www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карганбек Самаковго окшогон мырза жигиттер  сууга келген акчаларды мэрия жок кылып койгон деп безеленет. Бишкекти келемиштер каптап баратат, муну Бишкек мэри Эмил мырза тоотуп да койгон жок. Мурун таштандыларды төккөн жерде келемиштер мынчалык оюн салып кутурчу эмес. Эмил мырзага келемиш менен суунун эмне кереги бар. Сууну болсо суусу жок жерлерге «водовоздор» менен алып барып сатып атышат. Мүмкүн суудан бизнес кылгысы келген мзрдин өң-тааныштарыбы?  Эл суусу жок кантип жашасын айласы жок алышат да, канча кымбат болсо да алышат да. “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы күндүзгү убакта ичүүчү суу менен жашыл бак-дарактарды сугарууну аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды улантууда. Ушул жылдын май айынын башынан 15-июлуна чейин 174 997 абонент текшерилген. Анын ичинен 172 миң 494 үй  жана 1503 башка керектөөчүлөр. Жыйынтыгында 760 бузуу аныкталды.

— шаар боюнча  — 178 үй;

— конуштарында — 447 үй;

— уюмдар — 135.

Арча-Бешик конушунда 11-июлдан 18-июлга чейинки аралыкта рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 50 үйдө бузуулар катталган. Бул үйлөрдүн ээлерине эскертүүлөр берилип, ошондой эле ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча 1381 турак үйгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Төө көрдүңбү? Жок! Бээ көрдүңбү? Жок! Суу үчүн бөлүнгөн акча да жок. Таза суу маселесине байланыштуу коомдук ишмер, экс-депутат Карганбек Самаков:  «Кыргызстандан жылына 55- млрд. метр/куб таза суу сыртка агып чыгат. Анын 7% кана элибиз колдонот. Андан сырткары жер астындагы таза суунун көлөмү 19 млрд. метр/кубту түзөт. Бишкекти таза суу менен камсыз кылуу жаатында 2014-15 жылдары Швейцария мамлекети ЕБРР менен бирдикте 5,5 млн. евро кредит жана 4,9 млн. евро грант берген эле. 

Ал акчага: 16 суу скважина казылып, евростандарттагы 107 заманбап насостор келген эле. Ошондон улай дагы Швейцария өкмөтү менен ЕБРР биргеликте 2016-жылы 8 млн. евро кредит, 8 млн. евро грант беришкен Бишкек шаарын таза суу менен толук камсыздоо максатында...

Резиденциянын үстүндөгү Орто-Алыш суу резервдеги дагы 35 скважина казылып, оңдолмок. Бул каражат Бишкек тургундарын кыжаалат кылбай, толук суу менен камсыздамак. Бүкүлү жеп кетишкен окшойт..?, - деп билдирди.

Демек, таза сууга бөлүнгөн миллиарддаган каражаттар так дарегине жетпей, кумга сиңген суудай жок болуп, желип кетип турган. Тиешелүү укук коргоо органдары кимдин учурунда канча акча сууга бөлүнүп, канчалык деңгээлде максаттуу жумшалганын иликтеп, ичип-жеген коррупционерлердин жоопкерчиликке тартышы абзел».

1.Кыргызстандан жылына 55- млрд. метр/куб таза суу сыртка агып чыгат. Анын 7% кана элибиз колдонот. Андан сырткары жер астындагы таза суунун көлөмү 19 млрд. метр/кубту түзөт.Таза суунун башында туруп Бишкек шаары таза сууга жетпей турат. 

2.Бишкекти таза суу менен камсыз кылуу жаатында 2014-15 жылдары Швейцария мамлекети ЕБРР менен бирдикте 5,5 млн. евро кредит жана 4,9 млн. евро грант берген эле. Анча көп деле убакыт өткөн эмес экен. Атамбаев президент болур турганда, Иса Өмүркулов Бишкекке мэр болуп турганда Швейцария мамлекети ЕБРР менен бирдикте 5,5 млн. евро кредит жана 4,9 млн. евро грант бериптир. Бул акчаларды кимдин чөнтөгүнөн тапсак болот?

3. Ошондон улай дагы Швейцария өкмөтү менен ЕБРР биргеликте 2016-жылы 8 млн. евро кредит, 8 млн. евро грант беришкен Бишкек шаарын таза суу менен толук камсыздоо максатында...Бул мезгилде дагы эле Атамбаев президент мэр болсо АШАнын айылдаш иниси Албек Ибраимов болуп калган. Албек Ибраимовдун соргоктугу жанда жок эле. «Лып» этип сугунуп койсо керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости