www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Көр алдында жаткан он жыл

Саат жылат өмүр чотун каккандай,

Өмүр жылат сапарына шашкандай.

Жылдан-жылга өмүр өтүп баратат,

Кумдуу чөлдө кербен кетип жаткандай...

Эсенбай небереси Дамирбектин өмүрү он жыл мурун, туулган күнүнөн бир аз өткөн соң токтоп калган. Келдибектин үч эркек баласы Акылбек, Сиезбек, Дамирбектин, Эсенбайдын дагы бир небереси Рысбектин өмүр кербендери токтоп калды. Бардыгы тең ашказандан... Ашказанынан операция жасаткан соң Дамирбек менен Рысбек кете берди, Сиезбек бир аз чыдады... Акылбек жыйырма жылдай жарым ашказан менен жашады...

Жашоо тегирмен сыяктуу тегеренип өтө берет экен, кийинки муун келип азыркы муунду да тебелеп-тепсеп кетери айгине. Биздин көз алдыбызда Дамир байке, Бермет, Шербет эжекелер биз менен аралашып жашап жүргөндөй. Биздин арабызда... 9-майда булардын көзү тирүү кездеги видеону көрүп алып Шер: «Булар кимдер?» деп сурап жатат. «Атаңын бир туугандары, бул Дамир атаң, тиги Бермет апаң, тиякта турган Шербет апаң» деп ага айтып жатат. «Аа аттарын угуп жүрөм, бирок өздөрүн көрбөпмүн» дейт Шер. Шер төрөлгөндө бары тең сүйүнчүлөрүн беришкен, бары тең эле келишкен. 2010-жылы атамдын 90 жылдык мааракесин берип койолу дедик, ал кезде бары тирүү, биз өлбөчүдөй, биздин үйдү ажал айланып өтчүдөй сезилчү. Ошол жылы 7-апрелде элге ок атылып, эл кансырап жатса, мен майрамдамак белем деп токтотуп койгон. Андан кийин башталды алгач Кербен кетти, ага удаа Бермет эжеке, андан соң 2013-жылы Дамир байке, Шербет эжеке, 2014-жылы Алым жезде, 2015-жылы атам, 2020-жылы апам, Сиезбек байке, 2022-жылы Акылбек байке. Тээ илгери түш көргөм, түшүмдө апам жети мүрзөнү кучактап алып ыйлап отуруптур, анда бары эле тирүү кез. Эсептесем апам жетинчи кетиптир. Апам Дамир байке өлгөндө ыр жазды эле: Дамирге апасы Күлүйпанын жазгандары:

Артыңда калып карганда,

Алоолоп ичим арманга.

Азабың тартып отурдум,

Этегим жашка толтурдум.

 

Ыйлаган менин көз жашым

Ыраатын көрүп дүйнөнүн,

Ыраактап кеткен өз башың.

 

Кайгырган менин көз жашым,

Кайгыга салып апаңды,

Кайрылбай кеткен өз башың.

Асмандап учат ала куш,

Канаты талыйт бала куш,

Арман калар пенде жок,

Артыңдан бир күн барабыз.

Апамдын артынан кеткенине бир топ убакыт болду. Муун алмашат дегеним Шер Дамир байке, Бермет, Шербет эжекелерди билбей калыптыр. Дамир байке баласаак болчу, Шер төрөлгөн соң көп эле келди, аны ары-бер көтөрүп далай эле жүрдү. Шер экиден өткөндө Дамир байкенин ага удаа Шербет эжекем кетти. Алар эсинде калбаптыр апам бутун кокустатып аларды багып жашаганбыз, Алым жезде келип турчу, аны эстеп калыптыр. Бир жолу дасторкондун үстүндө ойноп жатат, Гүлай түш деп урушуп атса «чымын чаккыдай да болгон жок» деп, атам аябай күлдү. Өмүрбек байкенин кемпири келип үшкүрүп койду эле Шер: «Көйнөгүңдү уй жесин»  деп жиберди, ал таң калып койот ким айтып жатат. Эптеп ушундай сөздөрдү билчү эки жаштан өткөндө эле. Убакыт жылып дагы муундар алмашар, бизди деле киши билбей калар.

Түшүмдө түрктөрдүн султанынын кебетесинде, аппак селде чалынып, аппак кийимчен шариаттан кеп кылып отурду. Ойгонуп алып ойлодум тиги дүйнө бар болсо, ал кишини урматтап тосуп алгандыр. Дамир байке бала кезинен «эне» деп таенемдин жанынан чыкчу эмес. Таенеме «Манас» баштаган китептерди окуп бере турган. Таенем жөн киши эмес Жумгалга кеңири таанымал дамбылданын кызы боло турган. Ал киши 7-8 жашынан шариаттын жолуна түшүп, көзү өткүчө ислам дини деп өткөн эле. Таенемдин сөзүнүн четин угуп калдык, ал киши Үркүндү өз башы менен кечирген адам эле, балдар ачка өлүп жаткан кишилер, ачка калгыча бирдеме жалмаласын деп, кишинин этин балдарга көрсөтпөй бышырып бердик дегени эсимде. Аялдын эмчегинен башкасы жегенге болбойт экен дегени бар. Ойлонуп отуруп ушундай күндөрдү көргөн адамдар менен удаалаш жашап калганыбызды ойлойм. Согуш убагы тууралуу айтса өзүнчө башка сөз. Согуш алдында 1941-жылы июндун аягында 49 жашар Султаке каза болот. Таенемдер Кара-Кужурдун төрүндө жашаган, алар ылдый көчүп отурушат, көч токтогон жер ый. Көрсө таенем деле жаш эле элүүгө жетпей жесир калыптыр. Белин бекем түйүнүп Бейшекенин энеси дедиртип жашаган экен. Ал Жумгалга барып артынчунун артынып келгенде Бейшекенин энеси төркүлөп келиптир дешип айыл –апа, Карой баш болуп келип даам сызып кетчү экен.Таенем ак падыша Никелейдин да, Ленин, Сталиндин да, Хрущевдун да заманын көргөн. Жакшы замандарды да, жаман замандарды да көргөн. Бирок Брежневдин ал айткандан «Берешен заманды» да көрүп, эң жакшы мезгилинде 1977-жылы аркы дүйнөгө аттанды. Таенеме эзилип ыйлагандардын бири Дамир байке эле, анда ал экинчиби же үчүнчү курста окуп Бишкектен келген. Дамир байке таенемден ала турган ислам дининин бардык эрежелерин алган. Ошондуктан, эл илимий атеизмдин баткагынан чыга албай турганда эле, ислам динине берилип кире баштайт. Мен алардын үйүнө барган сайын, ал биздин үйгө келген сайын мечитке алып барып жүрдү. Бир жолу мечиттин гана сүрөтү калган, калгандары бары суу ташкынында калган сүрөттү көрсөтүп, карачы исламдын касиетин бир гана мечит аман калганын деп айтканы эсимде. Француз изилдөөчүсү Жан Жак Густо Мухаммеддин Кызыл деңизди иликтебей туруп, сууну айнек сымал нерсе бөлүп турганын, бир жагы туздуу ачуу суу, бир жагы тузу кем суу болорун, биринин жандыктары экинчисинине кирбесин айткан. Муну иликтеп жүрүп ушундай жер бар экенин далилдеп Густо ислам динин кабыл алат. Андан тышкары азыркы илимдин алы жетпей турган адамдын төрөлүү стадияларын Мухаммед куранына жазып кеткен.

Элди ишендирүүбү же башка мотивдер болдубу, көп айта турган бир икаясы бар эле. Ислам дининин шариат жолунда жүргөн бир адам болуптур, ал шариат жолунан тажап, кол шилтеп жаткан учурунда каза болуп калат. Дагы бирөө бар экен, ичкиликти кубалап ичип, шариат десе оюндай көрүп, ислам динине эч ишенчү эмес экен. Кандайдыр бир себептер менен шариатка чындап ишенип мечитке бара жаткан жолдо каза болуп калат. Бул экөөнүн кимиси шариат жолунда артыкчылык кылат деп калчу. Көрсө утуш шариатка жаңы ишенип бара жаткан адамда болот экен. Негизи таенемдин айткан кеби, таасири Дамир байкеге көп жагынан тийиптир.

1958-жылдары атам Келдибек  Койсарыда Саякбай Каралаев менен бир бөлмөдө жатып калыптыр. Саякбай жаңы келгенде ар ким чакырып, конок кылышып. “Манасын” угушчу дейт, кийин сээлдеп отуруп, бөлмөдөн чыкпай отуруп калды дечү. Ошондой күндөрдүн биринде бир “Чайка” келип токтоп Саякбайды сурап жатат дейт. Атам мен таап келем деп Саякбайды чакырып келсе, ал киши менен кучакташып көрүшүп, экөө тең жашып турушту дейт. Саякбайда салып кетип, эртеси күнү келиптир. Көрсө, ал ааламга аты чыккан казак жазуучусу Мухтар Ауэзов экен. Ал кыргыздын залкарына келиптир. Атам Дзержинский бульварында бардык ошол кездеги опол-тоодой адамдар менен эсендик сурашып турчу.

Дамирбек

Шарият жолун жолдогон,

Үйрөнүп хадис молдодон.

Жаш кезинде бир өзү,

Сельсовет элди оңдогон.

Билим берип балдарга,

Бешикке билим  бөлөгөн.

Жаш кезинде бизнес деп,

Жайкы эс алуу кезинде,

Пермди көздөй жөнөгөн.

Бир буту менен Кочкордо,

Бир буту менен Бишкекте.

Деңизи турса мухиттей,

Пенсия тийсе жакында,

Милиция болуп иштеп не?

«Замананы» тейлеген,

Эл көңүлүн ээлеген.

Эл-журтунун барына,

Эсенбаева Зарина,

Көрүнүп койот качан деп,

Теледен күтчү сагына.

Көргөндүн көзү канбас бар,

Теледебат өткөзгөн,

КТРКда Алмаз бар.

Бажырайып турганы,

Балдай таттуу Нурланы.

Ысымын алып бабанын,

Орусча окуп сабагын.

Журналист жигит Кудаяр,

Керекке эми жарагын.

Эсенбаев Келдибек Кара –Суу орто мектебинде директор болуп турганда бүтүргѳндѳр:

1975-жылы Кара-Суу орто мектебинин 10-«А» жана 10 «Б» класстарын аяктагандар:

Чуңгулова Тоту, Жапаркулова Зина, Молдобаева Зейнегүл, Шаршекеева Шайымкан, Апасова Машакан, Абытова, А, Осмонова.Б, Муканбетова, Асылбаева.К, Асанбекова.К, Сейдакматова.Ж, Шайкыева,Э, Мажикова.Г,  Кабылбекова.С, Ранова.Д, Абдыгазиева.Т, Чѳкѳнова. А, Ашымова. М, Азаркулова,Б, Дүйшекеева.З, Сакаева.К, Салбарова.А, Аманбекова.А,  Ѳмүркулова.С, Карыпбекова.А. Эсенбаев Дамирбек, Жумалиев Шалек, Шаршеналиев Жокин, Карыпбаев Тобокел, Сартов Текшер, Нурдинов Жаңыбай,  Абасов Бек, Кадыров Чоро, Абдыраев Эрток, Алиаскаров Кубан, Атаканов Тотке, Иманшапиев Казы, Токтосунов,  Жээналиев.Р, Үтиев Мурат, Султангазиев Бакин, Турусбеков. А, Чериков.Ч ж.б

Директору: Эсенбаев Келдибек, завучтар: Токталиев Кеңеш, Токтогонов Нурдин, Класс жетекчи: Керимкулов Карыпкул, Мугалимдер: Матиев Мусакан, Турганбаева Нурила, Сыдыкова Алиман, Келдибекова Шербет, Талипказиева Бүбүш, Жапанов Асанбек, Сагынбаев Асаналы, Бейшеев Шамыркан, Абдилов Апас, Бердибеков Акылбек, Токтомамбетова Зулайка, Абдрасулова Бейнаш, Сагынбаева Айнагүл ж.б.

Биз төрөлө электе Үч-Булак, Кара-Суу, Карой, Алкым, Тогуз-Булак жана башка майда айылдар болуптур. Каройдо суу жок экен, апам айтып калчу киши келип калса «карызга суу сурачубуз» деп, Каныбектин чоң апасы: «Асырбү булакка барып чайкап, мелт-калт кылып алып келген суу деп, берчү экен». Кийин бул айылдар Кара-Сууга чогулушат. Биз Кара-Суулук болуп калдык. Шаршенбек байкелер Үч-Булактан кийин 90-жылдары  бул жакка кичинекей айыл өсүп чыккан. Шаршенбек байке экөөбүз бир эле имаратта көп жылдан бери иштейт экенбиз, мурун мен отурган жерде Курман жезде отуруптур. «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» өскөндөр, улуу муундун тарбиясын алып өскөндөрбү деп ойлойм. Шаршенбек байке да ушундай адамдын катарына кирет. Анткени, ал чоң энесинин колунда бөпөлөнүп өскөн.  Угушубузча чоң энеси бир замандын кадыр-барктуу адамынын жубайы болсо керек. Биздин айылда Сейде деген аксакал бар эле.Бул киши өз кызматын төп аткарып, бир чарбаны тейлеп турган. Ушул адам Шалек байкенин чоң энесин көргөндө селт этип кетчү. Бир чарбаны чимирип турган Сейде аксакал Шалек байкенин чоң энесин көргөндө айтарга сөз таппай калчу деп угабыз. Бир гана Сейде эмес, Шарше, Мырзакмат, Молдокмат, Кожо сыяктуу Кыргызстандын тияк биягына угулуп жүргөн адамдар бул кишини сыйлачу.

Улуу муундардан тарбия алган жакшы Шайлообек Дүйшеев, Жолдошбек Зарлыкбеков сыяктуу элге белгилүү таланттар чоң энелердин колунда өскөн. Шалектин классташы Дамирди да Батма таенем өз баласындай көрөр эле.Таенем үйгө келип калганда Дамир жанына үйрүлүп, «Манас» сыяктуу алп дастандарды окуп калчу. Ал киши студент болгон соң таенем качан келет деп күтүп жүрчү. 1977-жылы 5-декабрда ал киши үзүлгөн соң Дамир байке өз балдарынан өйдө катуу кайгыга баткан. Эми алардын бири жок. Биз Шаршенбек байкени Шалек байке деп көнүп калганбыз. Мен алар студент кезинде кээде барып калганда Шалек байкени көп көрчүмүн. Булардын кимиси «А» класс, кимиси «Б» класс экенин билгенибиз жок. Шаршенбек байкенин айтуусунда Жокин байке менен Шаршенбек байке «А» класс экен.  Жолдошбек Зарлыкбеков өтө чоң акын болгон.Биз Каракойчу деп койчубуз  атасы көп сүйлөгөн адам болгон. Бир жолу Ажыбектикинен айтып жатат. Акчам жок дейт, Кочкордон берем деп бир жаман чемоданы бар, багажка салыптыр. Семиз-Белге келгенде азыр чыгам деп, дарбазага кирген бойдон ары жагынан чыгып кетип калдым, Кара -Сууну көздөй уруп жөнөдүм. Такси пипилдеткен боюнча калды деп. Дагы айтканы эсте шопур экен, артка эки киши, эки аял түшүптүр, эт-пет, дагы башка нерселерди толтура багажка салышыптыр. Кочкорго келген соң бир айылга жеткизесиң деп , айла жок жеткизип баратам. Кантип кутуулуну айласын таппай, бир кезде машина тыгылымыш болуп калды. Түшкүлө түрткүлө деп, аялдары отурат дейт. Силер да түшкүлө дептир. Алар түшөөр менен машинаны айдаган боюнча кетиптир. Эт-пет, дагы башка нерселер толтура Каракойчу байкеде калыптыр. Жолдошбек Зарлыкбеков менен көп жолукчубуз, байкеге деп бирдеме алып берип сөзүн тыңшап угар элем. Бир жолу Бишкектин борборундагы камокторду сыртка чыгара баштады, Жокин байке айтат:  «Увереный камоктун барын сыртка алып кетип жалаң «неуверенный» тиш өтпөгөн камоктор калыптыр» деп. Мен ал кишини «Бала кезде Кара -Кужурда өскөн Жокин байке Бейшенбек байкеси менен Рыбачыга барат. Жолдон  Орто-Токойду көрүп, «Ой Ысык-Көлүм жатасыңбы чалкып» деген экен» деп койчумун. Каткырып калчу. «Гуканы жетелеп жүрүп, Шербет эжекелер аркылуу чоң чөйрөгө кошулбадымбы» деп койчу.

Кубан байкенин чоң атасы Кызалак бир жагынан Эсенбайдын жакын жолдошу болсо, экинчи жагынан Эсенбай менен таяке-жээн болушкан. Эсенбай менен Миңбайдын энелери Даанаке менен Кенжеке Кызалактын атасы бир тууган болушкан. Тажыбек байке атамды «таяке» дей турган, анткени Соке апанын колунда өскөн. Өткөн кылымда Тажыбек байкени «таяке» десем, «Мен сага эмес, сен мага таяке болсуң» -дейт, «Соке апанын колунда өскөнүңүздү элдин бары эле билет. Эсенбай черткинин жээни экенин, мына сиз билбей турасыз» - дегем.Эсенбай Каройго көчүп келген соң кийин бөлөсү Миңбайды алып келет.

Кубан байкени эстегенде, бала кез эске түшөт.Ал кезде эки окуучу урушуп калса «война» деп үйүлүп калчубуз. Ал эми эки класс урушса жарданып алыстан көз салып турчубуз. Биз бала кез бир жолу катуу уруш көз алдымда элес болуп калды. Биз анда өрттөнүп кеткен мектепте түштөн кийин окучубуз, ойногонго эрте келер элек,капыстан эле чоң балдардын урушу чыгып калды. «Война» деген үн угулуп биз чуркап барып жарданып туруп калдык. «Бездельниктер» деп коюшчу мектепти бүтүргөндөр келиптир. Кыйындары Керезбек, Каныбек баш болуп келишиптир. 58-дер менен мушташа турган болуп, карап турабыз Керезбекти кейкейте тебишти, Каныбекты качыра тебишти. Калган 57-лер дыр койо качышты.  Ии, булар кыйын экен деп ойлоп калдык. Кубан байке менен жолугушканыбызды айтайын, «Кимбайке» Төлөгөн менен жүрөбүз, «Кимбайке» Төлөгөн айтат: «Байкең менен жолугушалы» деп Кубан байкеге келдик. Кубан байке менен бирге окуп, анын үстүндө анын жубайы Он Бир жылгадан «Кимбайке» Төлөгөндүн айылынан экен. Кубан байке чыкты бир кезде таанышып албайлыбы деп, мага кол сунат. «Кимбайке» Төлөгөн экөөбүз күлүп жибердик.

Шаршенбек байкенин Камчы деген иниси бар. Токсонунчу жылдары айылда жашап калды, мектепте англис тилинен берген Айнагүл деген сулуучумак келген түбү жалал-абаддык келинчеги бар эле. Менин келинчегим экөө тил табышкан жакшы кесиптештерден эле. Айнагүл келер алдында  биз мектепке келдик. Келсек карылар, жаштар деп бөлүнүп алышыптыр. Менин классташтарымдан Ажыбек, Сашка, Эсендин келинчектери мектепте иштейт экен. Биз ансыз деле бири-бирибиз менен чай ичишебиз да, ого бетер чай ичишип калдык. Бир күнү Жаңыл эжей сурайт: «Жаштар болсо бар, силерди эмне деп койсок?» деп, мен ойлонбой туруп «Биз супержаштарбыз» деп койдум. Ошол бойдон супержаштар аталып калдык. Кийин Ажыбек, Сашка, Эсендин келинчектери кетишти ордуна башкалар келди, бирок «супержаштар» деген ат унутулбай кала берди. Ошондо келгендердин бири Айнагүл болчу. Жалалабаддык Күмүш деген Мукай агайдын келинчеги. Бирок ал мугалим эмес, ага карабай кээде чогула калчубуз. Отурганда Нарын дарыясы аркылуу буларды Жалал-Абадка кантип кетиребиз деген чоң проблеманы чеччүбүз. Мен бир ирет Токсонов Камчыны китепке жазып чыгаргам, бирок өзүнө жетпей калды көрүнөт. Анткени үйдө жүрөт, качандыр бир убакта берилер убагын күтүп. «Супержаштар» болсо бүгүнкү күнү «супер карыларга» айланса керек, деги убакыттар тынбай өтүп жатат...  

Эмил Каптагаев Дамир байке менен курсташ катары гитара чертишип жүрүп,кийин бийликтин гитарасын чертип кеткен. Эмил Каптагаев кыргыз дегенде кырынан жата калган инсан. Акаевдик режимдин убагында да, бакиевдик режимдин, атамбаевдик режимдин убагында да бүк түшүп бийликтин алдына жаткан адам эмес. Ал болгонун болгондой тике айтып, бийликтин ириңин чукуп, жарып тургандыгы үчүн эски бийликтегилердин дайым кара тизмесинде жүрдү. Эмил мырза кыргызды абдан сүйгөндүктөн, эч нерседен коркпостон улуттук партия түзгөн адам. Анын партиясынын кадыр-баркы канчалык чоң болсо да, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан жок. Чындыгы президент Отунбаеванын таянган тиреги болсо, аны кантип ушундай шартта таштап кеткен туура болсун. Анын үстүндө техникалык өкмөт телчиге элек эле. Техникалык өкмөт жарым жылга чукул бийликте болду. Эң оор кырдаалдарда демократиялуу шайлоо өткөзүп тарыхта калды.. Ушул өкмөт саясаттан оолак, бир гана өз ишин билгендиктен көп жакшы нерселерди ишке ашырууга мүмкүндүк болду. Экономикада инфляцияны ооздуктап турду, тышкы саясат дагы жемиштүү болду. Дүйнөлүк «лөк» мамлекеттер менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөргө жетишти. Ушунун баардыгына Эмил Каптагаевдин ишмердигинин тиешеси бар. Азыркы заманда жакшы иштесе да көрө албайт, жаман иштесе  тебелеп кетет. Француз революциясынан соң королдун бийлигинде жүргөндөрдүн башы эшафотко кетсе, Улуу Октябрь революциясынан соң падыша үй-бүлөсү менен атылып, падыша бийлигинде жүргөндөрдүн тамтырыкайы чыккан. «Улуу март» жана «Улуу апрель» революцияларынан соң бийлик «бездерин» кесип коё турган киши жок. Же чыныгы Улуу революция кыргызда боло элекпи? Анда 2020-жылы «Улуу октябрь» революциясы болгон жокпу? Каптагаев “капут” болгон бийликке өз учурунда ачык айткан. Ал кезде  бийликтин туу чокусунда келаткан Каптагаев каптап кирген,  учурунда камактагы саясатчы Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго ачык кат жазган. Ошол үчүн анын жүзү жарык, анткени ошол бийликтин сөзүн сүйлөбөй, акыйкатты бетке айткан. Анда Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Каптагаев өзүн барымтага алуу боюнча  Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Ал Жапаров Кенжебек Жумабаев аттуу адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде абакка кесилгенин, Жумабаев жалган көрсөтмө бергени боюнча видео кайрылуу жасаганын белгилеген. Каптагаев ошондой эле Жумабаев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолгонуна карабай эркиндикке жүргөнүнө көңүл бурган. Ошондой эле ал бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароого чакырган. Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Чүй облустук соту Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн кыскартуудан баш тарткан. Анын тарапкерлери саясий куугунтук болуп жатканын айтып жүрүшүп 2020-жылдын октябрында мамлекет башына алып келишкен.

1975-жылы Эсенбаев Дамир Университеттин мехматына тапшырат анын курсташтары Эмил Каптагаев, Эмил Үмөталиев, Темирбек Акматалиевдер болгон. Кыргыздардын шоусу дүйнөлүк аренага чыккан жок деген кеп бар. Азыркы шоу ким күчтүү болсо ошол чыгат. Эмил Үмөталиев дүйнөлүк шоуну билип кыргыз элине тараткан жагынан алдына киши салбайт. Ошол себептен бекер жеринен аны 2010-жылы экономика министрине алып келген эмес. Экономиканы шоу менен көтөрүүгө болбойт, ал кездеги Эмил Үмөталиевдин экономика министри катары Орусиянын ошол кездеги премьер-министри Владимир Путинге жакканы анын экономиканы чакканын билдирет. 2010-жылы 19-ноябрда Санкт-Петербург шаарында болгон жыйында В.В.Путин:  «Кыргызстандын экономикасы талаада калат экен деп ойлогом, бирок кээ бир принципиалдуу иш жүргүзгөн министрлер Кыргызстанды көтөрүп кетти» -деп баа берген.

«Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз» - бар дейт. Саясий интригалар быкшып турганда, кыргыз элине жаӊы кереметти, кайрымдуулуктун ачкычын тартуулаган Эмил Үмөталиев «ачыла элек сандыктай»! Эмил Үмөталиевдин элеси кѳз алдыга келгенде, аны менен бирге кыргызды ааламга тааныткан аны  бирге келе жаткансыйт. Чын эле музыка десе «Kyrgyz Concept» компаниясын эстейбиз. Жакшы жасалган иштер, кээ бир адамдарды тʏйшѳлдʏрʏп, тʏн уйкусун бузат, биз Эмил Үмөталиевче кимге жакшылык кыла алдык.

Мектеп окуучуларынын сыйына жеткен Эмил мырза жаш жеткинчектерге кайрымдуулук жасап, элден чейрек кылым оозуп кеткен. Кѳпчʏлʏк кайрымдуулук эмне экенине тʏшʏнʏп, элди эмес өзүн ойлогон кайрымдуулук жаздын кʏнʏндѳгʏ, жамгырдан кийинки козу карындай жыбырап баратканда, эбак кыргыздардын мээсине кайрымдуулукту кыттай куюп жаткан   Үмөталиев окуучулар үчүн гана эмес жалпы кыргыздарга жылдыздай жарык чачып келатат. Миллиондогон кыргыз элинин ичинен, миӊдеген «ай-кашкалардын» ичинен, «жарышка тʏшчʏ буудандай» кайрымдуулук иштери элдин кубанычына татыды. Кыргыз элинин кайрымдуу инсаны Эмил Үмөталиевдин калыӊ элге арнаган иштери эл айткандай: «Ийне менен кудук казкандай!»

Эмил Үмөталиевдин алдына койгон максаты кандай, балким жаштарга кереги тийбесин:

 

1.Ишкер жана коомдук чөйрөдө клиенттердин талабын көздөө. Позитивдүү иш-аракеттердин башаты катары -клиенттердин керектөөсүн канааттандыруу.

2.Innovation – келечектин керектөөсүн жана келечекти алдын-ала көрө билүү, анан да керетөөлөрдү канааттандыра билүү.

3.Айласыз чаралардан өз күчүнө таянып чыгуу.

4.Акылга сыйарлык ишеничтүүлүк.

5.Негативдүү эмоцияларды пайда кылгыча, альтерниваны издеп табуу.

6.Контрактуу ой жүгүртүү –үтүр, чекитине чейин ойлонбой, тараптардын укук жана милдеттерин тактап үйрөнүү.

7. Себеп, байланыш издерин иликтөө.

8. Чыгымдарды эмес, инвестицияны ойлоо.

9. Эгер проблема менен келсең, өзүң проблемасың.

10. Бүгүнкү 80 %, эртеңки  100 %дан өйдө турат.

11.Глобалдуу ойлон, локалдуу ишке ашыр.

12. Өзүң бар жерде башта, эмне колуңан келсе жаса, колуңда эмне болсо пайдалан.

13. Балдарды урушпай-эркелетүү керек, жазалабаш керек –бул басынтуу, урушпай –пикирлешиш керек.

14. Тарбиялабай –кабыл алуу, түшүнүү, ишеним жаратуу, жан сезимин козгоо керек. Калганын болсо балдар өздөрү кабыл алышат.

15. Балдар өз энелеринин көздөрүнөн кайгыны көрүшпөсө бактылуу болушат.

16.Үйрөндүңбү, башкаларга үйрөт.

Ири интернет базары болгон “Амазон” компаниясына кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр  үчүн соода мүмкүнчүлүгү ачылды. Жергиликтүү ишкерлер муну ачылган чоң дарбазадай кабыл алыш керек. Ал эми кимиси кардардын суроо талабына жооп бере турган эмгегин сунуштай алары ишкерчиликтин чеберчилигине байланышкан. Интернетте соода кылууда кимдер артыкчылык алышы мүмкүн:

1)        Интернетти мыкты билүү керек;

2)        Англис тилин билгендер артыкчылыкка ээ болушат.

 “Амазон” ачып берген мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл. Аны туура колдонуп  кете алгандар үчүн дүйнөлүк соодага жеңил жана тез өтүүгө жол ачылды.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости