www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда пенсионерлердин жашоо минимуму 5600 сом, ал эми эң аз пенсия 2500 сомду түзөт. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Конституцияда "2023-жылдын 1-январынан тарта пенсия, пособие жашоо минимумунан аз болбойт" деп жазылганын эске салып, ал норманын аткарылышына кызыкты: "2021-жылы 11-апрелде миллиондон ашык жаран ошол Конституцияны колдогон. Алар пенсия жашоо минимумунан төмөн болбойт деп ишенишкен. Акылбек Үсөнбекович, 1-январда пенсия канча болот, бул норма иштейби?" — деп сурады Бекешев.
Өз чөнтөгүнө акча дегенде ашын таштай каччу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Конституцияга бул норма жазылып жаткан кезде эле аткарууга мүмкүн эместигин айтканын белгиледи. Эмне үчүн аткарууга болбосун, эгер кимдир бирөөлөрдүн алкымын тыйып койсо, шак эле аткарылат да. Анда эмнеге Конститутцияга бакыйтып жазып коюшкан. Жапаровдун актанганы: "Анткени пенсионерлердин 450 миңден ашыгы айыл чарба секторундагылар. Алар жер салыгы менен гана Социалдык фондго айына 8-10 сомдон төлөп жүрүшкөн. Бул норма иштебейт дегенге болбой, Конституция кабыл алгандан кийин ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. 1-январдан баштап ишке ашырууга киришебиз", — деди Жапаров.
.Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров депутат Эльвира Сурабалдиеванын Сурабалдиев жана Ташиевдердин үй-бүлөлөрүнүн бизнестерин текшерүү сунушуна жооп кылып, "чектен өтпөөнү" суранды.
“Сиз менден бир топ кичүү экенсиз, мен азыр Салык кызматынын жетекчисине сөз берем, ал баарын айтып берет”, - деди ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында. Өз кезегинде депутат «Кудайберген» базарында июль, август айларында текшерүүлөр жүргүзүлгөнүн айтты. Ошол учурда ал процессте пайда болгон аудиону издеп жүргөн: "Мен сизди издеп жүрдүм эле, сен мага сентябрь айындагы митингге элдин баарын чакырганым тууралуу аудио жазуу бар деп айткансыз. Мен бул аудиону бергиле деп сурандым, бирок эч ким берген жок. Бул эмне деген басым? Мени душман деп эсептейсиз, Мадумаров менен бирсиң деп жатасыз. Бирок 90 депутаттын баары мен аны менен жабык жыйында урушканымды билет жана экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок", - деди ал.
Өз кезегинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов «Кудайберген» базарында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 40 миллион сом кошумча салыктар болгондугун, анын 30 миллион сому санкция жана айыптык санкциялар экенин билдирди.
"Бул жерде эч кандай саясий ниет жок", - деди Алтынбек Абдувапов. Буга депутат Мамлекеттик салык кызматынын башчысы менен жеке сүйлөшүүсүндө «шефтерди таарынтып алдыңыз, ошол жакка барыңыз», деп айтканын билдирди: "Эгерде мен бизнесим үчүн коркконумда депутат болбойт элем. Жээнбеков мени 25 жылга камайм десе, мен дагы 5-октябрда митингге чыккам. Мен коркпойм, Кудай бар. Камалып чыккандар деле президент болду", - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон Бишкектеги СИЗО-1ге акыркы жолу качан барганын сурады.
"Мен эч качан болгон эмесмин жана барбайм да, Кудай сактасын", - деп жооп берди Акылбек Жапаров.
Депутат анын суроосун СИЗОдогу камоо шарттарына байланыштуу деп түшүндүрдү. "Камактагылардын көбү, өзгөчө аялдар чиновниктерге келип, баарын өз көзү менен көрүүнү суранышат. Кеп жада калса шартта эмес, бир камерада канча адам отурганында", - деди депутат.
Акылбек Жапаров Акыйкатчы менен прокурорлорду СИЗО-1ге барып көрүүнү суранарын убада кылды.
"Биздин пландарыбыз бул мекемелердин баарын шаардын сыртына алып чыгып, эл аралык стандарттарга ылайык жаңы имараттарды куруу. Бишкек, Каракол жана Жалал-Абад сыяктуу ири шаарлардагы бардык СИЗО жана абактар калктуу конуштардан чыгарылат", - деди министрлер кабинетинин башчысы
Республикалык бюджеттин тартыштыгына карабай, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин 24-ноябрындагы жыйынында билдирди.
Ошондой эле, ал милиционерлердин маянасы боюнча маселе көтөрдү: «Акыркы жолу милиция кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселе көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө алар 21 миң сомдон кошумча акча алып жатышат. Бул абдан чоң каражаттар. Аларды айлыкка кошууга болобу? – деп сурады ал министрлер кабинетинин төрагасынан.
Акылбек Жапаров алдыда чоң кризис келе жатканын айтты: «Биз абдан чоң кризиске дуушар болгон турабыз. Бир жылдан кийин пенсионерлер менен ички иштер органдарында иштеген милиционерлердин саны бирдей болот, же мурункулар андан да көп болгон турат. Демек, эмгек акыдан түшкөн киреше салыгы, Соцфонд… пенсиялык саясатты пенсиялык фондго өткөрүп албасак, келечекте мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болбойт. Пенсия менен эмгек акы бир катар мыйзамдар аркылуу өз ара байланышта экенин өзүңүздөр билесиздер. Бул көйгөй чечилгиче, үстөк көбөйтүлгөн. Анан республикалык бюджетте мындай мүмкүнчүлүк болбойт», — деп жооп берди Жапаров.
Ал жөлөк пулдарды кыскартып, айлыкты жогорулатуу сунушун колдоду: «Дагы бир жагдай бар, эгерде кызматкер кызмат учурунда каза болсо, анда анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык маяна төлөнүшү керек. Биз бул эки көйгөйдү көрүп жатабыз, бирок азырынча аларды чече албай жатабыз», — деди Жапаров.
Ал эми депутат “бюджет тартыш болуп жатса, жөлөк пулдар азайып кетпейби?” деп сурады. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, кыскартуу болбойт. Алдыдагы 3 жылда бардык милдеттенмелер боюнча бюджетте жетиштүү каражат бар.
2023-жылга айлык акыны жогорулатуу пландалган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин үстөк акыларын кыскартуу каралууда: «Мамлекеттик кызматкерлерге айлык акыдан тышкары кварталдын жыйынтыгы боюнча 4 сыйлык берилди. Аткаминерлердин айлыгы жогорулаганга чейин үстөк акы алардын айлыгын жогорулатуунун бир жолу болгон. Алар бонусту айлык катары карашты. Негизи сыйлык жакшы иштегени үчүн гана берилет. Эми мамлекеттик кызматкерлерге жылына 12 маяна, 13-айлык жана эки айлыктын өлчөмүндө эмгек өргүүсү төлөнөт», - деди Акылбек Жапаров.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg