www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Консотту кокологон Түлөбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев матчество боюнча чечим кабыл алынганына байланыштуу Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе албайт: "Мамлекеттик катчы матчествого каршы, муфтий каршы, Камчыбек Ташиев дагы каршы чыкты. Матчество болуш үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керек. Мыйзам күчүнө кириши үчүн алгач парламентте талкууланышы керек. Парламент баш тартса эмне болот, тартипке ылайык, өкмөт Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароого бизге жиберүүгө милдеттүү”, - деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Түлөбаев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды: “Конституциялык соттун төрагасы процедураларды ойлобогондуктан отставкага кетиши керек”, - деди депутат. Эске сала кетсек, президенттик аппарат президентке Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жөнөтүүгө мүмкүндүк берген мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү коомдук талкууга койгон.

Балбак Түлөө, түлөө, тойго кошумча берип жүрүп көнгөн атка минер, азыркы учурда ЖК депутаты. Анын баш мээсинен жаралган кыял боюнча: "Мааракелерде кошмойго алтын берүүнү салтка айлантсак..."-деген ой пайда болуптур. Балким ал тууралуу жаңы мыйзам да чыгарып койор. «Алтынга чылангандар» алтын сактасын, алтын эмес тыйыны жоктор Балбактын оюнча эмне кылат? Дүйнөдөгү акыркы кырдаалдар валютанын өзгөрүшүнө алып келип, доллар көтөрүлүп, ал эми рубль курсунун баасы төмөндөдү. Акчанын улам өзгөрүлүп туруусу көпчүлүк ишкерлерди, мигранттарды ойго салды. Мындан улам, президент Жапаров жалпы элге кайрылып, акчаны акчалай сактабастан, алтын кылып сактоону сунуштады. Анткени, алтын эч качан кунун жоготпойт. Кайрылуудан кийин Улуттук Банкта алтын алуучулар кезекте турганы да айтылган. Өлкө башчынын пикиринен улам, коомдо ар кандай талкуу жаралып, айрымдары алтын алып сактагыдай байлыктары жок экенин айтса, кээ бирлери ажобуздун пикирин туура деп баалады. Ал эми, ЖКнын депутаты Балбак Түлөө: “биз мааракелерде акчанын ордуна алтын берүүнү салтка айлантсак” – деп так секирет.

“Кумтөрдүн алтыны Улуттук Банкта эле турат. Ошону экономикабыз үчүн колдонсок кандай жакшы. Мен ажобуздун айткандарын колдойм. Мисалы, Түркия мамлекетинде бала төрөлсө, үйлөнсө ошолорго алтын алып барышат. Бул алар үчүн салт катары эсептелинет. Барат, алтынды алат, балага тагат. Бул жаңы төрөлгөн бала үчүн да, үйлөнүп жаткан адам үчүн да инвестиция болуп калат. Алтындын баасы эч качан түшпөйт, ал илгертен бери акча болуп калган. Мисалы, биз тойлорго барсак сөзсүз акчалай кошумча алып барабыз. Акчанын ордуна 1-2 грамм кылып, ар ким шартына жараша алтын алып барса, экономикага да, мааракенин ээсине да пайда алып келмекпиз.Ошондуктан, мен элге ушундай чакырык таштадым,” – дейт алтынга кокосунан тойгон  Балбакең.

«Арачы алты таяк жейт» Ташиев менен Зулушевдин ортосуна чок салган «арачы» Балбак Түлөө канча таяк жей турганы белгисиз. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев менен аны 2013-жылы камактан бошоткон, азыркы Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ортосунда тиреш күчөп баратат деп ааламга жар салган депутат Балбак Түлөө деги ким? Ал «арак королу» Шаршенбек Абдыкеримовдун колдоосу менен «жан кирип» учурунда Бишкек мэри Суракматовду сырактатып жогорку кызматка келген. Ошол убакта кымбатчылыкты баштаган, коронавирус убагында Бишкектин мэрин ээлеп жүргөн Азиз Суракматов башкарбай эле, мэриянын  аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билип калган. «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» дейт, бийлик алмашкан соң  Суракматов жегендерин кусканын көпчүлүк билет. Анын Бишкекке мэр болушунун башкы себеби Асылбаш айылынан болгон Суракматов Жусупбек Жээнбековдун  кайниси дешип жүрүштү. Ал эми «Өлбөс Кащей» Балбак Түлөө кусмак түгүл «Ынтымак» партиясына кирип, элди ынтымакка чакырмак түгүл «Бир элди бириктирбей, эки элди эриктирбей» интригалуу ушактарды таратып, канаат алып жүрөт. Гуманитардык жардамга келген азык-түлүктөрдү бүкүлү сугунуп, аларды дүкөндөрдөн элге таратып жаткандыгы тууралуу 2019-жылы видеолор тараган. Башка мансапка умтулуп турган Балбак Түлөө актана баштады.

Бишкекте өзүн «хан» сезген Балбак Түлөө пандемия убагында Бишкекте аппарат жетекчиси болуп туруп шаардын элин оңдуруп деле жиберген жок. Бишкекке калк үчүн гуманитардык жардамга келген азык-түлүктөр калкка таратылбай эле, дүкөндөрдөн сатылып жаткандарын активисттер видеого тартып алышкан. “Аю” холдингдин президенти Шакинин орун басары болуп жүрүп Бишкек мэриясынын өзүн-өзү билген аппарат жетекчиси болгон. “Калк айтса калп айтпайт” коронавирус убагында Бишкекке эмне деген гуманитардык жардамдар келбеди. Карапайым элден түзүлгөн көрөрмандар гуманитардык жардамдар элге эмес түз эле дүкөндөргө түшүп жатканын тартып алышып, элге көрсөтүп жатышты. Ушул иштерге жооп бере турган Түлөө Балбак “даңк” этип койо берип коюп, 2020-жылы Ысык-Көлгө учуп кеткен. Борборубуз Бишкекке карантин учурунда: 106 764 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 982,1 тонна ун, 201,8 тонна макарон, 161 246 литр өсүмдүк майы, 228,1 тонна күрүч, 211,9 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 18 478 кг чай, 105 806 кг буурчак, 12 530 кг китлап, 448 кг эт, 33 337 коютулган сүт, 8 126 кг картошка, 372 пачка бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 2213 кг туз берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сомду түзгөн. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыктан текшерген термометр, 162 336 беткап, 2 925 респиратор, 1 220 бет жапкыч, 40 058 кол кап, 4 165 литр антисептик, 1 794 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 6 654  даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), 100  даана медициналык баш кийим, 9 555   даана бахила, 9 500 даана шпатель келген. Мунун бары элдин колуна түштүбү же Балбак Түлөө капчыгына түштүбү, ким билет?

Октябрдагы башаламандыктан соң Ысык-Көл губернаторлугунан жутунуп Бишкек мэрине келген трайбалист Балбак Түлөө кыйратып деле иш бүтүрбөгөнү менен, мактануу жагынан соцтармактардын атактуу блогерине айланган. Шакинин байлыгы көптүрдүбү, ал эмес  Момбековго окшогон «момун депутаттарга» да жаккан жок. Парламент менен болгон чыры аны Бишкек мэринен алып түштү.  Парламент деле кыйратып ийген парламент эмес, мыйзам боюнча анын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын октябрында эле бүтмөк. Октябрдагы чыр-чатактан улам жаңы шайланган жетинчи парламентке Шайлдабекова бата бере алган жок. Ал эми баштарын ар кайсы балчыкка тыгышып, жашынып жаткан «чимкирик парламентке» жаңы өкмөт башына келген Садыр Жапаров уруксат берди эле, булар бир –аз көнүп алган соң дердеңдей башташты. Ошондуктан, «Маңкага бучук үйүр» дегендей, мурун губернатор болуп туруп «хамалеончо» өзгөрүлүп Бишкекке мэр болуп дардаңдай баштаган Балбак Түлөөгө азуусун көрсөтүп коюшкан. Балбак Түлөөнүн сөзү боюнча, ал башка жумушка кетүү үчүн, өзүнүн каалоосу боюнча арыз жазган. Кайдагы каалоо, баскан-турган жери палоо болуп турса, Балбак балбактабаганда ким балбактайт? Жакшылык менен жамандыкты ылгабаган Балбак Түлөө ким бийликке келип президент болсо Шаки экөө ийилип кошомат кылышып, жакшы орундарды алып келген. Аскар Акаев президент болгондон бери бул экөөнүн иштебеген мыкты кызматтары калбады. Бийлик алмашкан соң кээ бирөө өзүн-өзү люстрация кылып беттери  чымырап калат экен. Ал эми Балбак Түлөөнүн бети чымырамак турсун улам-улам тултуюп, 100% мэр болбогондон кийин өзүнө тиешеси жок  маселелерди көтөрүп, куйругун каалаган жерге тыкты. Бүгүнкү күндө бул баягы бийлик бутагына эле кошоматчылык кылам деген ойдо  кылганы менен көпчүлүктүн жек көрүүсүнө дуушар болгонун түшүнгөн жок.  Буга чейин Шаки менен  көп кызматтарда иштеген, жакында эле тууганчыл Түлөө көлдүк болуп Садыр Жапаровдун жакын иниси болуп жатат. Көлдүк болгондон кийин ага-ини боло берет. Бул трайбалисттин кызматка келгенден бери түп тамыры менен оюу, кылып жактан иши башка. Иш жүзүндөгү эле ишти кылып жатпаса башка эч нерсе кылган жок. Эмне конкреттүү элге көрүнүктүү иш кылды? Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп жүргөндө гуманитардык жардамга келген азык-түлүктөр элге таратылбай дүкөн, камок, маркеттерге барып жатканы тууралуу эл видеого тартып алып көрсөтүшүп турчу. Азыр пандемия убагында ким кандай пайда көргөнү тууралуу жазасын ала баштады. Гумжардамдарды дүкөндөрдөн сатып байыгандар тууралуу да убакыт келип жооп бере башташты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости