www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Казактар кыргызды чапканда

Карагул-Булакты эл ыйык мазар катары көрөт. Каройдогу чоңчарык эли Карагул баатырдын тукумдары. Карагул казактын Сан-Барак, Абылай хандары Талас, Чүйдү басып киргенде, жоого каршы аттанган Эсенкулдун кол баштаган жигиттеринин бири болгон. Бир кызы Үкү апаны Эсенкулдун Куттуксейит деген уулуна берген. Андан учурунда топ жарган Шамен туулган. Казактар Жайыл кыргынын салып, Чүйдү жамырап каптап киргенде, жанын аябай салгылашып, азыркы Токмокко чукул тоонун этегинен кайтыш болгон. Карагул баатырдын өлүгүн айрымалай албай турганда жакындарынын эсине түшүрөт, көрсө Карагул атабыз шашып шымын ууктун боосу менен курчанат, аны боосу аркылуу  табышат, ал кайтыш болгон жерди анын көзү өткөн соң Карагул-Булак дешип, Токмоктогу сарбагыш туугандар азыр да ыйык мазар катары көрөт. Ууктун боосун тагынып Карагул бабабыз өткөн. Турмушта боло берет, кээде жумуш кылып жатып, шым шыпырыла бергенинен жип менен байлап койосуң, анан чече албай калганда Карагул ата эске түшөт.

Илгери Карагул-Булакка жакын сарбагыштардын көрүстөнү болгон, бир ирет өлүк коюп жаткан кези экен, Балбак баатырдын (Шамендин небереси, болуш) келе жатканын көргөн Шабдан баатыр ичи жылып: «Балбактар, топурак салышсын» -деп көмдүрбөй турат. Балбактар топурак салмак түгүл, урган боюнча өтүп кетип калышат. Көрсө Шабдандын ордун мээлеп жүргөн кез экен.

Тугур бийдин Кочкордо жайгашкан асилдери тууралуу айта кетели. Тугур бийден азыркы Кочкор районундагы жайгашкан чоңчарыктар. Чиркей бийден таралышат. Тугур менен Чиркей бийдин ортосунда Тайлак баатыр, Олжотай бий, Курманбек, Көкүм бий, Райымбек дегендер жашап өткөн. Алардан таралган тукумдары Кетмен-Төбөдө,Чүйдө, Таласта жашашат деген кабар бар. Биз Кочкордо жашаган Чиркей бийдин 18-19- кылымдагы жашоосу тууралуу азын-оолак сөз кылабыз. Чиркей бий өзү да сарыбагыш болуу менен сарыбагыш манаптары Болот, Темир  менен замандаш болгон жана анын төрт уулу болгон, алар Аксакал, Аргынбай, Бирке, Карагул баатыр. Алардын Аксакал,Аргынбай, Бирке уулдары азыркы Кочкор районундагы Кум-Дөбө жана Комсомол айылдарында , Ал эми Карагул баатырдын тукумдары Кара-Суу айылында жашап турушат. Карагулдан Качыбек жана Оруз, Качыбектен Кудаяр, Кубат жана Таштанбек. Чоңчарыктардын 18-19-кылымдагы жашоосу Чиркей бийдин баласы Карагул баатыр кадимки Эсенкул баатырдын замандашы болуу менен өзүнө баатыр деген наамды кан менен терин төгүп ээ болгон. Кийин совет заманында Карагул Ногоев деген кызматкер чыкканда, бизде эки Карагул чыкты деп элдин кубанганына караганда Карагул баатырдын 150 жылга чейин элдик эс-тутумда сакталып калганы көп нерсени айтып турат. Элдик эс-тутум боюнча дагы бир нерсени айталы. Куттуксейит уулу Шамен ушул чоңчарыктардын жээни, Карагул баатырдын Үкү деген кызынын баласы болгон. Ушул Үкү эжесин пааналап чоңчарыктан Байбото деген Шамендин айылында жашап жүргөн экен. Шамендин ага-туугандары айыл үстүлүк кылып ушул Байботону уруп, ызалантып коюшкан экен. Аны уккан чоңчарыктардын он чактысы чогулуп арызданып Шаменге киришет. Шамен келген чоңчарыктарды жакшы кабыл албайт. Жаткан жереден козголбой «Ырыскулбектикинине ымырылдыңар,Төрөгелдиге барып төмүрүлдүңөр, деги силер жөн жүрбөдүңөр» деп тескери карап кетет. Ошондо келген чоңчарыктардын ичинен он сегиз жашар жигит, сыңар тизелей калып Шаменге жооп берген  экен. « Ооба, Ырыскулбекке барып, ыңкытып төрт түлүк мал айдап келдик, ооба Төрөгелдиникине барып төө баштаган кара мал менен келдик, а сенин эшигиңде калган бул эмне болду?» деп таяк жеген Байботону көргөзгөн экен. (Байбото Карагул Ногоевдин чоң атасы болот). 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости