www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
55.
“Балаң мыкты болсо топто барбы?”деген байыркыдан калган сөз. Топ болгон сайын андан калбаган Бейшенбек бабасы Дыйкан болуш. Токмок тобуна жыйылган эл жылдыздай жайнайт. Көл тегереги, Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаадан, бери жагы Кочкор, Жумгалдан, быягы Сары -Өзөн-Чүйдүн журт башчылары, эл жакшылары , айыл аксакалдары түгөл чогулушкан. Топ башталды. Топ башы дайындалган жээрде кашка ат минген Чыныбай баатыр эл ортолугуна калдая басты. Чыныбай болуштун чоң атасы Жылкыайдар Бирназар бийдикине кыздын себине келген. Жылкыайдардын уулу Тилекмат сөз менен акылга мыкты чыгып, Тезек төрөгө элчиликке барып, Бугу элин каргашалуу алааматтан сактап калган.Ормондун калтырып кеткен керээзи боюнча “Көлдү үч айлана чапкыла” деген сөз калган. Тилекмат акылы менен эл жакшыларына кошулуп, бирок орустар келген мезгилде Боромбайдын орун ээлеген Зарыпбек аны камакка алдырганга чейин барат. Зарыпбек башкарган бугу элинен эч нерсе артпасын түшүнгөн Тилекмат уулу Чыныбай саруу, дөөлөс, мундуз жана башка бугу эмес уруулардын башын кошуп өзүнчө болуштук түзөт. Чыныбай болуш Пржевал өзүнчө ойоз болгон соң, ойоздун жардамчылык атагына чейин жеткен.
Аңгычакты Чыныбай манапты беттеп теке маңдайдан дагы бир атчан топ жарып, суурулуп чыгат.Ал топто турган береги эл алдында ат ойнотуп чыкты. Жаныбарым Карагер, жылкы малдан бир башка, жоргосу жолго төгүлгөн, жал –куйругуна Камбар- Ата мээрими өрүлгөн, асылбаш мал өңдүү.
Карагер жоргону минген Дыйкан болуш, дароо Чыныбай манапты беттеди:
-Ассалом алейкум, Чыныбай баатыр! –ал шаңдуу добуш чыгарды.Үнү да адамдан бөтөнчө экен, аска –зоо жаңыргандай болду.
-Оо, алейкума салам, Дыйкан баатыр! - деп топ башы Чыныбай баатыр жаз күнүндөй жадырады.
Кол алышып көрүшүп, аманчылыкты сурашып дегендей,бир саамга сүйлөшкөн болушуп жанашып турушту.
Бул күнү Дыйкан болуш топ башчысы Чыныбай баатырдын жардамчысы болуп, топ башкарып жүрүштү. Дыйкан болуш Карагер жоргосун алкынтып, ойкутуп –кайкытып, жоргосун жолго төгүлттү. Камчысын булгалап топту башкарат.
Андан мурун Эр Калдаң ойноктогон ат минип, ант ичкендей кумсарып, ары –бери бастырып турду. Атаганат, кыргыз тукумунан бу канкор дөөгө беттеше турган жан киши чыга турган эмес. Мен деген баатыр, сен деген балбан аттунун көз алдында ажал көрүнүп эр сайышка баруудан баш тартышты. Найманбай ырчы айткандай: “Ээлигип турган Эр Калдаң, эрлерди койдой үркүттү”. Ансайын казактар демитишет. Кан көксөгөн найзакерди коштогондор кыргыз туусуна чукул келишип, кыйкырып киришти:
-Баатырлар жокпу? Балбаныңар бокпу? Коркок кыргыздар шалбарына койо берип коюшту окшойт.
Казактар ушинтип басмырлап, кемсинтип, кыргыздарга сүр көрсөтүштү. Убакыт создукту. Кыргыздар баатыр таппай буйдалышты, балбан таппай кыйналышты. Капырай, Манас баатыр тукумунан бу жел өпкө казакка бет келүүчү бир эркек жокпу?
Чолпонкул болуш чоктой кызарып, чыдабай чыркырап ийди:
-Кыргыз кырылып калганбы? Казанкулак баатыр каякта? Карышкырды көргөн короочудай коңулга корголоп калдыбы? Малаке баатыр сен эмне жер тиктейсиң, Саяктын Аксакал баатыры каякта? Жокпу? Ошонун кереги тиерде келбей калганын карасаң! Булардын жанынын таттуусун көр!
Аңгыча Дыйкан болуш менен келген азыктын Шоорук баатыры элден бата сурап алдыга жүткүнүп чыкты. Шоорук баатырды сайышка даярдай башташты. Жаргак шым, өкчөлүү өтүк кийгизишти, такоолдукка желдик- тердик,соот алып келишти. Азыктын баатыры Эр Шоорук огобетер күчөп, жээликкен түр көрсөтүп, үзөңгү теппей атка минди. Ал атын ойдолото бастырды. Элден бата сурамакка бурулду. Кылчайып казак балбанды карап туруп, кыргыздардан бата алды. Эр Сайышта казактын Эр Калдаңын тоголото сайып, жеңишти азыктан келген Эр Шоорук алган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg