштер министрлигинде эмгетенген. Андан соң өкмөттүн эл аралык мамилелер бөлүмүндө иштеген.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Динара аттуу кызы Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун жубайы. Учурда бир уул, бир кызды тарбиялашууда. Анын атасы Алымбай Султанов дагы коомго белгилүү инсан. Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Жээнбеков да Султановдун күйөө баласы.
Кыргызстандагы эң белгилүү күйөө балдардын бири — казакстандык ишкер Адиль Тойгонбаев. Ал экс-президент Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин өмүрлүк жары болгону белгилүү. Кийин жубайлар ажырашып кеткен. Тойгонбаев Кыргызстанда "алдамчылык", "коррупция жана мамлекеттик объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү" беренелери менен айыпталып, эл аралык издөөгө алынган. 2016-жылы Дубайда кармалып, бирок Кыргызстан аны экстрадиция кылдыра алган эмес. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны сыртынан 20 жылга эркинен ажыраткан.
Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин кызы Аселдин жолдошу Курман аттуу жигит. Жеке ишкерлик менен алектенет. Сатыбалдиевдин кудасы Байыш Нурматов мурда өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттигин жетектеген.
Коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Нургазы Айдаров. Ал алтынчы парламентке "Ата-Журт" фракциясынын курамы менен келген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев Аскар Акаевдин президенттик аппаратын жетектеген Тойчубек Касымовго күйөө бала. Бүлөнүн эки уулу бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg